Дональд Трамп АКШда өзгөчө кырдаал жарыялады
АКШ президенти Дональд Трамп 15-февраль күнү Мексика чек арасындагы абал себептүү өзгөчө кырдаал жарыя кылуу жөнүндөгү буйрукка кол койду.
Бул тууралуу Конгресске жолдонгон президенттин катын “Wall Street Journal” басылмасы жарыя кылды.
Өзгөчө кырдаал жарыя кылынышы Конгресс тастыктабаса да чек арада дубал куруу үчүн 8 миллиард доллар алууга мүмкүнчүлүк берет.
Буга чейин Трамп узундугу 450 км болгон дубалды куруу үчүн 5,7 миллиард доллар бөлүүнү талап кылган эле. Бирок, Конгресс дубал куруу натыйжа бербестигин жана буга чыгым көп кетерин билдирип, аталган каражатты бөлүүдөн баш тарткан.
Эми өзгөчө кырдаал Трампка Конгресстин уруксатысыз Юстиция министрлигинин жана Пентагондун бюджетинен каражат алууга мүмкүнчүлүк берет.
Президент өзгөчө кырдаал жарыя кылышы жөнүндөгү маалыматты башкы катчы Сара Сандерс Twitter’де кабарлады.