Трамп АКШда өзгөчө кырдаал жарыя кылышы мүмкүн
АКШ президенти Дональд Трамп өлкөдө чукул кырдаал жарыя кылышы мүмкүн. Бул тууралуу, Трамп Ак үйдө маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда маалымдады.
АКШ президенти өзгөчө кырдаалды жарыя кылуу үчүн аны конгресс тастыкташы керектигин белгиледи.
22-декабрда конгресс демократтар бюджетти кабыл алууну четке каккандан кийин АКШ өкмөтүнүн бир бөлүгү ишмердүүлүгүн токтотту. Бюджетте Мексика менен чек арага дубал курууга болжол менен 5 миллиард доллар жумшоо каралган.
АКШ президенти шайлоонун алдында бул дубалды курууга убада берген. Ошондуктан, документтен бул чыгымды алып таштоого көнбөй жатат.
Демократтар 3-январь күнү конгресстин төмөнкү палатасында көп орун ээлешти жана бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга шашылышты, башкача айтканда, өкмөттүн ишин каржылоо боюнча мыйзам кабыл алынды.
Бирок, президент жана анын кеңешчилери конгресс дубалды куруу үчүн 5,7 миллиард долларды кабыл албаса бул демилгени токтотууну билдиришти. Демократтар болгону 1,3 миллиард доллар бөлүүгө макул болушту.
Трамп бюджет кризиси жакынкы күндөрдө чечилишинен үмүттөнүп жатканын билдирди. Бирок, бир катар федералдык мекемелердин ишмердүүлүгү бир нече жылга токтотулушу мүмкүн экендигин айтты.
АКШ президентинин пикиринче, бюджет кризиси эмдиги аптада чечилиши мүмкүн. АКШда мамлекеттик чек араны коргоо маселесин чечүү боюнча атайын жумушчу топ түзүлдү. Анын биринчи жыйыны дем алыш күнгө пландаштырылган.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…