Хизб-ут-Тахрир–Индонезия өткөргөн Чыгыш Түркстандагы уйгур мусулмандарын колдоп-кубаттоо иш-чарасы
2018-жылы 26-декабрь күнү Жакартадагы «Gedung Joang 45 Menteng» имаратында «Mediaumat» гезити менен талкуу болуп өттү. Талкууда Хизб-ут-Тахрир–Индонезия мүчөсү устаз Рухма С. Лабиб мусулмандардын жалгыз жетекчилиги болсо гана уйгур мусулмандарынын маселеси чечилишин баса белгилеп, мындай деди: «Шек-күмөнсүз, уйгур мусулмандарынын бардык проблемаларынын чечими баарыбыз биргеликте аракетке келүүбүзгө байланыштуу. Ислам Умматын Халифалык мамлекети саясында бириктире турган жетекчилик керек. Бүгүн уйгур мусулмандары жардамга чакырышууда, мусулман акимдери кайда?».
2018-жылы 21-декабрда Кытайдын Жакартадагы элчилиги алдында өткөрүлгөн демонстрацияда устаз Рухма С. Лабиб мусулмандар бир Уммат экенин, уйгур мусулман бурадарларыбыз кысым жана азарларга учурашса, калган мусулмандар алар үчүн боору ооруп, аларга жардамга шашылуулары керектигин айтып, мындай деген: «Мусулмандар – бир Уммат. Аларды бир дин бириктирип турат. Биз уйгур бурадарларыбыздын кыйноо жана азарларга туш болуп жатканын көрсөк, кыжырдануубуз зарыл».
О.э. устаз Рухма мусулмандарды башка бир мусулман бурадарлары жардамга чакырса – баары бир дене, бир жан болушкандыктан – тезинен аларга жардам берүүнү Ислам фарз кылганын баса белгиледи.
Устаз Рухма өз сөзүн: «Адамдар мусулмандар бир Уммат экенин, эгер алар өз мамлекети болгон Халифалыкты тикелешсе, күчтүү-азиз болушун аңдап түшүнүүсү зарыл», – деп бүтүрдү.
Роя гезити, №217, 2018-жыл, 16-январь.