Мамлекеттин эсебинен курулган үйлөр кимдерге берилүүдө?
Статистикалык маалыматтар боюнча, 1991-жылы Кыргызстандын калкы 4 миллион 422 миң адам болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 6 миллион 294 миң 587ге жеткен. Элдин саны көбөйүшү, табигый түрдө, жаңы жумуш орундарына жана негизгиси, үйгө муктаждык күчөшүнө алып барат.
Кыргызстан бийлиги 27 жылдан бери адамдарды туракжайга муктаждыгын “кандырууга” аракет кылып келе жатат. Мамлекеттин эсебинен курулган о.э. элге берилиши керек болгон үйлөр кимдерге берилүүдө?
Кыргызстан да башка күч менен башкарууга негизделген мамлекеттер сыяктуу эле, жаңы курулган үйлөрдү негизинен күч органдарынын, соттун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине берип келет. Мисалы, 2016-2017-жылдарда аскер кызматкерлери жана милиция кызматкерлери үчүн 1 852 батирден турган 52 даана көп кабаттуу үй курулду. Өткөн жылы Нарын облусунда чек арачылар жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлери үй менен камсыздалган болсо, Токмокто милиция кызматкерлери, Бишкекте болсо ӨКМ жана УКМК кызматкерлери үй алышты.
Жалпы эсепте өткөн 27 жылдын ичинде Кыргызстанда мамлекеттин эсебинен курулган үйлөрдөн
ЖАМК нын– 767, ИИМдин – 729, Коргоо министрлигинин – 554, УКМКнын – 486, ӨКМдин – 449, Чек ара кызматынын – 264, Бажы кызматынын – 121, Башкы прокуратуранын – 84, Жогорку соттун – 28 кызматкерине үй берилген.
Өкүнүчтүүсү, мамлекет “эгемендүүлүк”кө жетишкенден бери Кыргызстанда мугалим жана дарыгерлерге бир да үй берилген эмес. Мугалим, дарыгер жана социалдык тармактын өкүлдөрүнө мамлекет үй алуу үчүн жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берип келет. А бирок, айлыгы аз болгондугуна байланыштуу бул тармактын өкүлдөрү мамлекеттин мындай “жардамынан” пайдалана алышпайт.
Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн берилип жаткан туракжайлар эл төлөгөн салыктын эсебинен курулгандыктан, ал үйлөр өкмөттүн коопсуздугун камсыздоого кызмат кылуучу кызматкерлерге эле эмес, бардык муктаждарга адилеттүү бөлүнүшү керек эмес беле? Ар бир жарандын коомдо өз орду, ошону менен бирге укук жана милдеттери бар. Расмий бийлик жумушчу орундарын көбөйтүү аркылуу жумушсуздардын санын азайтуу, жумуш менен камсыздай албаган жарандарды убактылуу жөлөкпул менен камсыздоо иштери менен алектениши керек. Эл мамлекет тарабынан белгиленген өз мойнундагы милдеттерди аткарып келүүдө. Туракжай салыгы, электр энергиясы, газ, суу … сыяктуу бардык төлөмдөрдү төлөп жатат. ушундай болгон соң, расмий бийлик да элдин акысын өтөшү керек.
Аллахтын уруксаты менен жакынкы күндөрдө кайрадан тикеленүүчү Халифалык мамлекетинде ар бир адамдын негизги – жеп-ичүү, кийим-кече жана үй-жайга болгон – муктаждыктарын толук кандырууну кепилдөө жана ар бир адамдын камалий (жогорку) муктаждыктарын мүмкүн болушунча жогорку деңгээлде кандыруу мүмкүнчүлүгүн кепилдөө мамлекеттин мойнундагы важиб милдет болот. Бул нерсе, келечектеги Халифалык мамлекетинин конституция долбоорунда белгиленген.
121-берене – Адамдардын ар бири үчүн негизги муктаждыктарын толук кандыруу гарантияланышы о.э. жогорку керектөөлөрүн мүмкүн болушунча эң жогорку даражада кандыруу мүмкүнчүлүгү камсыздалышы важиб.
Абдурахман Одилов.