Россия аскердик соту Хизб-ут-Тахрир жигиттерине карата кезектеги эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды
Россиянын Приволжск трибуналы 2019-жылы 13-мартта Хизб-ут-Тахрирдин Татарстандагы мүчөлөрүн эркинен ажыратуу жөнүндө өкүм кылды:
- 1977-жылы туулган Руслан Сунгатов, 22 жыл, эки жылын жеке тартиптеги абакта өтөйт;
- 1985-жылы туулган Рустам Ямалиев, 20 жыл, эки жылын жеке тартиптеги абакта өтөйт;
- 1984-жылы туулган Ильнар Зиннатов, 19 жыл, бир жарым жылын жеке тартиптеги абакта өтөйт;
- 1979-жылы туулган Мурат Туляков, бир жарым жылын жеке тартиптеги абакта өтөйт;
- 1985-жылы туулган Ирек Насиров, 18 жыл, бир жарым жылын жеке тартиптеги абакта өтөйт.
Сот бул жигиттерди айыптуу деп тапты. Сот 2003-жылы Россия жогорку соту Хизб-ут-Тахрирди террористтик уюм деп тааныган токтомуна таянды. Ал токтомго ылайык, Россиянын адилетсиз мыйзамдары боюнча Хизбге мүчө болуу кылмыш болуп эсептелет.
Ушул туурасында Хизб-ут-Тахрирдин Россиядагы басма сөз бөлүмү чыгарган билдирүүдө мындай делет:
«Соттун токтому жана өкүмү саясий. Ар бир сот жыйындарында болгондой, бул ирет да Россия Федералдык коопсуздук кызматы Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө карата ушундай өкүм чыгарууну буйруган. «Мен эмнени айтайын, акыры, сот Бешинчи атайын коопсуздук күчтөрүнүн көзөмөлүндө?!», – дейт орус адвокаты Генри Резник».
Басма сөз билдирүүсүндө мындай кошумчаланат:
«Соттун бул өкүмү Хизб-ут-Тахрир жигиттери үчүн күтүлбөгөн нерсе болгон жок. Себеби, алар Россиянын Исламга каршы душмандыгын жакшы билишет. Муну алар өкүм чыгарылышынан бир аз мурда жазышкан каты ырастап турат:
«Россия Исламга жана мусулмандарга согуш ачкан, биз анын камагында жатабыз. Биз Федералдык коопсуздук кызматы «терроризм» айыбы менен 82 жаштагы карыган аялдын үйүнө бастырып киришип, аны катуу коркутушкан, акыбетте бул аял ооруканада көз жумганын көрдүк. Челябинскте Федералдык коопсуздук кызматы бир майыпты тергөө изоляторунда узак убакыт кыйноого алышты… Кавказда мусулман жигиттер эч кандай айыпсыз өлтүрүлүүдө… Волга жээгинде мусулмандардын укугу тебеленүүдө… пенсиясынын бир бөлүгүн камактагы мусулмандарга ихсан кылмакчы болгон карыяларды Федералдык коопсуздук кызматы коркутуп опузалоодо. Эми болсо, бул Федералдык коопсуздук кызматы – кудум биз армия катарындагы кылмышкерлердей – бизди аскердик трибуналда соттоп жатышат.
Даъватты жеткирип жаткандар камактан эч качан чыкпашы үчүн алардын мөөнөтүнө дагы мөөнөттөрдү кошуп жатышканына күбө болуп турабыз. Булардын баары Аллахка даъват кылуудан жана Расулуллах ﷺдын тарыйкатына амал кылуудан баш тартуубуз үчүн жасалууда. Бирок, биз Расулуллахтын тарыйкатын тандаганбыз, үй-бүлөбүздөн жана жакындарыбыздан түбөлүк ажыратышса да, Аллахтын уруксаты менен, убадабызда бекем туруп, аларга Аллах Тааланын ушул аяты менен жооп беребиз:
فَاقْضِ مَا أَنتَ قَاضٍ إِنَّمَا تَقْضِي هَذِهِ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا
«Демек, кыла турган өкүмүңдү кыла бер, сен ушул дүйнөдө гана өкүм кыласың» [20:72]
Биз ушуну жакшы билебиз, тагуттардын заманы аяктап калды, жакында жер жүзү Роббинин нуруна бөлөнөт. Биз Аллахтын каза жана кадарына ыраазыбыз, чыныгы бакытка ушул акыйкат жол алып барат деп билебиз».
Роя гезити, №226, 2019-жыл 20-март.