АКШ Борбор Азия мамлекеттеринин “эгемендүүлүгү”нө салым кошууну көздөйт

375
0

АКШ Борбор Азия мамлекеттеринин “эгемендүүлүгү”нө салым кошууну көздөйт

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы генерал Жозеф Вотел Борбор жана Түштүк Азия регионундагы коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырды. 

21-февраль күнү Ташкенттеги “Hyatt Regency Tashkent” мейманканасында Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн Башкы штаб башчыларынын кезектеги конференциясы башталды. Ага Өзбекстан, Казакстан, Пакистан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Афганистандын башкы штаб башчылары, ал эми Кыргызстандан башкы штаб башчысынын биринчи орунбасары, АКШдан болсо CENTKOMдун командачысы катышууда.

 “Ушул жыйын регион тарыхындагы эң бир маанилүү доордо болуп өтүүдө. Региондо коопсуздук маселеси ачык бойдон калууда, ошол себептен улам, биз ишмердүүлүгүбүздү мындан да жакшыраак көрүнүштө алып барышыбыз жана коркунучтарга каршы биргеликте күрөшүүбүз керек. Биз бул жерге мамилелерибизди бекемдөө жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн издөө үчүн чогулдук”, – деди Жозеф Вотел.

О.э. Вотел АКШ Борбор Азия регионундагы мамлекеттердин эгемендүүлүгүнө салым кошууга негиз боло турган чаралар изделип жатканын билдирди.

Жыйынга катышып жаткан Өзбекстандын коргоо министри, генерал-майор Баходир Курбонов да конференциянын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө региондо тынчтык, туруктуулук жана коопсуздукту камсыздоодо ички жана тышкы коркунучтарга жол бербестик керектигине, мунун алдын алуу максатында Борбор жана Түштүк Азиянын бардык мамлекеттери менен өз ара түшүнүү, конструктивдүү кызматташтык боюнча кеңири масштабдуу иштер аткарылып жатканына басым жасады. 

 “Биз Афганистанда тынчтыкты камсыздоо үчүн бардык мамлекеттер менен стратегиялык алакаларды ар тараптуу өнүктүрүүгө даярбыз”, – деди Баходир Курбонов.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here