Ямандагы жаңжалда ким жеңип чыгат?
Мурунку Америка президенти Эйзенхауэр боштукту (Экинчи дүйнөлүк согуштун натыйжасында Британиянын өз колонияларындагы таасири күчсүздөнгөндөн улам пайда болгон боштукту – ред.) толтуруу планына киришкенден тартып бүгүнкү күнгө чейин Америка менен Британиянын ортосундагы тирешүү токтобой келет, эки тарап эс алып, кийинки раундга күч топтошу үчүн гана бул тирешүү убактылуу токтотулат.
Эйзенхауэр планынын максаты – Британиянын таасирин анын мурунку колонияларынан сүрүп чыгарып, акыбетте жаралган боштукту толтуруу болгон. Мына 50 жылдан бери токтобой келе жаткан бул тиреште жүз миңдеген адам курман болду, алардын көпчүлүгү мусулмандар. Баса белгилей кетсек, Америка Британияны анын мурунку айрым колонияларынан жана өлкөлөрдөн сүрүп чыгара алды. Мисал катары ушул өлкөлөрдүн айрымдарын карап чыгабыз:
- Америка Британиянын таасирин сүрүп чыгарган өлкөлөр:
Түркия. Түркия Усманий Халифалык жок кылынган биринчи күндөн тартып Эрдоган бийликке келгенге чейин Британиянын саясатына ээрчиди. Илманий кемалчылар Исламга каршы ачык күрөш алып барышты, акыбетте убакыттын өтүшү менен өлкөнүн калкы, өзгөчө исламчылар аларды жек көрө башташты. Учуру келип, Америка ошол убакта англисчил болгон Түркияда шайлоолорду өткөрүүгө түртө алды, шайлоолордун натыйжасында калктын исламий туйгусун козгогон америкачыл «Адилет жана Өнүгүү партиясы» көпчүлүк добушка ээ болду.
Андан кийин Америка Түркияда антитеррористтик бөлүмдөрдү түзүү идеясын жүзөгө чыгарды. Эрдоган ага каршы аскерий төңкөрүш жасала турган болсо, ушул бөлүмдөргө таянмак. Себеби, армия Британиянын малайы болчу жана президенттерге каршы төңкөрүш жасоодо чоң тажрыйбага ээ эле. Андан соң Американын малайлары армиянын офицердик курамында тазалоо иштерин өткөрдү, ошентип 2016-жылы аскерий козголоң жүз берди, бирок ийгиликке жеткен жок. Эрдоган бийлигин сактап калып, кийин офицердик курамдагы англистердин малайларын тазалоого киришти. Мына ушинтип, көптөгөн мусулмандардын өмүрүн алган айыгышкан тирешүүдөн кийин Америка Түркиядагы Британиянын таасирин сүрүп чыгарды.
Иран. Иранды шахтар башкарган доордо Иран Британиянын саясатына ээрчиген, бирок Америка шах режимин кулатып, өз малайларын бийликке алып келди. 1979-жылдагы төңкөрүштөн тартып бүгүнкү күнгө чейин Иран Американын таасири астында келе жатат, ал Американын саясаты алкагынан чыкпастан аракет кылат.
Сирия. Мурунку кылымдын 40-жылдары жана 50-жылдары Сирияда Америка менен Британиянын таасир талашуу тиреши абдан курч болгон, 1949-жылдын өзүндө эле Сирияда үч жолу мамлекеттик төңкөрүш жасалды. Ага карабастан, 1963-жылы Америка Сириядан Британия таасирин сүрүп чыгарып, «БААС» социалисттик партиясындагы өзүнүн малайларын бийликке алып келди. Алар бийликте жарым кылымдан ашуун туруп, Сирия мусулмандарынын жашоосун тозокко айлантышты. Өлкөдө 2011-жылы өкүмдар режимди кулатып, анын урандылары үстүндө пайгамбарлык минхажы негизиндеги Рошид Халифалыкты тикелөөнү талап кылган козголоң жүз берди.
Козголоң жеңишке жетишине аз калганда Америка өз малайы Башар Асадды бийликке сактап калуу үчүн Иранды, «Хизбулланы», Россияны, Түркияны жана башкаларды жардамга чакырды. Бүгүн Америка Асад режимин жандантууга жана бүткүл дүйнөгө козголоңду токто алганын көрсөтүүгө урунууда. Бирок, Американын да, анын малайларынын да айла-амалы кыйрап жок болуучу. Аллах Өз ишинде үстөм, бирок көпчүлүк адамдар муну билишпейт.
Мисир. Король Фаруктун монархиялык режими доорунда Мисир Британиянын саясатына ээрчиген. Америка король Фарукту кулатып, анын ордуна өз малайларын бийликке алып келди. 2011-жылы 25-январда жүз берген козголоңдун натыйжасында Хусни Мубарак кулатылган болсо да, Америка баары бир козголоңду токтото алды. Америка козголоң көтөргөн элди басуу үчүн Мухаммад Мурсинин бийликке келишине жол берди, андан кийин Абдул-Фаттах Сисинин колу менен Мурсини кулатты. Америка мына ушундай жол аркылуу өлкөдөгү бийликти өз малайларына – Адил Мансурга, кийин Сисиге – кайтарып алып берди.
Ирак. 1915-жылдан тартып Америка 2003-жылы Иракта Саддам Хусейндин режимин кулатканга чейин Ирак Британиянын таасири астында болду. Иракта таасир талашкан Америка менен Британиянын жаңжалы маал-маалы менен курчуп турса да, Америка Абдул-Карим Касим, Абдус-Салам, Ариф сыяктуу өзүнүн малайларын бийликке алып келе алды.
Саддам Хусейн бийликке келгенде темир чеңгел менен өлкөдө Британиянын таасирин орноткон, Америка аны – аскерий жолдон башка – эч бир жол менен кулата албады. 2003-жылы Саддам Хусейн кулатылып, бир канча убакыттан кийин өлүм жазасына тартылды. Ал эми, Ирак кандуу кыргынга кирди, зомбулук, башаламандык жана талап-тоноолор мына 15 жылдан бери токтобой келет. Америка Ирактан Британиянын таасирин сүрүп чыгарганына карабастан, Америка Абади сыяктуу өзүнүн малайларынын же Ирандын колу менен Иракта бир нече күн болсо да тынчтык жана тартип орнотто алган жок. Мына, АКШнын жаңы президенти Трамп эч ким байкабашы үчүн – кудум түндө жүргөн ууру сыяктуу – Иракка жашыруун сапар жасоодо.
Судан. Бул өлкөдө Британия менен Американын тирешүүсү Умар Башир бийликке келгенге чейин абдан күчөдү. Америка өзүнүн малайы Баширди бийликке алып келди, Башир Американын буйруктарын так аткарды жана Түштүк Судандын бөлүнүп чыгышын моюнга алды. Баширдин өкүмдарлыгы элдин нааразылыгын жаратты, адамдар козголоңчул ураандарды көтөрүп чыгышып, аны кулатууну талап кылышууда. Бирок, калк эмнени тандайт: Рошид Халифалыкты тикелейби же чет элдик күчтөргө козголоңду токтотушуна жол береби? Суроо ачык бойдон калууда.
Пакистан. Британия Пакистанды басып алгандан бери ал англистердин таасири астында болгон эле. Бирок, Америка келип өз малайларын бийликке орнотту, алар бүгүнкү күнгө чейин бийликте турушат.
Сауд Арабстан. Сауд америкалыктардын тарабына өткөнгө чейин Сауд Арабстан Британиянын таасири астында болгон. Сауд америкалыктардын тарабына өткөн күндөн баштап Саудияда таасир талашкан Америка менен Британиянын тиреши абдан күчөдү. Бирок, Салман ибн Абдулазиз жана анын уулу бийликке келип өлкөдөгү Британиянын таасирине чекит коюшту.
- Америка менен Британиянын ортосундагы талаштуу өлкөлөр:
Яман. Америка менен анын малайлары болгон хусийлер бир тарап, Британия жана – Хадий өкмөтү, Бириккен Араб Амирлиги сыяктуу – анын малайлары экинчи тарап болуп Яман үчүн күрөшүп жатат, жада калса, эки тарап ортосунда өткөрүлгөн сүйлөшүүлөргө карабастан, бул күрөш айыгышкан деңгээлге жетти. Согуш 4 төрт жылдан бери уланып жатат, бул согуш Яман калкына үлкөн кырсыктарды алып келди. Жаңжалдагы эки тараптын эч бири согушта жеңип чыгып, согушка чекит коё албашы көрүнүп калды.
Ливия. Британия 1969-жылы «Ал-Фатих козголоңунда» өзүнүн малайы Муаммар Каддафини бийликке алып келгенден бери Ливия Британиянын таасири астында эле. Каддафи мамлекетти 2011-жылга чейин башкарды, 2011-жылы өлкөдө козголоң жүз берди. Козголоң жүз бергенде жана Каддафи өлтүрүлгөндө Америка өзүнүн малайы Хафтарды алып келди. Бул убакытка чейин Хафтар Каддафиден качып Америкада сүргүндө 20 жыл жашаган. Хафтар жаңжалга аралашты, натыйжада он миңдеген мусулман өлтүрүлдү, өз ара күрөшүп жаткан тараптардын эч бири бүгүнкү күнгө чейин толук жеңишке жеткен жок.
Иордания. Иордания негизделген күндөн бери Британиянын таасири астында болгон жана болуп келүүдө. Бирок, Америка – Эл аралык Валюта фонду, Дүйнөлүк Соода Уюму жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу финансылык уюмдар аркылуу – бул өлкөдөн англистердин таасирин сүрүп чыгарууга аракет кылууда. Америка менен Британиянын Иорданиядагы таасир талашуу күрөшү улам күчөп барууда, жана бул тирештин курмандары – адаттагыдай – мусулмандар болот.
Ямандагы жаңжалда ким жеңип чыгат?
Яман жаңжалындагы эки тараптын толук жеңишке жетүүсү эки себептен улам кыйын:
- Британия Яманда 30 жылдан ашуун жеке өзү өкүмдарлык кылды, Британияда бул өлкө үчүн күрөштө жеңип чыгууга күч калбады, бирок бүгүнкү күнгө чейин Британия Ямандагы көпчүлүк саясий күчтөргө таасир кылып, Бириккен Араб Амирлигинин күчтөрү аркылуу Ямандын түштүгүн көзөмөлдөөдө жана алар аркылуу Хадейда шаарын бөгөттөп, хусийлер үчүн зарыл болгон багытты тосууда. Бирок, Америка бул нерсеге жол бербей жатат.
- Америка бүткүл күчү менен хусийлерге жардам берип, англистердин малайлары хусийлерди жок кылышына же алсыздатышына жол бербей жатат. Америка хусийлер козголоңчу катары каралбашы үчүн аларды легалдаштырууга урунууда. Ошондуктан, Ямандагы жаңжал кээде басылып, кээде жанданып турат. Жакынкы келечекте жаңжалдагы бир тарап экинчи тарапты жеңип чыгары көрүнбөй жатат.
Жаңжалдан чыгуунун жолу:
Яманда жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү жаңжалдардын акыбетинде пайда болгон бул кризис жана проблемалардан чыгуунун жолу – пайгамбарлык минхажы негизиндеги Экинчи Рошид Халифалыкты тикелөө. Хизб-ут-Тахрир дал ушул Халифалыкты тикелөөгө чакырууда. Халифалык бүткүл мусулман өлкөлөрүндөгү кафирлердин таасирине жана тагут режимдердин карамүртөздүгүнө чекит коёт. Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу, бирок адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт.
Роя гезити, устаз Шайф Шаради – Яман, 16-январь, 2019-жыл.