Баткен шаарындагы мектепте эмдөөдөн кийин 10 бала оор абалда ооруканага түштү

467
0

Баткен шаарындагы мектепте эмдөөдөн кийин 10 бала оор абалда ооруканага түштү

Баткен шаарындагы №3-орто мектептин 5-классынын окуучуларын эмдөөдөдөн өткөргөндөн кийин 10 бала оор абалда ооруканага түшкөн.

2014-жылы Сириянын Идлиб шаарында БУУ башчылыгында эмдөөдөн өткөрүүнүн натыйжасында 100 бала өлгөнүн БУУ расмий түрдө моюнга алган.

Проблема эмдөөнүн шаръий өкүмүндө, же анын натыйжасында жүз берип жаткан пайда же зыянда эмес. Проблема – вакцина даярдап жаткан фармацевтикалык компаниялар капиталисттик идеология негизинде иш алып барып жаткандыгында! Башкача айтканда, дүйнөлүк фармацевтикалык компаниялар дүйнөдөгү адамдарга материалдык кызыкчылык назары менен карап, ал тургай, эл аралык уюмдардын таасирин өз кызыкчылыгына кызмат кылдыра алышкандыгында. Алар эл аралык уюмдар аркылуу мамлекеттерге басым өткөрүп, балдарды милдеттүү эмдөөдөн өткөрүүнү мыйзамдаштырууну талап кылышууда. Бул мыйзамдар адамзат жашоосун жакшыртуу негизинде эмес, тескерисинче, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо тармагын монополия кылып алуу негизинде кабыл алынып жатканы эч кимге сыр болбой калды. Мамлекетибиздин мисалында карасак, дээрлик бардык дарыгерлерди фармацевтикалык компаниялар сатып алган. Алар оорулууларга ошол компаниянын дары-дармектерин жазып берип жатканы үчүн ачык же жашыруун түрдө каржыланышат. Муну көрүп турган адамдардын эмдөөдөн баш тартуусу табигый көрүнүш!

 Демек, проблема (ишенбөөчүлүк) бул шектүү компанияларга болууда. Т.а. бул фармацевтикалык компаниялар эмдөөдө пайдаланылуучу вакциналарды – адамдарды ушул компаниялар чыгарып жаткан дагы башка препарат жана дары-дармектерге ылайыкташтыруу үчүн берип жатканы тууралуу шек-күмөндөр пайда болууда.

Алар адамзаттын оорулуу болушуна кызыкдар болуп туруп, эмне үчүн эмдөөдөн өткөрүүгө мажбурлашууда?! Т.а. дүйнөлүк капиталисттик фармацевтика триллиондогон дары жана препараттарды чыгарып жатышат. Алар, ал тургай азырынча жайыла элек, күтүлүп жаткан жаңы оорулар үчүн да дары-дармектерди иштеп чыгышууда.  Ошону менен бир катарда, өздөрү чыгарган препараттарга болгон негизги талапты жокко чыгаруу үчүн адамзатка эмдөөдөн өтүүнү сунуштап жатышат. Буга кандай түшүнсө болот? Бул нерсенин элде күмөн пайда кылышы табигый көрүнүш.

Мындан тышкары, эмдөөдөн өткөн балдар менен эмдөөдөн өтпөгөн балдардын инммунитетиндеги айырма да сезилип барууда. Эмдөөдөн өткөн балдарга көңүл бурсаңыз, алар ооруга тез чалдыгышат. Сирия, Афганистан сыяктуу эл аралык уюмдардан жабык өлкөлөргө көңүл бурсак, цивилизацияда учураган ооруларды ал жерлерде жолуктурбайсыз. Ушулардын бардыгы, бул вакциналар биздин балдарыбыздын саламаттыгы үчүн берилип жатканына шек-күмөн жаратат. Башкача айтканда, алар биздеги табигый мөмө-жемиштерди жок кылып, өздөрү иштеп чыккан гибрид уруктарды алууга мажбурлашканы сыяктуу эле, келечек муунду өздөрүнүн дары-дармектерине ылайыкташтырып жаткандай туюлат. Гибриддештирүү системасы адамзат үчүн канчалык зыяндуу экенин ал тургай алардын өздөрү да четке кага алышпайт. Ошого карабастан, Орто Азиядагы жашылча-жемиштердин бардыгы гибриддештирилип жатат. Балдарды эмдөө системасы да кудум жашылча-жемиштер системасы сыяктуу эле Батыш капиталисттеринин кызыкчылыгы негизине курулган механизм.

Кээ бирөөлөр “СССР учурунда биз да эмдөөдөн өткөнбүз, зыяны болгон эмес” деп айтышы мүмкүн. Бул боюнча айта кетсек, СССРдин дүйнөкарашы башкача эле. Анда мамлекет жумушчу күчүнө таянып, капиталисттик жеке кызыкчылыкка чек коюлган эле. Ошондуктан, вакциналар адамдын саламаттыгы үчүн, жумушчу күчү кубаттуу болушу үчүн иштелип чыккан.

Мындан тышкары, адал жол менен даярдалган вакциналар аркылуу эмдөөнүн өкүмү да – кудум эле дарылануунун өкүмү сыяктуу – мубах амал болуп эсептелет.

Демек, проблема эмдөө же эмдөөдөн өткөрүүдө эмес, тескерисинче, эмдөөчүнүн максатына барып такалууда!

Абдураззак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here