Ангела Меркел: Биз Өзбекстандын ишенимдүү өнөктөшү болууну каалайбыз
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин сүйлөшүүсүнүн алдында массалык маалымат каражаттары үчүн брифинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Ангела Меркел Өзбекстан президентинин сапары көпкө созулган тыныгуудан кийинки маанилүү сапар экендигин жана бул сапар эки тараптуу кызматташтык өнүгүшүнө олуттуу түрткү болушун белгиледи.
“Биз Өзбекстандын ишенимдүү өнөктөшү болууну каалайбыз. Мамлекеттерибиз ортосундагы мамилени кеңейтүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экендигин көрүп турабыз”, – деди Германия канцлери.
Шавкат Мирзиёев Өзбекстан делегациясына урмат көрсөтүлүп жатканы үчүн терең ыраазылык билдирип, германиялыктарды ушул жылдын май айында белгиленүүчү Германия Федерациялык Республикасынын 70 жылдыгы менен куттуктады.
Тараптар акыркы жылдарда эки тараптуу алакалар активдүү өнүгүп, жаңы мазмун менен байып жатканын о.э. саясий диалогдор активдешип жатканын белгилешти.
Мирзиёев Өзбекстан Германия менен болгон мамилени сапат жагынан жаңы, жогорку баскычка алып чыгууга умтуларын баса белгиледи.
Сүйлөшүүдө саясат, коопсуздук, соода, технологиялык, инновация, инвестиция жана маданият тармактарындагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланары айтылды.
Европа Союзунун Борбор Азия боюнча жаңы стратегиясы негизинде эки тараптуу алакалар бекемделери белгиленди.
Жолугушууда заманбап коркунучтарга, баарынан да терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө басым жасалары кабарланды. О.э. күн тартибиндеги маанилүү маселелердин бири Афганистанда тынчтык жараянын тез арада баштоо экендиги айтылды.
Өзбекстан адам укуктары жана эркиндиктери жаатында конструктивдүү диалог о.э. мамлекеттик башкаруу системасынын айкындуулугу о.э. коррупцияны толук жоюу максатындагы кызматташтык үчүн ачык экени баса белгиленди. Тараптар инвестиция жана технологиялар тармагында кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин билдиришти. Өзбекстан президентинин сапарынын алкагында өткөрүлгөн бизнес-форумда 8 миллиард евродон ашык долбоорлор боюнча келишим түзүлгөнү, дагы башка келишимдер боюнча иштер уланып жатканы кабарланды.