Халаб батышындагы Атариб шаарындагы шейиттердин жакындары билдирүү беришти. Билдирүүдө Сириядагы канкор режим менен түзүлгөн ар кандай келишимди, Сочи конференциясын бүтүндөй каралоолорун билдирип, бул конференцияга катышкан саткындар алардын боордошу болгон шейиттердин канын сатышты деп маалымдашты. Билдирүүдө баса белгиленишинче, Сочи конференциясына ыраазы болгон ар кандай кимсе сүйлөшүү столунда ушунча курмандыктарды саткан болуп эсептелет. Аябай чоң региондордон оор куралдар чыгарылды жана режимге эл аралык жолдор ачып берилди. Бул жолдор режимди экономикалык жактан бекемдейт, бизди болсо географиялык да, аскерий жактан да курчоого алат. Билдирүүнүн соңунда мубарек козголоңдун өзгөргүс максаты – режимдин бардык таяныч жана жүздөрү менен кулатып, алардын урандылары үстүнө Ислам башкаруусун тикелөө экени баса белгиленди.
Роя гезити, 2018-жыл, 19-декабрь, №213.