Залим султан алдында айтылган хак сөз
2019-жылы 21-апрель, «Ал-Жазира» телеканалы: «Судандагы Өткөөл Аскерий Кеңеш Хартумдагы бир катар мечит имамдары жана даъватчылар менен жолушуу өткөрдү».
Роя гезити:
Мына, көз алдыбызда Судандагы окуялар жана улуу козголоң, аң-сезимдүү козголоңчу жаштар турат. Баарыбыз бул жаштардын максаттарына жеткенине, 30 жылдан бери өкүм жүргүзүп, репрессиячыл саясат алып барган, ушул улуу өлкөнүн байлыктарын талап-тоногон режимди кулатканына күбө болдук. Судан жаштары арасында коомдук пикир мына ушундай абалда. Бул коомдук пикир алардын исламий баалуулуктарынан жана акыйдаларынан келип чыкты. Алар азчылык жана куралсыз болушса да, бүгүнкү кылмышкер режимдерге таптакыр моюн сунушпайт.
Кече Хизб-ут-Тахрирдин кайраттуу мүчөлөрүнүн бири, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын борбордук алакалар комитетинин төрагасы шейх Насир Риза Аскерий Кеңештин алдына чыгып, аларга Аллах Таала алдындагы жоопкерчиликтерин жүктөдү.
Насир Риза алтын тамгалар менен жазылган сөздөрдү айтып, кафирдин арамза иштерин ачып таштады. Ал киши бүгүнкү абалды өтө назик баса белгиледи. Устазыбыз: «Бул сөздөр маанилүү, чогулгандардын туйгуларын козгоп, кийин алар үйлөрүнө тарап кетүү менен жоголуп кете турган туйгулуу сөздөр эмес, анткени, кафир Батыш режимди башкарып турат, Умматты жаңы режим менен алдап, эскисине тартып жатат», – деди.
Насир Риза дагы мындай деди: «Аскерий Кеңештин мойнунда чоң аманат турат, себеби, алар кубат ээлери болушкандыктан, аткарууга милдеттүү болгон вазыйпаны шарият белгилеп берген. Шариятыбыз аларга карамүртөз жана батыл бийликти кулатууну, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде Исламды колдонуучу бир имам-халифага байъат берүүнү буйруган. Алар Аллах Субханаху ва Таала алдында бул жөнүндө шексиз жооп беришет».
Шейх Насир Риза Аскерий Кеңешти жарандык башкарууну кабыл алуудан эскертип, бул ишти Умматка тапшыруу зарылдыгын, Уммат Аллахтын шариятын аткаруучу бир имам-халифага байъат кылышын баса белгиледи. «Биздин вазыйпабыз – аскерий кеңештин башкаруусу да, жарандык башкаруу да эмес, балким, Аллахтын башкаруусун кабыл алып, Анын шариятын колдонуу», – деди ал.
Аллахым, жер жүзүндө Сенин башкарууңду тикелешибиз, Халифалык каармандарын кайра жетиштирип, Расулуллах ﷺдын башаратын өз колдорубуз менен жүзөгө чыгарышыбыз үчүн бизди Насир Ризадай эр жүрөктөр менен кубаттуу кылгын.
Роя гезити, №231, 2019-жыл, 24-апрель.