Америка менен Талибандын ортосундагы сүйлөшүүлөр

408
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Америка менен Талибандын ортосундагы сүйлөшүүлөр

Суроо:

Ооган талибдерине таандык булактын маалыматында Доха шаарында Талибан кыймылы менен АКШ элчиси Залмай Халилзаддын ортосундагы  алты күнгө созулган сүйлөшүүлөрдө олуттуу алга жылуулар болгону белгиленди. АКШ келишимге жетишилгенден кийин 18 ай ичинде Афганистандан аскерлерин чыгарып кетет. Бирок, Доха келишими билдирүүлөрдө гана айтылган кагаз түрүндө гана калууда, ал азыркыга чейин иш жараянына кирген жок. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы ушул жылдын 25-февралында болот дейт “Рейтер” агентиги. (2019.01.27.). Бул жерде негизги суроо ошол эле бойдон калууда.  Талибан ушунча узак жылдардан берки согуш алып баргандан кийин Американын тузагына түштүбү? Бул кандайча болду? Иш мындан ары кандай уланат? Аллах ыраазы болсун.

Жооб:

Алгач   2017.08.16. “Американын Ооганстандагы стратегиясы” боюнча чыккан суроо-жообко токтоло кетели: “Америка НАТОдогу союздаштары менен биргеликте Ооганстанда аскерий жактан жеңишке жетишүүдө ийгиликсиздике учурады. Ооганстандын көп аймактары дагы эле Талибдердин көзөмөлүндө. Ооган малай өкмөтү Талибдерге каршы америкачыл согушту алып барууда алсыздык кылып борбор Кабулду жана кээ бир аймактарды араңдан зорго көзөмөлгө алууда. Трамп Ооган жаатындагы саясатын кайрадан карап чыкты. “Бул карап чыгууда Ооган майданында аскерий аракеттерди солгундатуу жана ири тобокелчиликтерге аскерлерди колдонууну бир далай кыскартуу жагын, ошондой эле негизги багытты “ИШИМге” каршы кылып көргөзүү тараптары каралган”. “Талибандын сүйлөшүү өткөрүүгө азгырууну жеңилдетүү жаатында Пакистандын ролун ишке салуу, анткени Талибдер Америка сунуштап жаткан саясий түзүмгө шериктеш болуулары үчүн Ооган малай өкмөтү менен сүйлөшүүлөр столуна отурууларына тартуу үчүн Пакистанда аскерий жетекчиликке жаңыдан келгендер талибдер менен иш алып баруу вазыйпасын жүктөдү. Америка Ооганстанда айла-амал түгөнө баштаганын сезгенден кийин жана Индия тандоосу да банкротко учургандан кийин, Америка Талибандарды Ооганстандагы америкачыл өкмөт курамына киргизип калуу үчүн алар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ыктады. Талибандардын жетекчилерин сүйлөшүүлөргө тартуу максатында Пакистан өкмөтүндөгү малайларын пайдаланды. Ошого карабастан, Американын бул аракети ийгиликсиздикке учурады. Америка Ооганстанда аскерий да, саясий да жактан ийгиликке жете алган жок”. (цитата бүттү). Бирок, Америка бул максатына жетүүдө үмүтсүздүкө түшпөстөн аймактагы малайларына таянуу менен ишти уланта берди. Айрыкча, Америка Ооганстанда аскерий жана каражат жагынан каржылап турган учурда. Американын Ооганстанда кризиске учургандыгы төмөнкү нерселер менен айкын болот:

Биринчиден: Америка өзүндө болуп өткөн 2008-жылдагы финансылык кризистин запкысын азырга чейин тартып келет, ошондуктан анын экономикасына коркунуч жаралып каржы жагынан каржала баштады. Ал Ортонку Чыгыштагы исламий өлкөлөрдө согуш алып баруусу жети трилион долларга барабар болду жана ал анын ордуна эч нерсе ала албады. Мамбашы Трамп 2017.01.22.  Твиттерде мындай деди: “Ортоңку Чыгыштагы согушка акмакчылык менен жети триллион жумшаганыбыздан кийин өз өлкөбүздү куруу үчүн кайтуу убактысы келди”. 2016.01.09. “ВВС” Америка Forbes журналынан алып берген маалыматында: “Америка Ооганстандагы согушта бир триллион 70 миллион доллар сарптады, буга кошумча 2400 аскери курман болду. Он миңдегендери ар түрдүү майыптык даражада жарадар болду. Бирок, ушунча чоң жоготууга карабастан, Америка Талибан кыймылынын үстүнөн ийгилике жетише албады”.

Экинчиден: Америка талибан кыймылынын үстүнөн аскерий жактан жеңишке жетише албагандан кийин, Ооганстандагы согуштан чыгып кетүүдө жеңилген тарап катары түр жаратпастан жеңген да, жеңилген да болбой турган абалдагы, сүйлөшүү абалы менен чыгып кетүү үчүн Талибан кыймылын сүйлөшүүлөргө тартууну алдындагы бирден бир тандоо катары көрдү. Ушул тандоо Американын Ооганстан жаатындагы ишке ашырыла турган негизги стратегия болду. Бул тандоонун иш жараяны алкагында 2018.09.05. Америка Мамлекеттик департаменти Залмай Халилзадды Ооганстандагы атайын ыйгарым укукту өкүлү кылып дайындап, бул план боюнча конкреттүү тапшырма берди. “Мамдепартаментин мурунку билдирүүсүнүн корутундусунда, Америка Халилзадга “Талибанды” сүйлөшүү столуна отургузуу аракети кепилдигин камсыздоо жаатында конкреттүү иш алып баруу тапшырмасын берди”. (“Анадолу” агентиги, 2018.01.12.). Ошондуктан, Америка бир гана ушул тандоонун артынан иш алып бара баштады. Ал тандоо Талибан кыймылын сүйлөшүүлөргө тартуу жана сүйлөшүү столуна отуруусу үчүн аларга кысым өткөрүү. Мына ушул Американын Ооганстандан чыгып кетүүдөгү өзүнө ылайыктуу көрүп жаткан жолу, бул жаңы пайда боло калган жол эмес.  Америка алгач Талибан менен Ооган режими ортосунда сүйлөшүү өткөрүүгө урунду, бирок ал ийгиликсиздикке учурады. Мына ушундайча  Талибан четке кагып келе жаткан Талибан менен Ооган режими ортосундагы сүйлөшүү жараяны Америка менен Талибан ортосунда  сүйлөшүү өткөрүү жараянына көчтү. Анткени, Талибан кыймылы колунан кан тамган Ооган режими Америка колунда деп билген. Кийин Ооган режимин Америка негиздегендигине карабастан, Америка менен сүйлөшүү өткөрүүгө макул болду!

Үчүнчүдөн: эске сала кетчү нерсе, Америка Талибанды тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышууга канааттануулары үчүн өзүнүн ыплас жолунун негизинде Ооганстандын ичиндеги жана анын айланасындагы малай тарапкерлеринин колу менен буга ылайыктуу кырдаалды пайда кылды. 

  1. Америка абадан бомбалоону Талибандардын базаларына каратты, айрыкча сүйлөшүүлөрдү четке кагып жаткан тараптарга карата өзгөчө: “Америка жооптуулары АКШ алтынчы күнү кечинде, учкучу жок учактар менен Талибан кыймылынын лидери Ахтар Мансурга каршы абадан сокку ургандыгын билдирди… Америка коргоо министирлиги “Пентагон” Ахтар Мансур “Талибан менен Ооган өкмөтү ортосунда тынчтык келишимине жетишүүдө тоскоолдук жаратып” жаткан тарап катары сыпаттады”. (“Дуня Ватан”, 2016.05.22.). Башкача айтканда, абадан бутага алуу сүйлөшүүлөрдү четке кагып жаткандарга каратылды. Бул жараян Обама админстирациясы учурунда орун алган эле. Америка бул жактамадагы иш аракеттин Трамптын учурунда да улантып келди. “НАТОнун “бекем колдоо” иш-чарасы боюнча өкүлү үчүнчү күнү кечинде басма сөз жыйынында мындай деди:  22-июлда Таджаб аймагында Ооган атайын күчтөрүн колдоо максатында Американын абадан сокку уруусунун натыйжасында Каписа аймагындагы эки Талибан лидери жок кылынды”. (“Россия сегодня”, 2018.07.25.). Ушуга эле тектеш башка окуя болду, анда да Талибан кыймылынын башка башчылары жок кылынды. “Американын  Ооганстандагы куралдуу күчтөрүнүн басма сөз катчысы полковник Дейв Батлер мындай деди: “Кече кечинде Америка учактары тарабынан абадан урулган сокку натыйжасында Молдо Манан каза тапканын тастыктай алабыз”. Ал дагы кошумчалап: “Биз саясий чечимге жетүүгө аракет кылып жатабыз” деди”.  (“CNN Arabic”, 2018.12.02.).
  2. Иран Талибанга колун созду. Талибан аны “Америка менен душмандашып” жаткан өлкө деп ойлоду жана анын кээ бир жетекчилери ага ыктай баштады. Алар өздөрүнүн лидери Молдо Ахтар Мансурдун өлүмүндө Ирандын колу бар экендигинен да ибрат алышпады. Молдо Мансур Ирандын чек арасында Иран-Америка ымалага келишүүсү негизинде  өлтүрүлгөн эле. Талибан болсо дагы эле Иранга ишеним артып жатат… Иран Талибанды жалаң гана Америка саясий чечимине карай түртүп жатат. “Расмий Иран дем алыш күнү кечинде мындай деди: Ооган Талибандарынын өкүлдөрү Тегеранда Иран жооптуулары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал жыйында расмий Тегеран башка исламий жамааттарды ооздукдоо үчүн кошуна мамлекеттер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү демилгеледи. Иран ТИМи Бахрам Касими  биринчи күнү Иран менен Талибандын сүйлөшүүсү Ооган мамбашы Ашраф Ганин кабардар болуусу менен жана сүйлөшүү Ооган өкмөтү менен Талибандын ортосунда сүйлөшүүлөрдү калыптандырууга багыталгандыгын билдирди”. (“Евроньюс”, 2018.12.31.).
  3. Катар Дохада Талибан үчүн кеңсе ачып берди. Талибан Катардын мындай колдоого алуусу аны күчтөйт деп түшүндү. Бирок, Катар ачык эле бул кеңсенин ачылышы Америка Талибан сүйлөшүү жараянын калыпка салуу үчүн кылынгандыгын жарыялады. Катар аны “блокада” кылып жаткан өлкөлөр менен кризис учурунда мындай деди: “Борбордук чалгындоо кызматынын мурунку директору Девид Петреус Дохада Хамас менен Талибдердин жоолугушуусу Америка талабы менен болгондугун жеткиликтүү айтты. Бул нерсе Катардын эч нерсени парда артында жашырбастан, ачык-айкын кылгандыгын тастыктап турат. Ошондой эле, Талибан менен Хамастын Доха шаарында жоолугушуусу Палестина жана Талибан көйгөйүнөн чыгуу үчүн Америка талабы менен болгондугун да көргөзүп турат”. (“Ал-Шарк Ал-Катар”, 2017.07.04.). Катар Талибанга карата аны колдоп моюнга ала тургандай түр жаратты. Акыры ал бул тузакка түштү… Катарды “курчоого” алып жаткан мамлекеттер Катарга карата каарын төгө башташканда Катар өз бийлигин сактап бериши үчүн  Трамптын админстрациясына кайрылып бийлигин сактап берсе каржы жагын көбөйтөрүн да билдирди жана көбөйтү. Катар негизинен Ангилияга малай. Катар Трамп админстрациясы ага карата Саудия коркунучун жеңилдетүү үмүтүндө Талибанды сүйлөшүүгө тартуу үчүн Америка жолунда жүрүүсүн улантты… Мына ушундайча Америка талибанды тынчтык сүйлөшүүлөрүнө тартуу кызматын Булуң мамлекетчелери ортосунда жарышка түшө турган маселе катары койду. Эмират Катар менен ат салышып сүйлөшүүлөрдү Абу-Даби шаарында өткөрүүгө аракет кылды. Саудия болсо Жидда шаарына тартууга аракет кылды. “Рейтер” кабар агентигинин маалыматында, сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Талибандын атын атабаган аскерий жетекчисинин билдирүүсүн чыгарды: “Акыйкатта Саудия менен Катардын ортосундага карама-каршылык тынчтык сүйлөшүүлөрүн иштен чыгарды”. Ал дагы кошумчалап: “Ок атышууну токтотуу үчүн Саудия бизге бекерден эле кысым кылып жатат”, – деди”. (“Спутник Россия”, 2019.01.14.). Ушундай карама-каршылыктар кырдаалы ортосунда Талибан кыймылы өзүн Булуңдун үч жактуу арканына байланып калганын көрдү. Анда карама-каршылыктар, бирок бир тарапты көздөй багытталган кырдаалда калды. Бир тарап болсо, Талибан Америка менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү. Саудиядагы Америка малайлары жана Эмират менен Катардагы Британия малайлары менен биргеликте Американын ыраазылыгын табуу үчүн ага кызмат кылууда ат салышты. Бирок, мындай батыл үчүн ат салышуу алкагында Талибан Американын саясий чечими үчүн суйлөшүү тузагына түшүп бара жатат. Британия Катардын бийлиги сакталып калышы үчүн анын Америка жолунда жүрүүсүнө каршылык билдирген жок. Ал эми, Эмиратты  Британия башка максат үчүн Америка малайлары менен биргеликте алдыңкы сапка койду.
  4. Ал эми, Талибан Пакистанды тең салмактуу сактоочу катары карайт. Пакистан армиясы Пакистан талибдерине каршы баштаган катуу салгылашуулардан баш тарткандан баштап Пакистан менен Талибдердин ортосунда жакындашуу кырдаалы жакшыра баштады жана алардын ортосундагы байланыштар да күчөдү. 2018.07.25. Пакистан өкмөт башчылыгына Имран Хандын келиши жана анын билдирүүлөрүндө Ооган талиптери менен жакындашуу көрүнүп турат. Америка сүйлөшүүлөр тузагына түшүп калууну билдирбеген Талибандын ишенимине кире турган кырдаалдарды жаратууну дагы да күчөттү. Талибан ушундайча тузакка түштү “же өзүн ага түшүрдү”, ал бир ийинден эки жолу чактырып жатат, жалаң гана Америка саясатын ишке ашырган Пакистан өкмөтүнүн  ийини. Ал 1996-жылы Талипдердин Ооганстанда бийлик орнотушу үчүн колдоого алган. Кийин кичүү Буштун мезгилинде 2001-жылкы чабуулдарда жана андан кийин аны жардамсыз таштап койду. Жада калса, Пакистандын ичиндеги талиптерди да Америка саясаты негизинде куугунтукка алууда Америкага шериктеш болду… Эми болсо Америка Ооганстанда аскерий жактан Талибандарды жеңе албаган соң көйгөйдү чечүүнүн жалгыз жолу катары жана Ооганстанда таасирин сактап калуу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө кайтууга токтом кылды. Исламабад болсо Талибан кыймылы менен болгон мурунку көпүрөсүн кайрадан кура баштады. Бирок, бир максатта, ал Американын жаңы стратегиясын ишке ашыруу жана анын Ооганстандагы таасирин сактап калуу болуп саналат. Талибан болсо  иштин ачык-айкын болуп турганына карабастан, ошол эле ийинге кайрадан түшүп жатат! “Пакистан өкмөт башы Имран Хан биринчи күнү, Америка мамбашы Трамп Ооганстанда тынчтыкты орнотууда жардамдашууну талап кылгандыгын билдирди. Пакистандын “Geo TV” каналы Хандын сөзүн чагылдырды: “Мурда күнү Америка мамбашынын катын алдым. Анда Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүдө роль ойноп берүүнү Пакистандан талап кылды жана Талибанды сүйлөшүү столуна тартууга жардамдашууга чакырды”. (“Спутник Россия”, 2018.12.03.). Андан эки күндөн кийин Пакистан Ооганстанда Америка планы негизинде жүрүүсүн баса белгилөө алкагында Пакистан өкмөт башы Исламабадда Американын ыйгарым укуктуу өкүлү Халилзаад менен  жоолугушту. “Имран мындай деди: “Пакистан Ооган тынчтык келишимине жетүү  үчүн саясий жөнгө салууну каалайт”. (“Masrawy” 2018.12.05.). Экинчи күнү Имран Хан баса белгилеп: “Пакистан Ооганстанда тынчтыкты калыбына келтирүү жараянын ишке ашырууда бар мүмкүнчулүгүн жумшайт. Пакистан акыркы учурдагы Абу Дабиде Америка Талибан сүйлөшүүлөрү диалогуна катышкандыгына да ишаара кылды”. (“Явму Саабиг”, 2018.12.18.). Имран 2018.11.19. өзүнүн Твиттердеги баракчасына Пакистанын Америка кызматын кылып берип жаткандыгын актап мындай деди: “Пакистан тероризмге каршы күрөшүүдө Америка менен шериктеш болууну тандап алган. Бул согушта Пакистан 75 миң курбанчылык берүүгө дуушар болду. Эконимикалык жактан 123 миллиард доллар чыгымга учурады. Анын ичинен Американын жардамы 20 миллиард доллар өлчөмүндө гана болду…”. Пакистандын мурунку коргоо министири Хаваджа Асиф 2018.11.19. Твиттердеги баракчасына Пакистан өкмөтүнүн кыянатычылдыгын белгилеп. Ал деле алардын бири эле, ал мындай деди: “Пакистан дагы эле биздин согуш эмес болгон Америка согушу үчүн өз канын төгүүдө. Америка кызыкчылыгы үчүн өз динибиздин баалулуктарын садага чаптык. Сабырдуу духубузду талкаладык. Сабырдуулуктан ордуна караөзгөйлүктү алмаштырып алдык”. Мындан өткөн да айдан-ачык айтылган сөз жок. Пакистан өзүнүн эмес, бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн согушка башын тыкты. Америка кызыкчылыгы үчүн мусулман балдарынын канын төгүлүшүнө забын болду. Америка кызыкчылыгына кызмат кылууда Ислам динин баалуулуктарын садага чапты. Пакистандын Ооганстандагы ролу Түркия жана анын мамбашы Эрдогандын Сириядагы ролуна окшош. Эрдоган Америка аны канча кордогонун карабастан, Сириядагы куралдуу жамааттарды Америка саясий чечимине макул болуулары үчүн аларга карата кысым өткөрүп жатат.
  5. Мына ушул нерсе Ооганстан ичиндеги жергиликтүү кырдаал. Талибанды саясий чечимге жетүү үчүн сүйлөшүүлөргө тартуу алкагында    Америка колдонуп жаткан аймактагы Америка малайлары жана ага малай эместердин да аракети ушундай негизде кетип жатат. Талибан кайда карабасын, Пакистанды, же Иранды, же Катарды, же Эмиратты карабасын, айырмасыз, Ооганстанда Америка таасирин сактап калуу максатында Америка сүйлөшүү жолуна багыттап жаткандыктарына тушугуп жатат! Бирок, Талибан тереңдеп пикирлесе, Америка аларды өзү менен сүйлөшүү столуна отургузуу алкагында аларды канаатандыруу үчүн жергиликтүү малайларына канчалык бар күчүн жумшап, аргасыздан өз  малайларына кысым өткөрүүгө мажбур болуп жаткандыгын аңдайт эле. Эгер, алар пикирлесе, 17 жылдан бери Талибандандын баатырдык менен ага каршы жихад кылып, аскерий да, экономикалык жактан да Американы сазга батырганын көрөт эле. Эгер, алар пикирлешсе, Америка адатынча өзүнө каршы чыккандын баарын террорчу атап, аларды да тээ бир мезгилде террористер деп, эми аларды сүйлөшүү столуна отургузуу үчүн канчалык бар күчүн жумшоого аргасыз болуп жаткандыгын жакындан билишет эле. Ушулардын баардыгына пикир жүргүзүшсө, Америка Ооганстанда расмий эмес түрдө жеңилгендигинин акыйкатын көрүшмөк. Америка бул жеңилүүнүн соккусу тийип, ири держава бир Талибандан жеңилди деген аталыш менен шермендеси чыккычакты чыгып кетүүнү каалап жатат. Мына ушул нерсе пайдаланып калуу ваажиб. Талибан Америкага сүйлөшүү эс алуусун бербестен, кордолгон жеңилген абалды чыгып кетүүсүнө басым кылышы лаазым. Америкага жанма жан жүрүү эч качан аманчылык алып келбейт. Аллах айтат:

“Алар (мушриктер) эч бир момунду жана убада шерти лаазым тутушпайт (силерге үстөм келсе силерди эч качан аяшпайт) алар чектен ашуучулар” [9:10]

Америка  сүйлөшүүлөр арасында болсо да Талибандын эпке келип чегинүүлөргө баруусуна ыраазы болбойт, ал өзүнүн атайын ыйгарым укуктуу өкүлү Талибандын бетине жылмайып турса дагы, ал бир гана  Ооганстанда өзүнүн таасирин сактап калууга гана ыраазы болот. Алардын ичинде сактаган караөзгөйлүктөрү андан үлкөн!!!

  • Булардын баардыгынан да кейиштүүсү, Дохадагы алты күнгө созулган сүйлөшүүлөр Талибандын катышуусу менен өтүп жаткандыгы болду:

А. “Талибандын” жетекчиси Вахид Муджда мындай деди: “Эки тарап чет элдик куралдуу күчтөрдү чыгаруу боюнча өз ара түшүнүшө алды. Ооганстан дүйнөнүн кайсы бурчуна болбосун, ага коркунуч жаратпашы боюнча да өз ара түшүнүшө алышты”.  Ал дагы ачыктап: “Талибан эл аралык тараптын коргоосу менен сунушталып жаткан тынчтык жараянын колдонуу кепилдигине аракет кылып жатат”, – деди. Ал дагы кошумчалап: “Техникалык маселелердин жана келишимди даярдоо ишине  байланыштуу Доха келишим аягына чыга элек”, – деди. (“Анадолу” агентиги, 2019.01.26.).

Б. “Рейтер” агентигинин 2019.01.26. Талибан жооптууларынан алып берген маалыматында: “Келишимди аягына чыгаруу кепилдиги үчүн алар Вашингтон менен кээ бир беренелер боюнча келишишти. Бул беренелерде Ооганстандан 18 айдын ичинде чет элдик күчтөрдү чыгарып кетүү баса белгиленген. Келишимге кол коюлгандан баштап Талибан кыймылы башка Ал-Каида же ИШИМ сыяктуу жамааттар Ооган аймагын Америкага каршы колдонушуна жол бербештикти өз кепилдигине алуусу шарт”. Беренелерде көрүнүп тургандай, Ал-Каида же ИШИМ сыяктуу жамааттарга Ооганстанда орун жок. Америка Талибанга бийликтен бир үлүш берип, анын ордуна башка жамааттардын Ооганстанда орун алышына жол бербеш кепилдигин андан талап кылууну максат кылды. Америка Талибанды ушул максатта колдонууну эп көрдү.

7. Ошондой эле Талибандын жооптуулары берген билдирүүгө үндөш билдирүүлөрдү Америка жооптуулары да  берди:

А. “Американын атайын ыйгарым укуктуу өкүлү Халилзаад Катарда алты күнгө созулган Талибан менен болгон жолугушуудан кийин Твиттердеги баракчасына мындай деди:  “Бул жолугушу мурдагыларга караганда кыйла жемиштүү болду. Биз маанилүү маселелерде олуттуу жетишкендиктерге жетиштик”. (“Deutche Fillet Arabic”, 2019.01.26.).

Б. Америка коргоо министири Патрик Чанахан 2019.01.28. Талибдер менен болгон жолугушуу тууралуу мындай деди: “Мен айтайын дегеним, жыйынтык көңүл толоорлук болду”. (“Free American”, 2019.01.28.).

8. Ушундай жол менен Доха келишими бекем эсептелген Талибандын дубалын бузуп киргендиги болуп калды. Кийин малай өкмөт ийкемдүүлүк  кыла баштады. Талибандын Кабулдагы өкмөт менен сүйлөшүүлөргө эч качан барбайбыз деген эскичил билдирүүлөрүнө карабастан жана Американын келишим бардык нерсени камтыш керек же болбосо анын кереги жок деген билдирүүлөрү. Америка малайлары тарабынан зор күч жумшалган Доха келишими негизинде тараптардын башка сүйлөшүүлөрдү да өктөрүүгө болгон умтулуулары. Ошондуктан, Америка 17 жылдан кийин Ооганстан согушунда сазга батып калган тунелинен чыга турган нурду көрө баштады. Ушулардын баардыгына каршысына Талибандын ичиндеги  ыкластуулар агымы бул келишимди иштен чыгарып Америка Ооган согушунан аманчылыкта чыгып кетүү жолу катары көрүп жаткан нурду  өчүрүп салуулары лаазым.

9. Ошондуктан, Талибан кыймылы жана НАТО, Америка крестүүлөрүнө  каршы согуш алып барып жаткан баардык мужаахиддер, Америка жана аны ээрчиген баардык малай өкмөтөргө карата эч кандай чегинүүлөргө барбоолору ваажиб. Эч кандай сүйлөшүүлөргө барбастан, Америка кор болгон абалды чыгып кетүүсүн мажбур кылуу лаазым. Согуш сабыр сынала турган учур. Америка эч качан сүйлөшүүлөргө баш урбайт, ал бир гана мужаахиддердин сабырын сындырууга күчү жетпей калган учурда гана сүйлөшүүлөргө баш урат. Америка жана Батыш адатынча башкаларга согуш аркылуу күчү жетпесе, аларды сүйлөшүүлөр аркылуу чегинүүлөргө алып бара турган тузагына түшүп калбагыла. Башкача айтканда, каршылаш тарапты эч кан төкпөстөн жана каржы жумшабастан жеңилүүгө дуушар кыла турган тузакка түшүрүү! Бул прагматизм саясий түшүнүктөрүнө ылайык болот… Америка Ооган элинин он миңдегендерин майып кылып, миллиондорун качкын кылып, бир канча миңдегендерин өлтүрүп өлкөнү талкалап чыгып кетүүгө кам уруп жатат. Ошондуктан, ал жазасыз калбай жазаланууга тийиш. Анын Ооганстандагы кылмыштары жана кыргыны мурдагы СССРдин кылмышынан эки эселеп ашып түшөт. СССРди сындырып кор кылып кууп чыккандай эле, эгер Талибан  кыймылы сабыр кылып, Америкага каршы согушуна бекем турса  Америкага СССРдин тагдырын кийгизип койуу толук мүмкүн иш. Аллах душманына караганда аз болушуна карабастан сабыр кылып бекем туруучуларга нусратты убада кылган. Аллах айтат:

“Аллахка жоолугууну үмүт арткандар айтышты канчалаган аз жамааттар Аллахтын жардамы менен көп жамааттардын үстүнөн жеңишке жетишкен. Аллах сабырдуулар менен бирге”                                                                                                                           [2:249]

Ооган малай өкмөтү менен шериктеш иштөөнү кабыл албоо лаазым.  Тескерисинче, аны кулатып Пайгамбар A:

ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ

“Кийин  Пайгамбарлык туура жолдогу Халифалык болот” деп куш кабар кылган туура жолдогу Халифалыкты тикелөө менен Ислам өкүмүн орнотуу зарыл. Аллах Таала айтат:

“Ушундай (ишке) амал кылуучулуар амал кылышсын” [37:61]

1-жумаадил-ахир, 1440-х.

2-февраль, 2019-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here