Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын баракчасы жаап коюлду
Фейсбук жетекчилиги алдын ала эскертпестен, бир ай ичинде экинчи жолу Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын баракчасын жаап койду. Фейсбук жетекчилиги өзүнүн бул иш-аракети менен Умматтын акыйдасына жана хазаратына каршы багытталган чабуулду башкарып жаткан саясатчылар жана маалымат каражаттары менен бирге экенин ырастады. Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын Фейсбуктагы бул баракчасында Тунис мамлекетинин Куръани Карим медреселерине каршы жасаган террорун ачыкка чыгарган басма сөз билдирүүсү жарыяланган күндүн эртеси бул баракча жабылды.
Белгилүү болгондой, Фейсбук баракчасы мурун да Фалестинадагы бир катар исламий баракчаларды жана яхудий вужудунун тукуруусу менен Хизб-ут-Тахрир–Фалестина басма сөз бөлүмүнүн бир нече баракчасын жапкан. Батыштагы колонизаторлордун жана аларга караштуу күчтөрдүн арамза иштери ачыкка чыгып калганда жана алар тил бириктирүүлөрүн жана террорлорун ишке ашыра албай калса Фейсбук жетекчилиги ушундай кылмыштары менен аларга кызмат кылууга ар дайым даяр экенин ырастоодо.
Роя гезити, №221, 2019–жыл, 13–февраль.