Россия орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталар боюнча өзүнүн мораторийге амал кылууну улантат

455
0

Россия орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталар боюнча өзүнүн мораторийге амал кылууну улантат

Россия орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды чыгаруу жана жайгаштыруу боюнча өзүнүн мораторийине амал кылууну улантат. Бул тууралуу РИА “Новости” кабарлады.

Россия ышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябко Мюнхень коопсуздук конференциясындагы сүйлөшүүлөр учурунда: “Мындан ары эмне кылуу чечими АКШнын колунда. Мындай аракеттер себептүү АКШ жана Европанын коопсуздугу коркунуч астында калышы мүмкүн. Россия өзүнүн бир тараптуу мортаторийинин алкагында калат”,- деген эле.

2-февралда АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Россия менен түзүлгөн орто жана кыска аралыкка болжолдонгон ракеталарды жок кылуу келишиминен чыга башташын билдирген. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, эгерде Россия алты ай мөөнөттө келишимдин шарттарын толук аткарбаса келишим жокко чыгарылышын айткан.

Россиянын президенти Владимир Путин 2-февралда Россия Федерациясы АКШнын ракеталар боюнча келишимден чыгуу чечимине жооп иретинде, кудум ушундай позицияны ээлешин жана келишимди токтоторун маалымдаган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here