Пакистан акимдери мусулмандарды репрессия кылып жаткандар менен союз түзүүдө

296
0

Пакистан акимдери мусулмандарды репрессия кылып жаткандар менен союз түзүүдө

Пакистан акимдери мусулмандарды ачыктан-ачык репрессия кылып жаткандар менен союз түзүп мусулмандардын репрессия кылынышына сүкүт сакташууда жана экономикалык келишимдерге кол коюу аркылуу алардын карасанатайлыгына ыраазы болушууда. Кытай бийлиги Исламга жана Чыгыш Түркстан мусулмандарына каршы согушуп жатканда Пакистан акимдери бул режимди ачыктан-ачык колдоп-кубаттап дагы да арамзалыкка барышты. Пакистан президенти Ариф Алви «Ал-Жазира» каналына берген интервьюсунда Кытай өз жарандарына туура мамиле кылууда, мен буга толук ишенемин деди. Бул сөздөрдү ал Пекин көптөн бери уйгур мусулмандарына ырайымсыз мамиледе болуп жатканы жөнүндөгү суроого жооп иретинде айтты. Белгилүү болгондой, Кытай бийлиги миңдеген мусулмандарды камак лагерлеринде кармап келет, пакиза муслималарга бала төрөөгө тыюу салууда, мусулман эркектерди бычышууда жана ар бир мусулмандын үйүнө Кытай тыңчысын жайгаштырууда. Уйгур мусулмандары ушундай азап-кыйынчылыктарга туш болуп турганда Ариф Алви Кытай бийлигин колдоп-кубатташын билдирди.

Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаяты өз басма сөз билдирүүсүндө баса белгилешинче, бул сыяктуу арамза позицияны Аллахтын өкүмдөрү менен башкарбаган акимдерден күтүүгө болот. Анткени, бу акимдер чыгышта Кытай болобу, батышта АКШ жана Россия болобу, айырмасыз, мусулмандарга ачыктан-ачык согуш ачкан мамлекеттер менен мамилелерди нормалдаштырып, залимдер менен союздаш болушууда. Хизб билдирүүсүнүн соңунда Пакистан мусулмандарына төмөнкүдөй кайрылуу жасалган: динибизге чабуул кылып жаткан, ар-намысыңарды тебелеп жаткан душмандарды саясий, аскерий жана экономикалык жактан колдоп-кубаттаган мындай акимдерден эл тажады! Алар бизден баш тартышкандыктан биз да алардан баш тартып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө аракет кылуубуз керек. Ошондо гана бизди коргой турган жана өлкөлөрүбүздү бириктире турган акимдерибиз болот, ошондо гана күч-кубатка толуп, душмандын жүрөгүнө коркуу салабыз.

Роя гезити, №217, 2018-жыл, 16-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here