Карамушкина парламентте “Таблиги жамаат”ка каршы чыкты

365
0

Карамушкина парламентте “Таблиги жамаат”ка каршы чыкты

Ирина Карамушкина Жогору Кеңештин 7-февралдагы жыйынында Ислам изилдөө институтун Таблиги жамаатын жайылтууга салым кошуп жаткандыкта айыптады.

 Карамушкинанын нааразы болушуна,  Ислам таануу институту жаштар арасында өткөргөн сурамжылоонун натыйжасын жарыя кылып жибергени себеп болду. Сурамжылоо Кыргызстан жаштары арасында өткөрүлүп, алардын Ислам динине жана исламий жамааттарга болгон мамилеси боюнча өткөрүлгөн.

 Карамушкина: “Алар “жаштардын көбү “Таблиги жамаат” кыймылын жактайт”,- деп жазганы мени тынчсыздандырууда. Эмне болуп жатканын элестетип көрдүңөрбү? Муну ошол кыймылдын жаштар арасында популярдуулугун ашырууга аракет деп эсептейм. Мен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылып, Ислам таануу институтунун ишмердигин карап, алар жүргүзгөн изилдөөнүн чоо-жайын текшерүүнү суранам,- деди 

Карамушкина ар дайым Россиянын Кыргызстанда таасири күчөп баратканда, бийликти же анын исламий мухитке карата мамилесин сындоого аракет кыла баштайт. Анын максаты, Путиндин Кыргызстанга сапырынын алдында кыргыз бийлигинин динге жана диний адамдарга карата мамилесин курчутууга каратылды. Башкача айтканда, Россия биздин мамлекет менен аскерий, саясий, экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн акысына, өкмөттөн диний баалуулуктарыбызга о.э. Таблиг сыяктуу исламий жамааттарга карата мамилени курчутууну талап кылмакчы болууда. О.э. Россия Борбор Азиядагы таасирин күчөтүү үчүн, исламий жамааттар тараптан болушу мүмкүн болгон жасалма коркунучтарды пайда кылуу тактикасын колдонот. Карамушкинанын билдирүүсү да Россиянын ушул ыкмасына параллель багытталган.

Россия кыргыз бийлиги Ислам жана мусулмандарга карата кескин жана катуу саясат жүргүзүшүн каалайт. Ал Кыргызстандан Таблиг жамаатын “экстремисттик” уюмдар тизмесине киргизүүнү талап кылат. Россия биздин үстүбүздөгү аскерий колониясын күчөтүүнү көздөп, өлкөнүн түштүгүндө дагы бир аскерий база курууну пландаштырууда. Демак, Россия ички иштерибизге аралашып, бийликти анын кызыкчылыгы тарапка жүрүүгө мажбурлай баштайт. Анын кызыкчылыгы исламий мухитти коомчулук үчүн коркунучтуу кылып көрсөтүү аркылуу, региондо башаламандык пайда кылуу менен коопсуздук маселесинде ага муктаждыгыбызды күчөтүүгө каратылган.

Россия бул пландарын коомчулукта Карамушкина сыяктуу россиячыл саясатчылар аркылуу ишке ашырууга аракет кылат. Алар исламий жамааттарды же исламий мухитти коомубузга өтө чоң коркунуч кылып көрсөтүү үчүн колунан келишинче аракет кылышат. Демек, биз мусулмандар куфр кызыкчылыгы астында иш алып барышыбыз же куфрга кошомат кылып, аны менен келишүү максатында коомчулукта бири-бирибиздин аброюбузга зыян жеткире турган аракеттерден тыйылышыбыз керек! Себеби, Карамушкина Таблиг жамаатына эле эмес, бүтүндөй Исламга каршы! Алар Таблигди жок кылуу менен эле токтоп калышпайт! Себеби, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Чыгыш Түркстандагы бир топ мусулмандар куфр менен келишип алып, башка топторго чыккынчылык кылышынын натыйжасы кандай болгонуна күбө болдук! Мындан Аллах сактасын.

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here