Британиядагы исламий окуу жайга чабуул кылынды жана Куръан барактары жыртылды
Хижрий 1440-жылы 22-ражаб, миладий 2019-жылы 29-март күнү «Ал-Жазира» сайты жарыялаган кабарда мындай делет:
«Британиянын Ньюкасл шаарындагы исламий окуу жай болжол менен эки ай ичинде эки ирет чабуулга учурады. Мусулмандарды жек көрүү сезими күчөп жаткан учурда жасалган бул чабуулда Куръан барактары жыртылды…
Алты адам медресеге бастырып кирип, терезелерди талкалашкан. Кийин, Куръан нускаларын жыртып, айланага күйүүчү зат чачып, мечитти өрттөөгө урунушкан. «Бактыга жараша, кошуналар полицияга кабар беришти», – дейт медересе башчысы имам Абдулмухит «Анадолу» агенттигине берген маегинде.
Абдулмухиттин айтымында, чабуул жасагандар өз ара «булар мусулман террорчулар» деп, мусулмандарды акаарат кылган сөздөрдү айтышкан.
Абдулмухит медресеге эки ай ичинде экинчи ирет чабуул жасалып жатканына баса белгилеп, бул мамлекеттин түндүгүндөгү жалгыз исламий медресе болгондуктан, мындан да чоңураак чабуул болушу мүмкүн деп тынчсыздануусун билдирди».
Роя гезити:
Маселе массалык өлтүрүүгө тиешелүү болгондо эки жүздүү илманий саясатчылар жана массалык маалымат каражаттары дароо «терроризмге каршы күрөш» деген жалганды айтат. Бирок, Ирак, Сирия, Мьянма, Индия жана Жаңы Зеландияда бул күрөштүн акыйкаты ачыкка чыкты. Анткени, чабуулдун курмандары мусулмандар болгондо «терроризм» деген нерсе таптакыр оозго алынбайт. Түпкүлүгүндө, ушул чабуулдарга да алардын «терроризмге каршы күрөшү» жооптуу. Алардын планына ылайык, жалгандан «терроризмге» каршы деп жатышкан бул күрөштө каза болгон мусулмандар терроризм курмандыктары болбойт, тескерисинче, «терроризмдин» үгүтчүлөрү болот! Ооба, илманий капиталисттик система бир ууч капиталисттерге бүткүл дүйнө калкынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берди. Бул мүмкүнчүлүктүн акыбети кандай болушу жана катардагы адамдар азап-кыйынчылыкта жашашы бул система үчүн маанилүү эмес.
Роя гезити, №228, 2019-жыл, 3-апрель.