АКШ Кытай товарларына бажы алымын көбөйттү

484
0

АКШ Кытай товарларына бажы алымын көбөйттү

АКШ 10-майдан баштап Кытайдын 200 миллиард доллардык товарларына карата бажы алымын 10%- 25%га көтөрөт.

Буга чейин, АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын бир катар товарларына бажы төлөмдөрү көтөрүлүшү мүмкүн экендигин билдирген.

Ошого карабастан, Кытай ТИМинин расмий өкүлү Гэн Шуан Кытай делегациясы кезектеги соода сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн АКШга барууга даяр экендигин билдирген. 

АКШ менен Кытайдын соода сүйлөшүүлөрү 30-апрелде Пекинде болуп өткөн эле. Ал эми кезектеги сүйлөшүүлөр 8-майда Вашингтондо болуп өттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here