Мирзиёев Германияга расмий сапар менен барат
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2019-жылдын 20-22-январь күндөрү расмий сапар менен Германияда болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ал Германиянын борбору Берлин шаарында Федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер, Федералдык канцлер Ангела Меркель жана Бундестагдын төрагасы Вольфганг Шойбле менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Күн тартибинде саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык, инвестиция жана каржылык кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен программаларды ишке ашыруу, маданий-гуманитардык, билим-берүү жана туризм тармактарындагы мамилени активдештирүү маселелери орун алган.
О.э. эл аралык жана аймактык саясаттын маанилүү маселелери боюнча пикир алмашылат.
Мындан тышкары, Мюнхен шаарында Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер менен о.э. ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландаштырылган.
Сапардын алкагында экономика, каржы, инвестиция, инновация, илим, техника, билим-берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтык боюнча эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Буга чейин, пезидент Мирзиёев Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусуна ылайык “Активдүү Гужарат – 2019” IX-эл аралык инвестициялык саммитине катышуу үчүн 17-18-январь күндөрү Индияда болору кабарланган.