Христиан дүйнөсүндө биринчи жолу хижабдуу сенатор пайда болушу мүмкүн
Филиппин сенатына шайлоого катышып жаткан талапкерлердин арасында Самира Гуток тышкы көрүнүшү менен айырмаланып турат.
islamnews.ru сайты кабарлагандай, 44 жаштагы хижабдуу аял Филиппин сенатындагы 12 орундун бири үчүн жарышка түшкөн.
Ал оппозициялык маанайдагы 8 талапкердин арасындагы жападан-жалгыз аял болуп эсептелет.
Эгерде Самира Гуток шайлоодо утуп чыкса, ал акыркы 20 жыл ичиндеги алгачкы мусулман сенатор болот.
комментарий:
Куфр дүйнөсү байыртадан эле мусулмандардын алсыз жагы болгон аялдарга таасир өткөрүүгө умтулуп келген.
Көптөгөн аялдар дин душмандарынын айла-амалына алданып, өздөрү билбеген абалда мусулман үммөтүнүн биримдигине жик салуучу каражат болуп калышкан.
Ислам аялды азиз кылды,. Эгерде солиха болсо күйөөсүнүн дининин жарымы деди. А бирок өкүнүчтүүсү, аялдар куфр дүйнөсүнүн тузагына илинип калууда.
Мындан 5 жыл мурда 32 жаштагы Таваккул Абдул Салом Карман – «Аялдардын укугун коргоо, аялдардын коомдогу ордун таанытуу жана дүйнөнү куруу жолунда тең укуктуулукту коргогону» үчүн Нобель сыйлыгынын лауреаты болду. Мичиган университетинде сөз сүйлөгөн Таваккул айым:
«Аял киши коомдогу эң оор проблемалардын бири деген туйгуну өзүнөн алыстатышы керек. Биз аялдар, проблемалар чечими болуп кызмат кылышыбыз зарыл. Көптөгөн жылдар бою басым астында жашап келдик, мына эми өз позициябыз менен активдүү аракет кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул коом алдындагы кырызыбызды төлөөнүн бирден-бир жолу жана шек-күмөнсүз Яман мамлекетинин максаттарын көздөй умтулууга түрткү болот», – деген.
Алгачкылардан болуп Иран республикасынын жараны Ширин Ибади “Иранда демократияны өнүктүрүүгө, адам укуктарын коргоого, айрыкча аялдар жана балдардын укугун коргоого кошкон салымы үчүн” Нобель сыйлыгын алган.
Бул сыяктуу окуяларга тынымсыз күбө болуп жатабыз. Сулуулук конкурсу, ырчылар конкурсу жана спорттук мелдештерде муслима аялдарга артыкчылык берилиши таң калычтуу көрүнүш эмеспи?
Ямандагы учурдагы абал, жаш балдар жана аялдардын азаптуу абалы негедир Таваккул айым айткан сөздөргө туура келбейт жатат!
Яманда адам укугу тебеленип, аялдар кордолууда.
Жогорудагы милдет, мансап жана сыйлыктар аркылуу куфр дүйнөсү биз мусулмандарды шылдыңдап жатат.
Эй Муслима аял! Эгерде сага ушул системанын эң жогорку бутагынан орун берилсе да, бул нерсе Ислам баалуулуктарына бүтүндөй тескери. Анткени, куфр түзүмү жардамында адамзатка бактылуулук келбейт.
Алар биздин жаман абалга түшүп калышыбызды каалашат. Бизге карата түрдүү айла-малдарды ойлоп табышат. Мусулмандын ар-намысы болгон аялдарга сый көрсөтүмүш болуп, атайылап мусулман эркектердин жараатын тырмашат!
Бул жерде сөз, сиз жана мен жөнүндө болуп жатат!
Мунаввара