Тажик офицерлери Россияда билим алышат
Расмий сапар менен Тажикстанга барган РФ коргоо министри Сергей Шойгунун билдиришинче, үстүбүздөгү жылы тажик офицерлеринен түзүлгөн кошумча топ Россиянын жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.
Сапардын алкагында Сергей Шойгу тажикстандык кесиптеши Шерали Мирзо менен жолугушту.
Сергей Шойгу жолугушуу учурунда Тажикстандын куралдуу күчтөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу кабарлады.
Шойгунун пикиринде Тажикстан менен Россиянын коопсуздук жаатындагы кызматташтыгы жакшы натыйжа берет.
Сергей Шойгу Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен да жолугушту.
Жолугушуу учурунда Эмомали Рахмон: “Тажикстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, тышкы саясатыбыздын эң маанилүү багыты болуп эсептелет”, – деди
О.э. тараптар кооопсуздукту камсыздоо маселесине токтолуп, бул эң маанилүү маселе экендигине басым жасашты.
Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу Устаз Асъад Мансур Ар кандай…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү Устаз Ахмад Таий –…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…
بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…