Атамбаев КСДП төрагалыгынан кетти
Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан кетти. Анын ордуна Асел Кодуранова шайланды. Бул тууралуу партиянын маалдымат кызматы кабарлады.
Мындай чечим партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынган. “Кыргызстан Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 26-майда күчүнө киргени себептүү Атамбаев партия төрагалыгын өткөрүп берген.
Аталган мыйзамга 16-майда кол коюлган. Жаңы мыйзам боюнча экс-президент саясий иштер менен алектене албайт, саясий партияны жетектей албайт, курамында болбоого тийиш.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы Кыргызстандагы эң чоң саясий партия болуп эсептелет. Ал 1993-жылы сентябрда түзүлгөн. Партиянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Алмазбек Атамбаев. Учурда партия парламенттеги эң көп орунга ээлик кылат. Учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун талапкердиги да ушул партия тарабынан көрсөтүлгөн.
بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Көркөм эсептелүүчү хулктар Бордошун өзү менен тең көрүү жана өзүнөн…
"Коопсуз шаар" долбоору аймактарда да колдонулат Ички иштер министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорун өлкөнүн бардык аймактарына…
Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат Ливанда 17-18-сентябрда эки күн катарынан пейжер жана…
Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…