АКШ Өзбекстан менен кызматташтык бекемделишинен үмүттөнүүдө
АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия маселелери боюнча жардамчысы Элис Уэллс Өзбекстанга расмий сапар менен келет.
Мамлекеттик катчынын жардамчысы Уэллс Ташкентте Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен биргеликте АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы жылдык эки тараптуу консультацияларды өткөрүү максатында АКШ өкмөтүнүн мекемелер аралык делегациясына башчылык кылат.
Ал глобалдык жана аймактык коопсуздук, Афганистандагы тынчтык жараяны, экономикалык
жана соода келишимдери, адам укуктары жана дин эркиндиги о.э. сот реформасы, билим берүү жана
аялдардын укугу боюнча АКШ жана Өзбекстандын ортосундагы биргелешкен программаларды талкуулоо үчүн Өзбекстандын жетекчилери
менен жолугушат. Бул президент Мирзиёевдин 2018-жылдын май айындагы АКШ-Өзбекстан стратегиялык өнөктөштүгү жаатында жаңы доорду ачып берген тарыхий
сапарынан бери өткөрүлүп жаткан алгачкы эки тараптуу консультация болот.
АКШ элчиканасынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө: “АКШ Мирзиёевдин
реформаларын о.э. эки элдин ортосундагы эки тараптуу алакалардын өнүгүшүн
колдоп, Өзбекстан менен кызматташтык мындан ары да бекемделишинен үмүттөнөт”, –
деп айтылат.