Ямандагы топтор Швецияда кол койгон келишим колонизаторлорго кызмат кылып, мусулмандардын канын текке кетирүүгө алып барат

346
0

Хижрий 1440-жылы 7-робиус-саний, миладий 2018-жылы 14-декабрь күнү Шаркул Авсат сайтында басылып чыккан кабарда мындай делет:

«Саудия тышкы иштер министри Адил Жубайр жума күнү мураскер канзаада Мухаммад ибн Салман Стокгольмдо Ямандын мыйзамдуу өкмөтү менен Хусийлер ортосундагы сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү өткөрүү үчүн чоң аракет кылганын айтты.

«Стокгольм сүйлөшүүсүн ишке ашыруу Яман мамлекетин тикелөөдө, коопсуздукту камсыздоодо, туруктуулук, тынчтык жана аймактык бүтүндүктү кепилдей турган саясий чечимге жетишүүдө маанилүү кадам болот», – деди Жубайр Твиттерде.

Саудия тышкы иштер министри баса белгилешинче, анын «мамлекети эки харам шарифтин кызматкери падыша Салман жана мураскер канзаада Мухаммад ибн Салман жетекчилигинде үч принцип таянган, негизинен, Коопсуздук Кеңешинин 2216-токтомуна таянган саясий чечим табууга аракет кылышты».

Роя гезити:

Бул сүйлөшүү Яманда Британия малайы болгон Хадий өкмөтү менен Америка малайы болгон Хусийлер ортосунда Яман байлыктарына ээ болуу үчүн күрөш жүрүп жаткан учурда болуп өттү. Хадида шаары ушул сүйлөшүүдө жолто болуп турат. Себеби, ал жерди ким көзөмөлүнө алса, чоң есурстарга ээ болуп, согушта стратегиялык үстөмдүккө жетишет.

Ушул жерде суроо туулат: эгер бул согуштун натыйжасы өлкөнү душмандын колуна тапшырууга алып барса, анда, Яман калкы эмне үчүн ушунча азап-кыйынчылыктарды башынан өткөрдү жана бул согуш эмне үчүн болду?! Эгер, Яман маселеси БУУ коридорлорунда чечиле турган болсо, анда согушуп жаткан жергиликтүү тараптар кимдин пайдасы үчүн бири-бирине каршы согушуп, Яман калкын өлтүрүп жатат?! Колонизаторлордун пайдасына болгон бул мусулмандар ортосундагы бул согуш керек беле?! Шек-күмөнсүз, бул суроолордун жообу бүгүн катардагы адамдарга, айрыкча, Яман калкына ачык-айкын болуп калды.

Бүткүл мусулмандардын кызыкчылыгынын бирден-бир кепилдиги – бул өз динине жана дин өкүмдөрүнө катъий амал кылуу деп айтуу гана калды. Бардык турмуштук проблемаларды ушул өкүмдөр гана чечет. Мусулмандар динибиздин түпкү маңызын түшүнүп, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу Исламды жашоодо бекем кармоосунун убагы келбедиби?!

Роя гезити, 2018-жыл, 19-декабрь, №213.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here