Кызыл деңиздин чыгыш жээги Британия үчүн кандай мааниге ээ?
Мухандис Шафик Хамис
1609-жылы Араб деңизине келген Британия деңиз аскерлери өлтүрүлүп, ал жерден куулган. Британия жүз жыл өтүп дагы ошол жайга кайтып келди, дагы жүз өтүп Кызыл деңиздин батыш тарабындагы жээкти ээлеп алды. Кызыл деңиз мурда т.а. он жетинчи кылымдын аяктарында Калзам деңизи деп аталган. Бул аталыш Мисирдин Сувайш шаарына жакын жайгашкан Калзам шаарына карата берилген. Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Британия Кызыл деңиздин чыгыш жээктерин да басып алды.
Британия «Ост-Индия» компаниясын негиздегенден баштап деңиз жолдорун көзөмөлгө алууга катуу аракет кылды. Бул үчүн Британия Гибралтар жарым аралын жана «Жакшы үмүт» тумшугун басып алды. Андан кийин Британия Франция менен биргеликте 1869-жылы Сувайш каналын казды. Мына ушинтип Британия өзү көзөмөлдөгөн Бабул Мандаб кысыгына жол ачты. Британия таажысынын бермети эсептелген Индия жолундагы Хурмуз кысыгын 1749-жылдан тарта Омандагы Бусаийдий династиясынын султандары көзөмөлдөгөн, алар Британияга жан тартышкан.
Бирок, Кызыл деңиздин эки тарабындагы исламий өлкөлөрдүн калкынын алсыздыгы жана моралдык төмөндүгүнөн улам Британияга ойлогонунан да көбүрөөк нерсеге жетишти. Британия бул жерлерди көзөмөлдөөдөн кол жууп калам деп кооптонбой калды. Британия он тогузунчу кылымдын аяктарында Мисир жана Суданды басып алгандан кийин Кызыл деңиздин батыш жээктерин жана портторун ээледи. Кызыл деңиздин чыгыш жээк жана портторуна келсек, Бабул Мандаб кысыгынан бөлүнгөн бул жерлер да Британиянын таасири астында эле. Британия Сомалидеги Тажуро жээктеринде жашаган уруу башчыларын сатып алуу аркылуу ал жерге таасирин жайды. Британияга баш ийген Абдулазиз ал-Сауд Биринчи дүйнөлүк согуш аякташы менен Жабал-Шамар амирлигиндеги Ал-Рашид династиясынын башкаруусуна чекит койду. Андан кийин Абдулазиз бардык атаандаштарын т.а. Аиз династиясын жана Ямандагы Асир амирлигиндеги Идрисий династиясын Араб жарым аралынан кууп чыкты жана араб козголоңунун рухтандыруучусу болгон Мекке башчысы Хусайн ибн Алиге чекит койду. Натыйжада, Абдулазиз Кызыл деңиздин бүткүл чыгыш жээгин ээлеп алды. Бабул Мандаб тараптагы Миди шаары гана калды, ал Яман Имамынын көзөмөлүндө эле.
Ошентип, Британия Кызыл деңиздин эки жээгиндеги исламий өлкөлөрдө өз өкүмдарлыгын бир нече жылдарга орнотту. Исламий өлкөлөрдүн калкы болсо халифасы жок болуп, өлкөлөрү бөлүштүрүлгөндүктөн, өз өлкөлөрүнүн жээктерине ээлик кыла алышпагандыктан, колонизаторлор арты-артынан өлкөлөрүн басып алып жатышкандыктан жеңилишти. Бирок, Британияннын колонизаторлугу узакка созулбады. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин регионго андан да күчтүүрөөк колонизатор АКШ кирип келип, Кызыл деңиздин эки жээгиндеги исламий өлкөлөрдү андан тартып ала баштады. Бул колонизатор ишти Кызыл деңиздин батыш жээгинен баштады. Натыйжада 1952-жылы Мисирди Британиядан тартып алып, аны ал жерден кууп чыкты. АКШ 1956-жылы Сувайш каналын алды. Британия Суданда да ушундай абалга жолукту, Абдуннасир Суданды Мисирден бөлүп жиберди. 1969-жылы Суданда Жаъфар Намирий жана 1988-жылы Умар Башир президент болду. Эфиопияда Менгисту Хайле Мариам бийликке келгенде Эфиопия АКШнын көзөмөлүнө өттү.
Америка элүүнчү жылдары иштелип чыккан Жакынкы Чыгышты коргоо долбоорун (MEDO) Кызыл деңиздеги өзүнүн коопсуздугу үчүн ишке салмак болду. Бул үчүн АКШ 1977-жылы март айында Ямандагы Таиз шаарында конференция өткөрдү. Конференцияга Яман президенти Ибрахим Хамадийден тышкары Ямандын түштүгүнөн Салам Рубая Али, Сомалиден Мухаммад Сайяд Барий, Судандан Жаъфар Намирий, Нажд жана Хижаздан өкүл катышты. Мисирден Анвар Садат катышпады, себеби ал Куддуска сапар алып, «Кнессетте» сөз сүйлөшү күтүлүп жаткан. Бирок, Британия Американын арзуусун жокко чыгаруу максатында катуу каршылык кылды жана Санъада Ибрахим Хамадийди жана Аданда Салам Рубая Алини өлтүрдү. Мына ушинтип АКШнын арзуулары кыйрады.
Яманда Али Абдуллах Салих бийликке келгенден баштап Британия Кызыл деңиздин Яман жээктерине т.а. Бабул Мандабдан Мидиге чейинки аймакка ээлик кыла баштады. Али Абдуллах Салих Хамадийди, Гашмийди жана Салам Рубая Алини өлтүрүлгөндөн кийин бийликке келди. Ал ошол доорго келип Таиз вилаятынын жээгиндеги Халид бригадасына жетекчилик кылып жаткан. Таиз аркылуу Яманга арак, наркотиктер, курал жарак жана сойкулар алып өтүлгөн.
Америка бүгүн Хусийлердин артында туруп алып Кызыл деңиздин эки жээгинде кайрадан өз өкүмдарлыгын орнотмокчу. Хусийлер 2014-жылы Хадийге каршы ыңкылап кылышты жана Бабул Мандабдан Мидиге чейинки жээктерде өкүмдарлыкты колго киргизмекчи. Британия болсо аларды Миди, Бабул Мандаб жана Хадидадан чыгарып жиберүү үчүн кошуун чогултту. Хусийлер Хадидадан башка жайларды колдон чыгарган соң, Америка алар Хадида жана анын портторунан кол жууп калышынан коркуп, гуманитардык абалды шылтоолоп согушту токтотууга урунду.
Америка 2018-жылы 12-декабрда Кызыл деңизге кайрадан өкүмдар болуу үчүн өз малайы король Салман аркылуу коопсуздукту жана өнүгүүнү бекемдөө жана эл аралык соода-сатыкты коргоо керек деп Кызыл деңиз айланасындагы мамлекеттерге кайрылды. Натыйжада, Британия Кызыл деңиз жээктериндеги өз өкүмдарлыгын сактап калуу үчүн БУУдан пайдаланды. Британия Хусийлер Хадида шаарын көзөмөлгө алгандан кийин АКШнын жээктеги таасири күчөгөнүн көрдү, бирок Хадидада Хусийлердин позициялары күчсүздөнө баштаганда, Британия бул абалдан пайдаланып кетти.
Кээ бир адамдар Британия басып алган мусулман өлкөлөрүнө жакшылык алып келет деп ойлошсо, кээ бирлери Америка жакшылык алып келет дешет. Бирок, мындай суроо берүү керек: бул экөөсүнүн күрөшү себептүү өлкөлөрүбүздө канча согуштар болду? Алардын таасир күрөшүүсү себептүү канча адамдар өлдү? Алар бизге ыплас капиталисттик хазараттын азабынан башка эч нерсе алып келишпеди го! Мусулмандар үчүн бардык колонизаторлорду Кызыл деңизден кууп чыгарып, региондо рошид Халифалыкты тикелөөнүн убагы келбедиби?
Роя гезити