Халифалык – Аллахтын нусраты жана жакынкы жеңиш

400
0

Халифалык – Аллахтын нусраты жана жакынкы жеңиш

Хизб-ут-Тахрир–Фалестина маалымат бөлүмүнүн мүчөсү Халид Саид

Уммат өзүнүн кеңири жайылган аймагында бытыранды болуп кыйроо алдында жашап жатат. Умматты ар тараптан кайгы жана азап курчап алган. Кутурган иттер ар тараптан тиштеп анын бирер соо жерин калтырбады. Мына ушундай абалда мусулмандарды караңгылыктын акырында көрүнүп жаткан нурга көңүл бурмакчыбыз. Биз бул нурга жолуктурчу жолду жарык кылып берүү үчүн чырак жактык. Бул чырактын урааны «Халифалык – Аллахтын нусраты жана жакынкы жеңиш» болот. Баарыбыз Аллахтын сөзүнө бекем ишенебиз:

إِنْ يَنْصُرْكُمُ اللهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ

«Эгер, силерге Аллах нусрат берсе, эч ким силерди жеңе албайт» [3:160]

Нусрат китебинин барактары али жазылып бүтө элек. Анын ар бир тамга жана сөздөрү ыйман, Аллахка бекем ишенүү жана чырайлуу тобокел кылуу, убада-шерт, жаркын итикад, даярдык, бекемдик менен жазылат. Аллахка гана таянган Иброхим алайхиссаламга окшоого умтулгандар дагы чыгат. От Өз Жаратуучусунун буйругуна итаат кылып салкын болду:

قُلْنَا يَانَارُ كُونِي بَرْدًا وَسَلاَمًا عَلَى إِبْرَاهِيمَ

«Биз: «Эй от, Иброхим үчүн салкын жана амандык бол!», дедик» [21:69]

Нух алайхиссаламдан ибрат алууга умтулгандар дагы чыгат. Нух алайхиссалам Роббисине:

أَنِّي مَغْلُوبٌ فَانتَصِرْ

«Мен жеңилдим, Өзүң мага нусрат-жардам бер» [54:10]

деп дуа кылды. Суу ташкындап чар тарапты суу каптады. Ал эми, Нух жана аны ээрчигендер кемеде куткарылышты.

بِسْمِ اللَّهِ مَجْرَاهَا وَمُرْسَاهَا

«Анын жүрүшү да, токтошу да Аллахтын ысымы менен болот» [11:41]

Муса алайхиссаламдан үлгү алгандар дагы чыгат. Муса алайхиссаламдын Фиръавнга каршы күрөшү биз менен бүгүнкү акимдердин ортосундагы күрөшкө окшойт. Куръани Карим сүрөлөрүндө бул күрөш жөнүндө көп айтылган. Бул сүрөлөрдө биз үчүн сабактар жана ибраттар бар жана ал тууралуу Аллах Субханаху ва Таала жыйынтыктап мындай дейт:

وَنُرِيدُ أَن نَّمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ

«Биз жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды жетекчилерге айлантууну жана аларды мураскорлорго айлантууну каалайбыз» [28:5]

Эч качан унутпоо шарт болгон чындык ушул: биз – Аллахтын бул эң мыкты жана эң пакиза пайгамбарларынын алтын чынжырынын акыркы жүзүгү болгон, аларга ыйман келтирип, аларды калыс ээрчиген Ислам Умматыбыз.

إِنَّ أَوْلَى النَّاسِ بِإِبْرَاهِيمَ لَلَّذِينَ اتَّبَعُوهُ وَهَٰذَا النَّبِيُّ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَاللَّهُ وَلِيُّ الْمُؤْمِنِينَ

«Адамдардын арасында Иброхимге эң жакыны – аны ээрчигендер жана ушул Набий (Мухаммад алайхиссалам) жана муминдер. Аллах муминдердин колдоочусу» [3:68]

قَدْ كَانَتْ لَكُمْ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ فِي إِبْرَاهِيمَ وَالَّذِينَ مَعَهُ

«Силер үчүн Иброхим жана аны менен бирге болгондор ажайып үлгүлөр» [60:4]

Аллахтын таква кулдарына нусрат берүү жөнүндөгү суннаты өзгөрбөйт:

وَلَن تَجِدَ لِسُنَّةِ اللَّهِ تَبْدِيلاً

«Сен Аллахтын суннаты өзгөргөнүн эч качан таппайсың» [33:62]

Аллахтын Өз мумин кулдарына нусрат берүү жана үстөм кылуу жөнүндөгү убадасы Кыяматка чейин өзгөрбөйт:

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمْ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لاَ يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَلِكَ فَأُوْلَئِكَ هُمْ الْفَاسِقُونَ

«Аллах силерден ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдарды кылгандарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар» [24:55]

وَعْدَ اللَّهِ لَا يُخْلِفُ اللَّهُ وَعْدَهُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

«Бул Аллахтын убадасы, Аллах Өз убадасын бузбайт, бирок көпчүлүк адамдар муну билишпейт»  [30:6]

Бүгүн бүткүл адамзат туш болгон зулумдарды жана азаптарды Ислам гана чече алат. Ислам Умматты ойготууда жана адамзатты куткарууда мабда катары өз ролун аткарышы үчүн мамлекет керек. Бул мамлекет Исламды амалий колдонот. Көрүп турганыбыздай, бүткүл дүйнөдө зулум кеңири жайылды. Жакырчылык жана ачарчылык бүтүндөй бир коомдорду дээрлик набыт кылды. Батыштын ыплас цивилизациясы жана кышмыштуу түзүмү бузукулук, үй-бүлө баалуулуктары бузулушу, аялга товар сыяктуу кароо, ач көздүк, сараңдык, байлыкка гана умтулуу сыяктуу илдеттерди күчөттү. Ошол эле учурда, көптөгөн шаръий нусустар бар, алар Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарууну буйруйт, Уммат катары биригүүнү, Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарган бир халифага байъат берүүнү фарз кылат.

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ

«Жок, Роббиңе ант, алар өз ортолорунда чыккан келишпестиктерде сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча эч качан момун боло алышпайт» [4:65]

وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ

«Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын» [5:49]

وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ

«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер» [5:44]

Умар розияллоху анхунун уулу Абдуллох розияллоху анху Набий ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:

«مَنْ خَلَعَ يَدَاً مِنْ طَاعَةٍ لَقِيَ اللَّهَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ لاَ حُجَّةَ لَهُ، وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«Ким итааттан баш тартса Кыямат күнү Аллахка хужжаты жок абалда жолугат. Ким мойнунда байъаты жок абалда өлсө жахилият өлүмү менен өлүптүр». (Муслим).

Демек, булардын баарынан ушуну түшүнүүгө болот, Халифалык да, аны тикелөөгө аракет кылуу да – шаръий фарз жана бүткүл инсаният үчүн зарылдык. Аллах мусулмандарды Расулуллах ﷺдын байрагын бийик көтөрүүнү, аманатын аткарууну жана рисалатты бүткүл дүйнөгө жеткирүүнү буйруган.

كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ

«Силер адамдар үчүн чыгарылган умматтардын эң жакшысы болдуңар» [3:110]

وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطاً لِّتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ

«О.э. силерди башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн орто уммат кылдык» [2:143]

Кече эле биз кадам шилтеп, баарын таң калтырган элек. Мамлекетибиз болгон доордо амирлерибиз асманга карап: «Каалаган жериңе жаан жаадыр, баары бир силердин хирожуңар мага келет», – дечү, дагы бири: «Мусулман өлкөлөрүндө куштар ачка калыптыр» деген сөз болбосун деп тоолорго дан чачкан. Дагы бир амирибиз жардам сураган Голландияга көмөк көрсөттү, дагы бири Британиянын каршылыгына карабастан, ачкалыктан өлүм жакасында турган Ирландия элин куткарды.

Өлкө иштерин абдан камкордук менен башкарган Умар Фарук жада калса көчөдө бараткан улоо кулап туягын сындырып алса Аллахтын алдында кантип жооп берем деп корккон. Ислам цивилизациясынан бирер нерсе алуу үчүн Ислам мамлекетине дүйнөнүн түрдүү жерлеринен илим издегендер келишкен. Бул мамлекетте бир да залим мамлекет жаранына – мусулман болобу, кайрымусулман болобу – зулум кылууга батына албаган. Мамлекетибиздин казысы абдан адилеттүү жана калыс өкүмдөрдү чыгарган, жада калса алар султанды жоопко тарта алган.

Бул мамлекетте адамдардын жынысына, өңүнө, аброюна же динине карап айырмалоо жүргүзүлбөгөн. Бирер өлкөнү фатх кылып кирсек, адашкандар жана адаштыруучулар катары эмес, тескерисинче хидаят тапкан жана хидаятка жетектеген кишилер катары кирип, инсандарды караңгы акыйдалардан нур Исламга алып чыкчубуз, аларды өз жеринен кууп чыгарбайт элек жана намыстарын тебелебейт элек. Эгер, алар Исламга киришсе диндеш бурадарыбызга айланышкан, эгер, Исламга киришпесе зиммий катары калышчу, аларга зыян жеткирбөө биздин мойнубуздагы милдет болгон, аларды коргоо биз үчүн фарз болгон. Мамлекетибизде аялдар эркектердин эже-карындаштары, энеси, кызы жана жубайы эсептелген, эркектер аларды коргоо үчүн өлүмгө да даяр болушкан. Аялдар казы, мугалим, дарыгер, инженер болуп иштөөгө акылуу болгон, алар муфаккир, саясатчы, даъватты жеткирүүчү, мужахид болушкан.

Эй мусулмандар! Душмандарыңар силердин алдыңарда алсыз экенин баамдашууда, алардын цивилизациясы инсаниятты бактысыздыктан жана азаптан куткара албашын түшүнүп турушат. Алар Исламдан коркушууда, биздин кайра биригүүбүздөн кооптонуп жатышат. Ошондуктан, жүз жылдай мурун алар бизди бөлүп жарып, ыдыратышкандан кийин кайра биригүүбүзгө жол бербөө үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшап жатышат. Бул чындыкты алар бизге ашынып чабуул кылып, «терроризмди» шылтоолоп жасалма согуштарды уюштуруп жатышканынан, акимдериңерди малай катары пайдаланып жатышканынан баамдап турабыз. Андыктан, Аллахтын арканын бекем кармагыла, душмандарыңардан таптакыр коркпогула, Аллах Субханахунун убадасына бекем ишенгиле. Силерди жана бардык нерсени жараткан Зат Расулуллах ﷺга жана аны менен бирге болгондорго нусрат бергендей, силерге да нусрат берүүгө кудуреттүү. Халифалыктын кулатылганын эскерип, силерди биргеликте ушул улуу фарзды аткарууга, исламий жашоону кайрадан тургузууга чакырабыз, Расулуллах ﷺ:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», – деген башаратын жүзөгө чыгарууга чакырабыз. Бул мамлекет Роббиңердин Китебин жана Пайгамбарыңардын суннатын колдонуп, бечараларга жардам берет, дартыңарга дабаа болуп, бытыранды абалыңарга чекит коюп бириктирет, улууңарга урмат, кичүүңөргө ызат көрсөтөт, намысыңарды, мүлкүңөрдү коргойт, душманыңарды кыйратып, өлкөңөрдү азат кылат, араб же ажам болобу, ак же кара өңдүү болобу, айырмасыз, тынчтыңар да, согушуңар да бир болот, араңардагы эң таасирсиз киши коргоого алынат.

وَعْدَ اللَّهِ لَا يُخْلِفُ اللَّهُ وَعْدَهُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

«Бул Аллахтын убадасы, Аллах Өз убадасын бузбайт, бирок көпчүлүк адамдар муну билишпейт» [30:6]

Роя гезити, №228, 2019-жыл, 3апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here