Эл аралык тил бириктирүүлөрдүн бетин ачуу – шаръий милдет

359
0

Эл аралык тил бириктирүүлөрдүн бетин ачуу – шаръий милдет

Эл аралык тил бириктирүүлөрдү, пландарды – изилдөө саясий жетекчи болууну жана Умматтын иши менен алектенүүнү каалагандардын эң негизги аракети болушу керек. Эгер, саясатчылар душман мамлекеттердин пландарын ачыкка чыгаруу менен алектенишпесе, анда алардын ишмердигинин эч кандай мааниси жок жана бул алектенүүгө татыктуу маани берилбесе, анда мамлекеттин келечеги жок.

Ислам мусулмандарды бул багытта саясий аракет алып барууну милдеттендирген. Аллах Таала айтат:

وَإِذَا جَاءَهُمْ أَمْرٌ مِنَ الْأَمْنِ أَوْ الْخَوْفِ أَذَاعُوا بِهِ وَلَوْ رَدُّوهُ إِلَى الرَّسُولِ وَإِلَى أُوْلِي الْأَمْرِ مِنْهُمْ لَعَلِمَهُ الَّذِينَ يَسْتَنْبِطُونَهُ مِنْهُمْ وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَتُهُ لَاتَّبَعْتُمْ الشَّيْطَانَ إِلَّا قَلِيلًا

«Качан аларга тынчтык же коркунуч кабары келсе, аны жайып жиберишет. Эгер, пайгамбарга жана өздөрүнөн чыккан башчыларга жеткиришкенде, аны билмекчи болгон кишилер ошолордон билишмек. Эгер, силерге Аллахтын фазилети жана рахматы болбогондо айрым адамдардан тышкары баарыңар шайтанды ээрчип кетээр элеңер»                     [4:83]

Коопсуздук маселеси душманга каршы күрөшүүгө, жеңишке аракет кылууга жана жеңилүүгө жол бербөөгө байланыштуу. Бул болсо изилдөөнү жана анализди т.а. мамлекеттин жана Умматтын жыргалчылыгы үчүн колдонула турган атайын жөндөмдү талап кылат. «Аны билмекчи болгон кишилер ошолордон билишмек» аятынын тафсиринде ат-Табари мындай дейт: «Кабарларды талдай алган кишилер». О.э. ат-Табари ал кишилерди «динде жана көрөгөчтүктө алдыңкылар» деп атаган.

Ислам дүйнөгө көз чаптырууга зарыл болгон көз карашты белгилеген. Бул көз караш – исламий акыйда. О.э. Ислам негизги душмандарды аныктоо, аларга каршы күрөшүү жана аларды жеңүү ыкмаларына байланышкан аракеттин негизи болгон көз карашты белгиледи.

Биздин көз карашыбыз – бул акыйда, идеология жана Исламды жаюу. Ал эми, улутчулдук же мекенчилдик сыяктуу бардык көз караштар саясий бүлүнүүнү гана түшүндүрөт жана ири колонизатор державалар алдында багынып берүүгө гана алып барат. Бул нерсе учурдагы мусулман өлкөлөрүндөгү режимдерде аз тастыгын табууда.

Бекем исламий пикирий-саясий концепцияга негизделген идеологиялык көз караш глобалдуу болгондуктан, бул акыйданы кармангандар жана Ислам даъватын бүткүл дүйнөгө жеткирүүнү каалагандар үчүн эл аралык пландарды изилдөө жана алардын бетин ачуу зарыл. Себеби, важибге алып баруучу нерсе да важиб.

Расулуллах A эл аралык пландардын жана тил бириктирүүлөрдүн бетин ачыкка чыгаруунун, аларга каршы күрөшүүнүн эң жакшы үлгүлөрүн көрсөттү. Мисалы, курайштардын Мадинага чабуул кылуу жана Исламды жок кылуу үчүн Хайбар яхудийлери менен союз түзмөкчү экендиги жөнүндөгү планы белгилүү болгондо Расулуллах тезинен саясий чараларды көрдү. Оболу, Расулуллах аскерий чалгындоо аркылуу бул кабардын чындыгын аныктады, андан соң курайштардын планын жокко чыгаруу үчүн саясий план иштеп чыкты. Ал убактылуу саясий максат катары курайштар менен тынчтык келишимин түзүү жана сүйлөшүү алып баруу саясатын кабыл алды жана алардын бардык шарттарына – бул шарттардын адилетсиздигине, көптөгөн белгилүү сахабалардын каршылыгына карабастан – макул болду. Расулуллах A курайштар менен Худайбия тынчтык келишимин түздү. Бул келишим мусулмандар үчүн анык жеңиш болду жана курайш-яхудий союзун талкалоо боюнча талап кылынган максатка жеткирди. Мунун менен Расулуллах A душмандын эки негизги күчтөрүн бөлүп жиберди, андан кийин, алардын бирин – Хайбарды жок кылды, экинчисин – курайштарды күчсүздөнтүп Макканы фатх кылууга даярданды.

Бүгүнкү күндө ири державалар, ар дайым болгондой, өз душмандарын күчсүздөнтүү, өз кызыкчылыктарын коргоо, өз таасирин кеңейтүү, өзүлөрүнүн максаттарын союздаштар, малайлар, өкүлдөр аркылуу жүзөгө чыгаруу жөнүндөгү пландарды түзүүнү токтотушкан жок. Мисалы, Американын Сириядан капыстан чыгышы – бул бир нече максаттарды көздөгөн саясий план:

1 – Башар Асад режиминин негиздерин бекемдөө жана Ефраттын чыгышындагы нефть-газ аймагын ага өткөрүп берүү. Мына ушинтип Асад режими өзүн каржылоо жана бутка туруу мүмкүнчүлүгүн алат. Америка бул план аркылуу аз кирешелер менен өз максатына жетет. Эгер, Америка Ефраттын чыгышындагы кен байлыкка мол аймактарды көзөмөлгө алып, ал жерден оппозицияны кууп чыгырып, Асад режими бекемделгенге чейин бул аймактарды коргошу, кийин аларды Асад режимине өткөрүп бериши чоң каражаттарды талап кылмак.

2 – Түркия оппозициялык жамааттарды Асад режиминин күчтөрүнө кол салышына жол бербей, аларды чоң түрмөдө көзөмөлдө кармап, аларды орустардын күчү менен коркутуп, кепил мамлекеттер – Россия, Түркия, Иран – келишишкен келишимди бузбоого мажбурлап, келишимди бузуунун акыбетинен коркутуп аларды кармап турушу, көзөмөлдөшү үчүн Сириянын түндүк региондорун Түркиянын көзөмөлүнө тапшыруу.

3 – Америка өзүнүн планын ишке ашыруу, өзүнүн малайларын ишке салуу, өзүн Сириядагы жергиликтүү жана эл аралык оюнчулардын өкүмдары катары көрсөтүү үчүн күрттөрдүн жана ИШИМ уюмунун проблемасынан пайдаланышы.

4 – Америка күчтөрү чыгып кеткенден кийин Франция менен Британиянын ролдорун күчсүздөнтүү.

5 – Россиянын Сириядан чыгышын жана анын аскерий базаларын жоюуну талап кылуу үчүн келечектеги сүйлөшүүлөрдө Түркиянын кучагына жүгүргөн Сирия оппозициясы маселесинен пайдалануу.

6 – Мындан кийин да Асад режимине жардам бериши үчүн Иранга жана анын кошуундарына мүмкүнчүлүк берүү жана Сириядагы яхудий вужудунун ролун минималдуу даражага түшүрүү.

Бул Америка күчтөрүн жакынкы айларда Сириядан алып чыгуу жөнүндөгү Трамптын чечимине негизделген Американын Сириядагы эң негизги максаттары. Эгер, Россия, Иран, Түркия, Сауд Арабия Америка менен кызматташпаганда бул максаттар ишке ашмак эмес, себеби Американын чет элдеги жалгыз күчү – бул анын союздаштары жана малайлары.

Бул мамлекеттер козголоңчу жамааттардын көптөгөн чыккынчы жетекчиликтерин сатып алып козголоңго каршы тил бириктиришти, өз кезегинде бул чыккынчылар азат болгон аймактарды Асад режимине тапшырышты. Эгер, бардык жетишкен нерселерин саткан козголоңчу жамааттардын жетекчилеринин жардамы болбогондо Асад режими куламак о.э. анын тарапкерлери болгон орустар жана ирандыктар азат болгон аймактарда кылмышкер Асаддын таасирин жая алмак эмес. Асад режимине негизги жардамды Россия, Иран жана анын кошуундары берген жок, Сауд Арабиянын, Түркиянын, Иорданиянын жана башкалардын колунда арзан аспап болгон жамаат жетекчилери негизги жардамды беришти.

Ошондуктан, өзгөрүүнүн жактоочулары Исламдын улуу долбоорун кабыл алышы кажет жана козголоңго каршы залим Асад режими менен тил бириктирген Түркия, Сауд Арабия жана коңшулаш мамлекеттер менен бардык байланыштарды үзүү зарыл. Өзгөрүүнүн жактоочулары реалдуу өзгөрүүлөрдүн принциптеринен баш тартпашы керек, алардын эң негизгилери – Асад режимин бардык таянычтары, институттары, символдору менен кулатуу жана анын урандылары үстүндө Ислам мамлекетин тикелөө.

Роя гезити, 2019-жыл, 6-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here