Bellingcat: Италия Түркмөнстанга 257 млн евролук курал-жарак сатты

481
0

Bellingcat: Италия  Түркмөнстанга  257 млн евролук курал-жарак сатты

Түркмөнстан Евробиримдиктеги өлкөлөрдөн чоң өлчөмдө курал-жарак  сатып алат.  Bellingcat уюмунун изилдөсүнө ылайык, бул куралдардын эң көп бөлүгүн Италия берет.

2008-жылы Евробиримдиктеги өлкөлөр тарабынан кабыл алынган бирдиктүү позицияга ылайык  агрессивдүү өлкөлөргө курал сатылбайт.  Мындан тышкары, Италия мыйзамдары боюнча, адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык Конвенцияны бузгандыкта айыпталган мамлекеттерге курал сатууга тыюу салынат. Бул эки документ Түркмөнстанга  да тиешелүү болчу, себеби түркмөн бийлиги саясий көз караштарга жана дин эркиндигине катуу чектөөлөрдү киргизген. Жарандардын бул жаатта маалыматка ээ болушу катуу көзөмөлдөнөт.

Евробиримдиктин жылдык отчётуна ылайык,   Түркмөнстан 2007-жылдан 2017-жылга чейин биримдикке мүчө өлкөлөрдөн 370 миллион евро өлчөмүндө курал-жарак сатып алган жана анын 76 пайызын ( 257 млн евро) Италиядан алган. Белгилей кетсек, Евробиримдиктин курал-жарак эскпорту жөнүндөгү маалымат ачык эле басылмаларга чыгат. Бирок, Италия өкмөтү бул тууралуу маалыматты сыр сактагандыктан, курал-жарак экспортунун жылдык көрсөткүчү белгисиз бойдон калууда. Евробиримдик өлкөлөрү көбүрөөк ARX-160 үлгүсүндөгү кош ооз мылтык экспорт кылгандыгы Түркмөнстандагы  2018-жылы сентябрь айындагы аскерий параддан көрүнүп турат.  Түркмөнстан өкмөтү 2017-жылы 528 миң евролук  курал-жарак сатып алган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here