Өзбекстан-АКШ саясий консультациясы болуп өттү

304
0

Өзбекстан-АКШ саясий консультациясы болуп өттү

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов башчылыгындагы делегация Ташкент шаарында өтүп жаткан Өзбекстан-АКШ саясий консультацияларынын жетинчи раундуна катышты.

Тышкы иштер министрлигин кабарына ылайык, АКШ делегациясына  АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу, элчи Элис Уэллс башчылык кылды.

Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын бүгүнкү абалы жана келечеги талкууланды. О.э.  эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашылды.

Консультациялардын акыркы раундунан кийинки доордо эки тараптуу алакалар өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлгөнү айтылды. О.э. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин 2018-жылдын май айындагы АКШга сапары жана анын ийгиликтүү жыйынтыктары, мамлекеттер ортосундагы көп кырдуу мамилелерде жаңы барак ачкандыгы айтылды. Сапардын алкагында 4,8 миллиард доллардык эки тараптуу документтерге кол коюлушу жана ишке ашырыла башташы, күз мезгилинде “Өзбекстанда-Америка бизнес жумалыгы” жана башка биргелешкен иш-чаралар өткөрүлүшү соода-экономикалык, инвестициялык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүк бар экендигин тастыктады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here