Кыргызстанда дин аралык мамлекеттик кеңеш түзүлдү

621
0

Кыргызстанда дин аралык мамлекеттик кеңеш түзүлдү

«Азаттык» радиосунун макаласында айтылышынча, аталган кеңеш Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан түзүлгөн.  О.э. Дин иштери боюнча комиссия диний уюмдар менен биргеликте бул кеңештин курамын кеңейтип түзүүнү көздөйт.

О.э. макалада, акыркы жылдарда башка динге өтүп кеткен адамдарга карата кысымдар жана динден кайткандарга мүрзөдөн бербей коюу сыяктуу окуялар катталып жатканы айтылган.

Кыргызстан дүйнөлүк куфр системасы менен биргеликте динчилдерди куфрга ылайыкташтыруу, мусулмандарды диний адамдар жана аалымдар жардамында саясий жашоодон алыстатуу, башка дин, түзүм жана конфессиялар менен шариятка тескери көрүнүштө жакындаштыруу, мунаса табууга жана  мамиле кылууга үндөө сыяктуу иш аракеттерди кылууда. “Муътадил (мээлүүн) Ислам” деген ат менен менен илгерилеп бара жаткан бул долбоорду куфр дүйнөсү, Ислам жана мусулмандарды азыркы ушул абалында изоляция кылып алуу максатында иштеп чыккан! Алар мусулмандар мабдаий Исламдан (жашообуздагы бардык проблемаларыбызга чечим берип, башкара ала турган Исламдан) баш тартышын о.э. куфр кызыкчылыгы үчүн мусулмандардын бир бөлүгүн өздөрү тарапка тартуу менен, аларды мабдаий исламий даъватка каршы багыттоону максат кылышкан!

Бир топ жылдардан бери Кыргызстандын күч түзүмдөрү тарабынан ушул максатты көздөй олуттуу аракеттер ишке ашырылууда. Алар мечит имамдары жана Ислам аалымдарынын көпчүлүгүн өздөрү тарапка тартып алышты. Кыянатка ыраазы болбогондоруна ар түрдүү басымдарды өткөрүп келе жатышат. Алардын айрымдарын камакка алган болсо, айрымдарын имамдыктан жана коомдук иш-чаралардан четтетип жатышат. Бирок, алар бүгүнкү күнгө чейин өздөрү күткөн натыйжага жете алышпады. Үммөт алар көтөрүп кирип келе жаткан муътадилдикти бүгүнкү күнгө чейин кабыл албады! Ошондуктан, ал тургай чыккынчы имамдар да, куфрдун бул муътадилдик долбоорун ачык көтөрүп чыгууга батына албай жатышат.

Жогорудагы дин аралык кызматташтык кеңеши “муътадил Ислам” тарапкерлери үчүн алгачкы тапшырма болот. Алар куфр диний миссионерлерине жана илманий (светтик) дүйнө караш негизиндеги бардык аракеттерге кеңири эшик ачып бериши о.э. мусулмандардын өз диндерин таштап башка диндерге киришине шаръий жол таап бериши керек болот. Куфрдун максаты, коомубузга ушул куфр долбоорун алып кирүү менен мусулмандар арасында бөлүнүп-жарылууну пайда кылуу! Алар ошонддон кийин бир нече бөлүктөргө бөлүнүп кеткен мусулмандар арасынан өз кызыкчылыгына туура келгенин тандап, аларды ачык же жашыруун түрдө колдоого алат. Мисалы, алар ушул күндөрдө Афганистанда, ал тургай өзүнө каршы күрөшкөн согушкер топторду колдоп жатышат. Сирияда ИШИМ согушкерлерин дагы деле өз коргоосу астында сактап турат жана аларды шылтоолоп дүйнө жүзүндө бир топ кызыкчылыктарын ишке ашырууда.

Демек, куфр дүйнөсү белгилүү бир динди колдобойт. Себеби, капитализмге негизделген дүйнөлүк башкаруу системасы бирер динге негизделген эмес. Ал “диндерди турмуштан ажыратуу керек” деген демократия акыйдасына негизделген. Ушундан келип чыгып айтарыбыз, куфр дүйнөсү Кыргызстан исламий мухитин христиандаштырууну же яхудийлештирүүнү көздөп жаткан жок! Алар бизди Исламды мабдаъ деп түшүнүүдөн алаксытмакчы болушууда! Ушул максатына жетишүү үчүн “муътадил Ислам” христиан жана башка диний секталар, исламий бузук түшүнүктөр негизиндеги багыт жана топтордон пайдаланмакчы болушууда. Башкача айтканда, куфр дүйнөсү Кыргызстанды мабдаъий даъваттан тазалап алган күндө да, аны муътадил чыккынчыларга, же андан башка өз түзүмүнө ээ болбогон диний секталарга тапшырып койбойт. Ал тургай, муътадил исламчылардын өздөрүнө да эркин муътадил даъват алып барышына жол беришпейт! Буга Чыгыш Түркстанда, Өзбекстан, Мисир жана башка исламий өлкөлөрдөгү иштерде күбө болбодукпу!

Тыянактап айтканда, ар кандай диндер аралык жакындык, келишүүлөр бир гана Исламий мамлекет тарабынан, шарият уруксат берген чектер негизинде гана уюштурулушу мүмкүн. Куфр мамлекети астында куфр уюштуруп жаткан куфр негизиндеги ар кандай кеңеш, бүтүм жана келишимдер батыл болуп, аларга мүчө болуу, мусулмандарды ушул келишимдерге же анын токтомдоруна чакыруу арам! Аллахтан таква кылып, куфрдун бул долбооруна каршы Аллахтын динине мабдаий исламий даъватты күчөтүү менен жооп берели!

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here