Тажик офицерлери Россияда билим алышат

329
0

Тажик офицерлери Россияда билим алышат

 Расмий сапар менен Тажикстанга барган РФ коргоо министри Сергей Шойгунун билдиришинче, үстүбүздөгү жылы тажик офицерлеринен түзүлгөн кошумча топ Россиянын жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлады.

 Сапардын алкагында Сергей Шойгу тажикстандык кесиптеши Шерали Мирзо менен жолугушту.

Сергей Шойгу жолугушуу учурунда Тажикстандын куралдуу күчтөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу кабарлады.

Шойгунун пикиринде Тажикстан менен Россиянын коопсуздук жаатындагы кызматташтыгы жакшы натыйжа берет.

Сергей Шойгу Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен да жолугушту.

Жолугушуу учурунда Эмомали Рахмон: “Тажикстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, тышкы саясатыбыздын эң маанилүү багыты болуп эсептелет”, – деди

О.э. тараптар кооопсуздукту камсыздоо маселесине токтолуп, бул эң маанилүү маселе  экендигине басым жасашты.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here