Хизб-ут-Тахрир–Бангладеш вилаяты Жаңы Зеландия кыргынына каршы нааразылык демонстрацияларын уюштурду
Хизб-ут-Тахрир–Бангладеш вилаяты 2019-жылы 15-март күнү аср намазынан кийин Дакка жана Читтагонг шаарларындагы мечиттер алдында Жаңы Зеландиядагы мусулмандар кыргынына каршы нааразылык демонстрациясын өткөрүштү.
Демонстрацияларда сөз сүйлөгөн жигиттер ушуларды баса белгилешти:
«Биз Жаңы Зеландия кыргынын эч качан унутпайбыз. Шек-күмөнсүз, ал колонизатор Батыш жана анын бузгунчу маалымат каражаттары дискриминация кылуу, коркутуу жана жаманатты кылуу сыяктуу ондогон жылдардан бери мусулмандарга каршы алып барып жаткан күрөштүн табигый жана түздөн-түз натыйжасы. Алар бул күрөштү «терроризмге каршы күрөшүү» маскасы астында, түпкүлүгүндө, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү аркылуу ишке ашырып жатышат. Улам Батыштын илманий саясатчылары өз элине мусулмандарды «мокочо» кылып көрсөтүп жатышкан соң, демек, бул сыяктуу кыргындардын жүз бериши турган кеп. Бүгүнкү күндө мусулмандардын чыныгы өкүлү жок болгондуктан Батыш чабуулу алдында бүтүндөй алсыз болуп жатабыз. Бир жактан, илманий Батыш жырткыч аскерий аралашуу аркылуу Ислам өлкөлөрүндө башаламандык жаратып жаткан болсо, башка жагынан, исламга каршы маанай жергиликтүү адамдарды мусулмандарга каршы зомбулукка жасоого үндөөдө. Батышта жашаган мусулмандарды коргоо талап кылынганда бул Батыш мамлекеттери «диний эркиндикте» көөдөлөнгөн Батыш баалуулуктарына амал кылып мусулмандарды коргоп жатабыз дегенден уялышпайт. Биз буга күбө болдук. Мисалы, жума кыргыны артынан Жаңы Зеландия жетекчилери өлкөдө жашаган мусулмандарды коргоо менен көңүлдөрүн көтөрүүнүн ордуна, алардын полициясы өлкөдөгү бардык мечиттер көзөмөлгө алынат деп эскертүүдө!».
Дагы бир сүйлөөчү мындай деди:
«Бул кылмышка исламий өлкөлөрдөгү акимдер да шерик экенин унутпашыбыз керек. Себеби, исламий өлкөлөрдөгү мусулмандарды бүгүнкү бактысыз абалга алып келгендер да, ал жерлерде Батыш колонизаторлорунун аралашуусу үчүн чөйрө жаратып бергендер да – ушул саткын акимдер. Бул малай акимдердин кайдыгерлигинен улам Батыш мусулмандарды жек көрүүгө жана алардан коркууга кызыктырууда. Бүгүн бул абал Батышта дагы да күчөп барууда. Тигил рувайбиза малай акимдер Уммат проблемасын өзүлөрүнүн проблемасы катары билишпейт, тескерисинче, аларга улутчулук алкагында жана жеке кызыкчылыктарына ылайык карашат».
Роя гезити, №226, 2019-жыл 20-март.