Россия Тажикстандагы аскерий базасын жаңы куралдар менен жабдыйт
РФ коргоо министри Сергей Шойгу Душанбеге жумушчу сапар менен барды. Ал 28-майда Тажикстан жетекчилиги менен республиканын куралдуу күчтөрүн модернизациялоо жана Россиянын №201 аскерий базасы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.
“Бул маселелерди бүгүн Тажикстандын коргоо министри Мирзо Шерали менен талкуулоо пландаштырылууда”, – деп айтылат кабарда.
О.э. сапардын алкагында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуу да пландаштырылган.
Кабарда: “Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы – Тажикстанда жайгаштырылган Россия аскерий базасын жаңы үлгүдөгү куралдар менен камсыздоо жана Тажикстан армиясын модернизациялоо”, – деп айтылат.