Медведев: АКШ санкцияларды жокко чыгарышына ишенбеймин

352
0

Медведев: АКШ санкцияларды жокко чыгарышына ишенбеймин

Россиянын премьер-министри Димитрий Медведев “ВКонтакте” тармагын колдонуучулар менен түз байланышта болду. Маек учурунда АКШнын Россияга карата санкцияларына токтолуп, алар качандыр бир убакта жокко чыгарылышына таптакыр ишенбестигин айтты.

 “Санкциялар жокко чыгарылышы? Жок, буга ишенбеймин. Себеби, АКШ акыркы жүз жылда Россияга карата аёосуз басым өткөрүп келди. Ушундай болгон соң, санкциялар эч качан жокко чыгарылбаса керек. Негизи, мындай бир тараптуу чаралар эки өлкө ортосундагы мамилеге зыян жеткирип, коопсуздукка жана экономикалык өнүгүүгө тушоо болуп жатат”, – деди РФ премьер-министри.

 Белгилүү болгондой, АКШ менен Россиянын ортосундагы мамиле 2014-жылдан кийин начарлап кетти. Буга негизги себеп, Украинадагы саясий кризистин артынан Россиянын Крымды өзүнө кошуп алышы болду. АКШ Крым Украинага “каайтарып берилмейинче” санцияларды жокко чыгарбай турганын билдирип келет. Расмий Москва болсо буга макул эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here