БУУ – кайрымдуулук уюму эмес, ал Батыштын, өзгөчө Американын максаттарын жүзөгө чыгарган колонизаторлуктун куралы
Жекшемби күнү «Al Arabiya» телеканалы маалымдашынча, генерал Патрик Каммарттын өкүлдүгү астында Яман жөнүндөгү Стокгольм келишиминин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Кайра жайгаштыруу боюнча координациялык комитеттин жыйыны жергиликтүү убакыт менен эртелеп саат ондо башталды. Жыйын Ходейда портунун районунда «VOS Apollo» кемесинде өтүүдө. Бул жыйынга Хадийдин «легитимдүү» өкмөтүнүн өкүлдөрү жана хусийлер катышты. Телеканал жыйын төрт күнгө созуларын кошумчалады. Комитеттеги булактын айтымында, хусийлердин өкүлдөрү биринчи талкуу учурунда ок атууну токтотуу режимин турукташтыруу маселесин талкуулоодон баш тартышкан. Патрик Каммарт жолугушуунун биринчи пункту катары ок атууну токтотуу режимин турукташтырууну сунуштаган болчу. Хусийлер өзүлөрүнүн баш тартуусун алар көзөмөлдөгөн аймактарга абадан чабуулдар токтобой жаткандыгы менен жүйөлөштү. Комитет төрт күн ичинде Стокгольм келишимин ишке ашыруу жолдорун карап чыгат. Стокгольм келишими 2452-резолюциянын алкагында БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан бекитилген. О.э. Ходейда шаары жана анын порттору жөнүндөгү келишимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн 75 адамдан турган БУУнун миссиясы түзүлгөн. Миссияны мөөнөтү алты ай, ошол эле учурда, анын мөөнөтү дагы узартылышы мүмкүн.
Яман өкмөтүнүн расмий өкүлү Ражих Бади Координациялык комитеттин жыйынын орду деңизге жылдырылышына хусийлердин келишпестиги жана алар президент Хадийдин «легитимдүү» өкмөтү көзөмөлдөгөн аймакта болуудан баш тарткандыгы себеп болгонун ырастады.
Этибарлуусу, байкоочулар бул жыйын Каммарт – өзүнүн ыйгарым укугун генерал-лейтенант Микаэль Лоллесгорго өткөрүп беришинен мурун – жетектеген акыркы жыйын болушу мүмкүн деген божомолду айтышты. Микаэль Лоллесгор эки күн ичинде Аденге келиши күтүлүүдө.
Ямандык дипломатиялык булак маалымдашынча, назик жарашууну колдогон кеңири көлөмдүү эл аралык миссия келгенге чейин жана кошуундарды борбордон, Кызыл деңиз районундагы стратегиялык порттордон алысыраак жылдырганга чейин Сана шаарындагы хусийлер БУУнун аскерий унаа каражаттары Ходейда районуна киришине уруксат беришкен.
О.э. бул дипломатиялык булак «Monte Carlo Doualiya» радиостанциясына ушуларды айтты: «Ыктымал, жабдуулардын биринчи бөлүгүнө жыйырма унаа каражаттары кирет. Алар Стокгольм келишиминин алкагында согушуп жаткан тараптарды кайрадан жайгаштыруу жана ок атууну токтотуу режимин турукташтыруу жолдорун координациялоо боюнча кеңири көлөмдүү эл аралык миссиянын мандаты астында болот. Өз кезегинде, келишим БУУнун эки резолюциясы менен колдоого алынган».
Ушул аптанын аягында Амманда Хадий өкмөтү менен хусийлер туткундарды айырбаштоо боюнча сүйлөшүүлөрдү кайрадан баштайт. БУУ ушул сүйлөшүүлөр бул маселе боюнча өткөрүлгөн акыркы сүйлөшүү болот деп үмүттөнүүдө.
Стокгольм келишимине кол коюлгандан бери кырк күндөн ашуун убакыт өттү. Хизб-ут-Тахрир бул келишим Американын басымы менен түзүлгөнүн ачыктаган. Америка ал аркылуу өзүнүн малайлары болгон хусийлерди куткарып калууну көздөп жатат. Бул жагдай Америка Ямандагы согушту токтотууга олуттуу киришкенин көрсөтүүдө. Америка бул үчүн тараптардын келишим түзүшүнө чөйрө даярдады. Себеби, Америка согуштан улам пайда болгон Ямандагы гуманитардык кризис, кырсык, ачкачылык, жаш балдардын оорусу, өлгөндөр жана жараланган жөнүндө дүңгүрөткөн билдирүүлөрү менен басымдуу коомдук пикирди жаратты.
Америка кудум бул нерселер жаңы гана пайда болгондой жар сала баштады! Аны менен утурлай, Британия эски колонизатор катары Яманды келишимдер боюнча талкууга киришүүнүн орду кылмакчы. Мында Британия көзөмөл, келишимдер, кошуундарды алып чыгуу кантип аткарылышына шилтеме кылууда. Бул нерсе 2451-резолюциянын алкагындагы келишимди аткаруунун мөөнөтүн узартуу үчүн Британияга зарыл. Британия бул резолюцияны Коопсуздук Кеңешине сунуштаган. Негизи, жаңжалдашып жаткан тараптар Яман жеринде күрөшүп жаткан адамдарды, катардагы канча жаран набыт болгонун, өлкөнүн канча инфракструктура кыйраганын ойлошпойт. Тескерисинче, алар өзүлөрүнүн гана кызыкчылыгын ойлошот.
Ушуга байланыштуу БУУнун Яман боюнча атайын өкүлү Мартин Гриффист Ходейда шаары жөнүндөгү Стокгольм келишимин жүзөгө чыгаруунун жана туткундарды айырбаштоонун мөөнөтү узартылганын баса белгиледи. Мартин Гриффист мунун себеби «жер-жерлердеги кыйынчылыктар» деп шылтоолоду, жогоруда айтканыбыздай, Британия бул мөөнөттү узартууга кызыкдар. Андан тышкары, Британия эл аралык коомчулукту хусийлерге карата ыркын кетирүүнү жана текебер, саясатта тажрыйбасы аз, каршылаштары менен кол коюлган келишимдерди бузууга умтулууда деп хусийлерди чабуулга туш кылууну каалап жатат.
Мунун баары Хизб-ут-Тахрир өз маалында айткан ушул нерселерди ырастап турат:
– келишимдер жана кошуундарды алып чыгуу боюнча талаш-тартышуулар болот;
– Ходейда шаары жана анын порттору жөнүндөгү Стокгольм келишиминин текстин түшүнүүдө келишпестиктер жана ызы-чуулар чыгат;
– кимдер бул келишимдин кабыл алынышына кызыкдар экени ачыкка чыгат.
Хадий өкмөтү Стокгольм келишиминин аткарылышы о.э. келишимде көрсөтүлгөндөй, хусийлер Ходейдадан жана анын портторунан чыгып, аларды (Яман мыйзамына ылайык) жергиликтүү бийликке бериши зарыл экенин баса белгилөөдө. Хусийлер келишимди аткарууну талап кылышууда о.э. жергиликтүү бийлик жана күчтөр алар тарабынан дайындалуу керек деп айтышууда. Ходейданы жана анын портторун жээк сакчылары кызматына өткөрүп берүү сахнасы уюштурулду. Америка бул жөнүндө сүкүт сактаса, Британиянын тарапкерлери (Хадий, Бириккен Араб Амирликтери жана алардын куйруктары) болсо ызы-чуу салышты.
Ошентип, Яман боюнча англис атайын өкүлү Мартин Гриффист Стокгольм келишимине убагы келгенде жарылчу бомбаны жайгаштырды, бул нерсе Британиянын кызыкчылыгы үчүн тирешүүнү узартуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мунун баары Сауд Арабияга – саудийлер арасындагы Британия малайларына каршы кампаниясын токтотушу үчүн – таасир өткөрүүгө багытталган.
Мына ушундайча, курч кырдаал өзгөрбөшү күтүлүүдө. Бир тараптан, Америка Яман майданында, өзгөчө Ходейда жана анын портторунда аскерий аракеттерди токтотуп, кийин хусийлердин үнүн жеткирүүгө кепил болгон саясий чечимдерге өтүүнү каалап жатат. Башка тараптан, Британия саясий чечимге өтүүдөн мурун хусийлерди болушунча алсыратуу жана алардын Ходейдадагы үнүн өчүрүү үчүн аскерий аракеттерди улантууга шылтоо издеп жатат.
Чынында бул сыяктуу чечимдер түпкү чечим эмес, себеби бул кырсык Яман калкына каршы багытталган; бул Аллахка, Анын Расулу Aга жана мусулмандарга кыянаттык. БУУ тирешип жаткан малайлардын жүрөктөрүн бириктире албайт, себеби алар Батышты ээрчишүүдө, Батыш мусулмандардын байлыгын талашууда о.э. Яманга, анын калкына жана мусулман өлкөлөрүнө жамандыкты гана каалайт. Ислам – жаңжалдардын себебин жана алардын артында тургандарды жок кылуунун жалгыз кепили. Ислам гана улуттарды жана калктарды бир кылып, адамдардын жүрөгүн жакын кыла алат. Ислам – экинчи рошид Халифалык аркылуу өкүмдарлык кылышы жана башкарышы зарыл болгон жалгыз нерсе. Аллахтын уруксаты менен, аны доору келди!Роя гезити, 2019-жыл, 6-февраль.