410
0

Гуайдо алгачкы “президенттик” буйрукка кол койду

 Өзүн Венесуэланын президенти деп жарыя кылган Хуан Гуайдо биринчи буйругун чыгарды. Документтин тексти Twitter᾽де жайгаштырылды. Бул тууралуу “Sputnik” кабарлаган.

Гуайдо алгачкы буйругу менен мамлекетке гуманитардык жардам жеткирүүгө уруксат берди.

О.э. Гуайдо бул буйругу менен Мадуронун Бразилия менен кургактыктагы чек арасын жабуу жөнүндөгү буйругун жокко чыгарган. Аруба, Бонэйра жана Кюрасао аралдарындагы мамлекеттер менен мамилени күчүндө калтырып, анын өкмөтү тарапка өтүүчү аскерлерге кепилдик берилишин тастыктаган.

Николас Мадуро өкмөтү 23-февралдан башталышы пландаштырылган гуманитардык жардамды алууга каршы чыгууда. Президенттин өзү мамлекетте кризис башталганын четке кагып, Бразилия менен чек араны жапты. О.э. Колумбияга гуманитардык жардам жеткирмекчи экендигин билдирди.

Парламент спикери, оппозиционер Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент деп жарыялады. АКШ жана башка бир катар мамлекеттер Гуайдонун президенттигин таанышты. Россия, Кытай жана башка мамлекеттер болсо Мадурону колдоону улантып жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here