Бишкекте “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жайылтууда медиа тармактын орду” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү

523
0

Бишкекте “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жайылтууда медиа тармактын орду”  деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү

Бишкекте 14-февраль күнү “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жайылтууда медиа тармактын орду” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү. Тегерек столду Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте ПРООН, ЕККУ колдоосунда уюштурду.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов: “Иш-чаранын максаты диний чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чагылдырууда, радикализм жана экстремиздин алдын алууда, мамлекеттин туруктуулугунун коопсуздугуна тийгизген таасирин эске алуу максатында мамлекеттик органдар менен жалпыга маалымдоо каражаттары биргеликте  тыгыз байланышта иш алып баруусуна колдоо көрсөтүү.
Биз диний маселеде өлкөдө демократиялык принциптерди сакташыбыз зарыл. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын экстремистик коркунучтар менен күрөшүүдө орду өзгөчө. Анткени, ЖМК- коомдук аудиторияга таасир этүүчү эң  ыкчам жана масштабдуу каражат. Коомго оң жана терс таасир берүүсү алардын даярдаган материалдарынан жана берүү ыкмаларынан көз каранды.
 Ошондуктан радикализм жана экстремизм менен күрөшүүдө идеологиялык жана психологиялык жагын эске алып, радио жана телеберүү аркылуу мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу абдан маанилүү”, – деди.

Туркистон:

Кыргыз бийлиги диний мухитти (чөйрөнү) кооптуу көрсөтүү аркылуу медиа тармакты толук көзөмөлгө алмакчы болууда. Дүйнөлүк маалымат таратуу системасы Батыштын колунда болгондуктан, БМТ, ОБСЕ сыяктуу эл аралык уюмдарды мамлекетибизде диний мухит радикалдашып бара жатканынан эскертип, алардан Ислам жана мусулмандарга каршы ишке ашырылып жаткан зулумдарга карата маалымат кызматтарын тизгиндеп берүүнү о.э. аталган долбоор үчүн каржылык колдоону суранмакчы болушууда.

Диний мухит ичинде демократиялык принциптерди өнүктүрүүдө жетишкен ийгликтери менен мактанып, алар тарабынан милдеттендирилген “муътадил (мээлүүн) Ислам” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырып жатканы жөнүндө отчёт беришти. О.э. ушул муътадилдик долбооруна каршы бир нече тоскоолдуктар бар экендиги, алардын бири ыйманий мухит негизине курулган расмий эмес маалыматтык топтор экендиги айтылды.

Кыргызстандагы Исламий мухит мабдаъий исламий негизге курулуп барууда. Мусулмандар расмий маалымат каражаттарынан үмүт үзүп, интернеттеги социалдык тармактар аркылуу даъват жана саясий аракеттерди ишке ашыруу менен, башка бирер расмий маалымат каражаты тарата албаган маалымат, анализ жана кабарларды кеңири жана натыйжалуу түрдө таратып жатышат. Мисалы, өкмөттүн Кытай менен кыянаттык негизде ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлору убактылуу болсо да токтотулушунда исламий мухиттин өтө чоң үлүшү бар. Ушул саясий жараяндарга исламий мухиттин туура (үммөт кызыкчылыгы негизинде алып барган) саясий иш-аракетинин таасири күчтүү болду. Албетте, кыргыз жетекчилигине карата мухасаба (сындоо жана акыйкатка чакыруу) негизиндеги бул мухит анын кыянатына жана коррупциялык аракеттерине проблема жаратат! Ошондуктан, бийликтин бардык кыянаттарына кызыкдар болгон эл аралык саясаттан алдыдагы бардык ыңгайсыз тоскоолдуктарды алып берүүнү талап кылышат.

Демек, жогоруда өткөрүлгөн тегерек стол алгач диний, андан соң оппозициялык күчтөр тарабынан ишке ашырылып жаткан маалыматтык чабуулдарга чек коюу максатында уюштурулган. Мындан тышкары, Россиянын саясий, экономикалык жана аскерий басымдары да, дал ушул исламий мухиттин коркунучунан пайдалануу негизине курулган. Россиянын ушул басым жана таасирлери алдында кыргыз жетекчи тобу алсыз. Алар орустун бардык кызыкчылыктарына, натыйжасы кандай болушуна карабастан, жол ачып берүүгө мажбур. Муну Жээнбековдун Сочидеги жолугушууда Путинге айткан сөздөрүнөн жана берген убадаларынан түшүнүп алууга болот. Ушул күндөрдө афган согушу аякташынын отуз жылдыгына байланыштуу өткөрүлгөн иш-чарада Жээнбеков дагы кайрадан “терроризм жана экстремизм” коркунучу жөнүндө сөз кылып, ага каршы күрөштү күчөтүү керектигин белгиледи.

Бул болсо, Кыргызстан Россиянын кызыкчылыктары жолунда, Россия менен Батыш дүйнөсүнүн геосаясий оюндарынын курмандыгына айланып бара жатканына ишара кылат!

Абдурраззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here