Конституцияга өзгөртүү киргизүү Сисийдин өмүр бою бийликте калышын камсыздайт
Хизб-ут-Тахрир–Мисир вилаятынын басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү
Устаз Саид Фазл
2019-жылы 14-февраль күнү Мисир парламенти 2014-жылдагы конституцияга өзгөртүү киргизүүнү көпчүлүк добуш менен тастыктады. Бул өзгөртүү учурдагы президент Абдулфаттах Сисийге президенттик шайлоого катышуу жана 2034-жылга чейин президенттик кызматта калуу мүмкүнчүлүгүн берет. 2034-жылга барып конституцияга дагы өзгөртүү киргизүү мүмкүн. Мисир режимин колдогон маалымат каражаттары баса белгилегендей, учурдагы бул конституция Куръан да эмес, Куръандан алынган да эмес!
Бул конституцияга же президенттик мөөнөткө өзгөртүү киргизүү-киргизбөө биздин талкуубуз эмес. Себеби, алар батыл негиз үстүнө курулган. Адамдар алдына эки батыл вариантты коюу, аларды капиталисттик тар варианттарга чектөө туура болбойт, акылга сыйгыс. Ошол эле учурда, адамдарда үчүнчү вариант бар. Бул вариант адилеттикти, кадыр-баркты, жыргалчылыкты камсыздайт, капитализм жана анын кызматкерлери себептүү кол жуулган бардык жакшылыктарга кепил болот. Демек, негизи бар, бирок элибиздин колунда жок бул вариант – Ислам жана анын дастуру-конституциясы. Ислам дастурунун жана мамлекетинин негизи – Ислам акыйдасы жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык саясындагы башкаруу. Бул варианттан башка эч кандай вариантка орун жок. Андыктан, Уммат эмнеге бул вариантка дагы эле ээ эмес?!
Мисир парламенти өзгөртүү киргизүүгө токтом кылган бул конституция Сисийдин Мисир тактысында өмүр бою калышына, мамлекеттин бардык бийлигин жана мүмкүнчүлүктөрүн өз колунда сактап калышына жол ачат. Сисий мунун менен өз динине жана Умматына кызмат кылууну эмес, Ак үйдөгү кожоюндарына кызмат кылууну көздөп жатат. Сисий «терроризмге» (т.а. Исламга) каршы күрөшүүнү тынымсыз айтып келет жана жакында Мюнхен конференциясында «диний дискурсту реформалоого, Европаны ибадат ырасымдарынын ролун көзөмөлдөөгө чакырды» («Кудсул арабий», 17-февраль, 2019-жыл). Шек-күмөнсүз, Сисий муну менен мечиттерди назарга алып жатат, Умматты жана анын ыйык жерлерин коргогон мамлекет жок маалда ал башка диндерге тийишпестен мечиттерибизге жана мусулмандарга кол салып жатат.
Капитализм өкүмдарлыгы астында мындай конституциялык өзгөртүүлөр жаңы Фиръавнды, Ислам жана мусулмандардын душманы болгон жаңы Мустафа Кемелди чыгарууда. Өзгөчө, ал мына ушундай сыпаттарга ээ болуп, колонизатор кафир Батыштын кучагына жүгүрүп, анын каалоолорун ашыра аткарап жатат. Андан тышкары, Сисий конституция жана демократиялык принциптерди, жарандык мамлекетти коргоо вазыйпасын армияга т.а. америкачыл аскерий хунтанын жетекчисине тапшырды. Бул жетекчи Мисирди эмес, тескерисинче Америка малайларын жана капиталисттик системаны коргойт. Себеби, Мисирдин Америкага көз каранды бойдон калышынын кепилдиги да, бул көз карандылыктан чыгууга жол бербеген нерсе да – бул капиталисттик түзүм. Сисий Исламсыз көз карандылыктан чыгуу таптакыр мүмкүн эмесин, Батышты, анын пикирлерин жана маданиятын жеңүүгө кудуреттүү жалгыз альтернатива Ислам түзүмү экенин жакшы билет. Ошондуктан, ал Исламды Мисир калкынын жүрөгүнөн өчүрүп салууга аракет кылууда, жалгандарды сүйлөөдө. Мисалы, жогоруда айтылган Мюнхен конференциясында Сисий отун миллион мисирлик диний мамлекетке каршы чыкты деп жалган билдирүү берди. Мунун менен ал Мурсий башкаруусуна ишара кылууда. Негизи, Мурсийде эч бир амалий бийлик болбогон о.э. ал Ислам түзүмү менен эмес, капиталисттик түзүм менен башкарган. Андан тышкары, Мурсийдин ийгиликсиздигин капитализмдин ийгиликсиздигинин тизмесине кошуу зарыл. Мисир калкы «Ихванул Муслиминди» тандашы – эл «Ихван» ураан кылып көтөрүп чыккан Исламды тандаганы. Сисий шайланган биринчи жана экинчи турдагы шайлоолордо болсо «Ихван» көрүнгөн жок. Жада калса, режим Сисийге каршы чыныгы атаандаш чыгып калышынан коркуп адамдарга айып пул салуу менен коркутту, адамдарды чогултуп добуш берүүгө мажбурлады. Сисий малай командачылар аркылуу режимди сактап калууну кепилдесе, командачылар – мурун болгондой – өлкөнү кайра Американын чеңгелине кайтарууну кепилдешти.
Коопсуздук күчтөрү аркылуу башкарылган мындай мамлекеттен бирер нерсени күтүү мүмкүн эмес. Эч ким режим башчысынын каалоосуна тескери сөз сүйлөй албайт. Маалымат каражаттары режимдин жүзүн чырайлуу кылып көрсөткөн маалматтарды гана ачыктайт. Сисийдин өмүр бою башкаруусун талап кылган кимселерди көрдүк, кудум Мисирде андан башка адам жоктой! Негизи, биз Сисийдин өзүнө эмес, ал өкүм жүргүзүп жаткан капиталисттик түзүмгө, бул түзүмдүн конституциясына жана өзгөртүүлөрүнө карышы чыгып жатабыз. Бул түзүмгө ыраазы болуу – күнөө, ага «жок» деп добуш берүү да жаиз эмес. Себеби, мындай маскаралыкка катышууга тыюу салынган.
Кинана Мисир калкы ушуну түшүнүп алуусу зарыл, алардын чыныгы конституциясы – бул Хизб-ут-Тахрир сунуштап жаткан дастур. Бул дастур жана анын мамлекети бир гана Ислам акыйдасына негизделген. О.э. Кинана калкы ушул адилет мамлекетин тикелөөсү шарт. Анткени, Кинана калкынын абалын оңдой турган, кадыр-баркын жана жоготкон жыргал жашоосун кайра тикелей турган мамлекет – бул Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык. Андан тышкары, Халифалык мамлекети Батышка көз каранды болууга, көз карандылыктын бардык көрүнүштөрүнө жана формаларына, малайларына чекит коёт. Бул үчүн, Кинана армиясына муктаждык бар. Армия гана Батыш менен болгон алакага балта чаап, Аллахтын динине кайтып, бүткүл итаатын Аллахка берет, анын аскерий доктринасы Ислам акыйдасына негизделет, аскерлер болсо – ансарлар экинчи Акаба байъатында Аллахка жана Анын Расулуна нусрат байъатын бергендей – халифага байъат беришет. Бул байъат Аллах жана Расулуна нусрат берүү байъаты болуп, анын негизинде – Пайгамбар алайхиссалам жана ал кишинин сахабалары колдонгондой – Исламды колодонуп, бүткүл мусулман өлкөлөрүн колонизаторлордон жана алардын малайларынан азат кылып, колонизатор белгилеген жасалма чегараларды бузат. Мына ошондо бардык өлкөлөрүбүз бизге убада кылынгандай жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкта шарт болгондой бир халифа астында кайрадан башкарылат.
Аллахым, ал күндү жакындат жана Мисирди ошол күндүн башталгыч чекити кылгының, бизди болсо ал күндүн армиясы жана шахиди кылгын.
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ اسْتَجِيبُواْ لِلّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُم لِمَا يُحْيِيكُمْ وَاعْلَمُواْ أَنَّ اللّهَ يَحُولُ بَيْنَ الْمَرْءِ وَقَلْبِهِ وَأَنَّهُ إِلَيْهِ تُحْشَرُونَ
«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге даъват кылганда, аны кабыл алгыла жана билип койгула, шек-күмөнсүз, Аллах ар бир киши менен анын дилинин ортосун ээлеп турат. Албетте, Анын алдына топтолосуңар» [8:24]
Роя гезити