Кытай баскынчылыгына каршы стратегия долбоору
Негиздеме
Күбө болуп турганыбыздай, Кыргызстан калкы Кытай баскынчылыгына каршы бирдей туйгуларга ээ экендигин көрсөттү. Албетте, бул туйгулар турмуш чындыгында болуп жаткан айрым акыйкаттардан келип чыкты. Мисалы, Кытайдын Кыргызстанды карыздар кылуусу, Кытай инвесторлорунун басымдуулугу, мамлекет ичинде кытайлардын көбөйүшү, кытай жарандарынын кыргызстан жарандарына карата өкүмзордук кылуулары, кытайлардын Кыргызстан жарандыгын алуулары ж.б.у.с. Кыргызстандыктардын мындай көрүнүштөргө карата кыжырдануусу артып, айрым учурларда күч колдонуу ыкмаларына чейин жетип барышты. Бирок, бул иштердин баары туйгуларга негизделген, чачыранды аракеттер болуп, жеке адамдар же айрым жамааттар тарабынан эч кандай стратегиясыз алып барылууда. Негизи, Кытай баскынчылыгына каршы күрөштө бийлик элге келип кошулуусу керек. Жана бул жаатта стратегия иштеп чыгышы шарт.
Ушундай негизде, кыргыз бийлигине жана Кыргызстан калкына төмөнкү стратегия долбоорун сунуштайбыз.
Эскертүү: Долбоордо зарыл негиздер гана камтылды. Калган деталдар долбоордон келип чыгуучу пландарда жана аларды аткарууда колдонула турган ыкмаларда камтылат
Ⅰ Эл аралык стратегияга кайрылуу
Кайсы бир саясий окуяга назар салууда, эң оболу, эл аралык стратегияга каралат. Бул өңүттөн алганда, азыр Орто Азияда, анын ичинен Кыргызстанда, үч ири державанын колония талашуу күрөшү жүрүп жатат. Алар Орто Азияга жаңы колонизатор катары кирип келе жаткан АКШ, эски колонизатор Россия о.э. өз алкагынан сыртка кеңейүү деген жаңы стратегия кабыл алган Кытай мамлекети.
Эл аралык стратегия маселесинде эң алгач дүйнөлүк биринчи мамлекеттин стратегиясы эске алынат.
АКШ азыр дүйнөдөбиринчи мамлекет. Советтер Союзу кулагандан кийин, Американын Россияга карата стратегиясы – анын колонияларын саясий ыкмалар аркылуу тартып алуу болгон. Ушундан улам, Россиянын Орто Азиядагы таасир күчүн азайтуу үчүн, Кытайды бул аймакка экономикалык жактан кирип келүүгө шыктандырып келген. Мисалы, 1999-жылы АКШ “Жибек жолу” проектисин иштеп чыкты. Мунун мааниси Кытайдын Россия колонияларына карай кеңейүүсү АКШ менен макулдашылган болушун түшүндүрөт эле. Бирок, Кытайдын экономикалык жана саясий дымагы күчөп, 2010-жылы “Бир кур, бир жол” проектисин иштеп чыкты. Бул болсо Кытайдын АКШ долбоору алкагынан чыгып кетишин билдирет эле. Ушундан кийин, Америка аны башкы атаандаш деп тааныды жана ага каршы стратегия кабыл алды.
Демек, ушунун алкагында, азыр Америка Кытайдын Орто Азияга карай кеңейишинин алдын тосуу иш-чараларын көрөт.
Россия болсо колониялаштыруу доорунан бери эле Орто Азияны өз чеңгелинде кармап келет. Союз тарагандан кийин, кыйла таасир күчүн жоготконуна карабастан, ал аймакта түздөн-түз колонизатор бойдон калууда. Батыштык атаандаштарынын чабуулу каршысында, Россия Кытай менен өнөктөш болууга мажбур болууда. Ошондуктан да, Кытайдын Орто Азияга экономикалык жактан кирип келүүсүнө тикелей тоскоолдук кыла албай жатат.
Кытай “Бир кур, бир жол” проектисин кабыл алып, 2013-жылдан аны ишке ашырууга киришти. 2017-жылы, коммунисттер съездинде Си Цзин Пин: “Кытай азыр дүйнөдө жетекчи күчкө айланды жана ал адамзат тарыхында маанилүү роль ойнойт” деди… О.э. “өнүгүүнүн кытайча модели өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге жаңы тандоо тартуулайт” деп билдирди. Бул дегени, Кытай жаңы колонияларга ээ болууда башка колонизаторлор менен атаандаштыкты баштайт дегени эле.
Ошентип, Кытай өзүнө караштуу региондон сыртка кеңейүү стратегиясын кабыл алды.
Ⅱ Кыргызстандын көз карандылык негиздери
1. Россия-Кыргызстан:
Саясий жактан алганда, Кыргызстан жетекчилери бийликке Россиянын макулдоосу менен келет. Тышкы мамилелер Россиянын тышкы саясаты алкагында алып барылат. Ал тургай, Россиянын ички иштерибизге аралашуусуна да эч бир тоскоолдук жок. Экономикалык жактан, Кыргызстан тышкы соодасындагы Россиянын үлүшү 23%. Аскерий жактан, Кыргызстанда Россиянын төрт аскерий объектисин бириктирген аскердик базасы бар. Кыргызстандын курал-жарак камсыздоосу Россияга гана таандык.
2. АКШ-Кыргызстан:
Саясий жактан, Кыргызстанда жетекчилер дайындалышына АКШ түздөн-түз таасир этпейт. Бирок, анын кадрлары саясий элитада, бийлик мансаптарында улам арбып баратат. О.э. маалымат каражаттары жана бейөкмөт уюмдары калкка таасир өткөрө ала турган деңгээлге чыккан. Экономикалык жактан араб мамлекеттери жана Түркиянын кирип келиши аркылуу кыйыр таасирге ээ болуу ыкмасын да ишке салган.
3. Кытай-Кыргызстан:
Кытай Кыргызстанда саясий жактан түздөн-түз таасирге ээ эмес. Бирок, акчасы менен саясатчыларды өзүнө тартып келет. Экономикалык жактан, Кытай Кыргызстандын тышкы соодасында 1-орунда (32%). Учурда Кыргызстандагы сырттан келген инвестициялар көлөмүнүн 40%ы Кытайга таандык. Кыргызстандын Кытайга карызы &1.7млрд (тышкы карыздын 42%ы).
Кытай колонизаторлугунун башкы максаты башка колонизаторлордукунан айырмаланат. Башка колонизаторлор үчүн сырьелук база, арзан жумушчу күчү, базар зарыл. Ал эми Кытайдыкы андан өзгөчөлөнөт. Арзан жумушчу күчү жаатында айтсак, Кытайда бекер жумушчу күчү толтура. О.э. азырынча Кытай сырьелорубузду алып, базарыбызды ээлеп жатканы менен, бирок, анын башкы максаты – жер басып алуу. Анткени, басып алгандан кийин, бардыгы анын мүлкүнө айланат. Ошондо өзүнүн ашып-ташып жаткан калкын алып келет да, аларды биздин жерге жайгаштырат. Ага жетүүнүн жолу азыркы Кытай мусулмандарына карата жүргүзүлүп жаткан саясаттан көрүнөт. БУУ эсеби боюнча, азыр кытай лагерлеринде кармалган адамдардын саны миллиондон ашат. Демек, Кытай Кыргызстандын жумушка жарактуу жарандарын бир эле лагерге сыйдыра алат, ошону менен, алар бекер иштеп бере турган кулдарга айланышат, ал эми жерлери кытай келгиндердин менчиктерине айланат. Аллах мындан сактасын
Ⅲ Элден талап кылынган саясий аракеттер
1) Мамлекет канчалык алсыз болбосун, мамлекет болгондон кийин анын бийлиги болот. Бул бийлик башка тарапка канчалык малай болбосун, баары бир ал өз элинин колдоосуна таянат. Анткени, эл болбосо эч кандай бийлик да жок. Ошондуктан, эл мамлекет үчүн маанилүүлүгүн түшүнүшү керек жана акы-укуктарын жетиштүү деңгээлде талап кыла алуулары зарыл. Бул маселе т.а. кытайларга көз каранды болуу же болбоо маселеси – жалпы элдин маселеси. Эгер эл муну жалпыбыздын маселебиз деп түшүнбөсө, анда эртең алардын ар бири кытайга кул болот. Ошондуктан, бул жаатта калк бийликти катуу тергеп-тескеши керек. Муну менен, бийлик элге эсеп-китеп бере турган болсун.
2) Кытай баскынчылыгын айрым көрүнүштөр аркылуу даана сезип жатсак да, бирок, бул жетишсиз. Биз бул коркунучту пикирий түшүнүп жетишибиз зарыл. Ал үчүн бийликтен Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы келишимдерди ачыкка чыгаруусун талап кылышыбыз керек. Мында “мамлекеттик сыр” деген шылтоо өтпөйт. Кулчулукка алып бара турган “сыр”лардын бизге кереги жок. Бийлик адамдарынын арасынан эл тарабына өтүп, келишимдерди ачыкка чыгаруучу эр азаматтар чыгат, буюрса. Анткени, алар да биздин перзенттер. Бир кездерде алар бул келишимдерди эл үчүн пайдалуу деп эсептеген болушу мүмкүн, бирок, анын зыяндуулугу айкын болгондон кийин, ал азаматтар калк кызыкчылыгына кызмат кылууга кайтышат. Кимде-ким ушундан кийин да, келишимдердин ачыкка чыгышына жана күрөшкө каршы чыкса, анда алар саткындар эсептелишет. О.э. мындай келишимдердин кесепеттеринен кабардар болгон мурунку чиновниктер бар. Алардан да шектүү келишимдерди ачыктап беришин талап кылуу керек. Келишимдердин жалаң пайдалуу көрүнгөн жактарын ачыктоо, же айрым бир гана келишимдерди жарыялоо жарабайт, балким, бардыгын ачыкка чыгаруу керек. Анткени, алар эли-жердин үстүнөн чыгарылган өкүмдөр. Мына ушундай ачыктоолордон соң, бизди кандай коркунуч, качан, кай жосунда күтүп жатканын анык биле алабыз. Мына ушундан кийин гана, бул баскынчылыктан кутулуу пландарын, иш-чараларын так иштеп чыгуу мүмкүн болот.
Демек, бийлик келишимдерди ачыкка чыгарып, алардан чыгып кетүү, аларды зыянсыздандыруу чараларын көрсөтсүн. Антпесе, эл талап кылсын.
3) Башка колонизаторлордун кызыкчылыктарына кызмат кылып калуудан сактануу керек
а) Америка Кытайга каршы калктын кыжырдануусун жаратууда жан үрөп аракет кылууда, бирок купуя түрдө. Бул жолдо өзүнө караштуу маалымат каражаттарын, интернет троллдорун ишке салып жатат. Алар элди туйгуландырууга басым жасап жатышат. Бир күнү калктын кыжырдануусу бышып жетилгенде, АКШ дагы бир ыкмаларын ишке салып, өлкөдө баш-аламандык жаратууга киришет. Мындай баш-аламандык Кытайдын кирип келүүсүнө албетте тоскоолдук жаратат. Бирок, бул нерсе калкыбыз үчүн үлкөн кыйынчылыктарды алып келери шексиз. Лекин, андай абал Американы ойлондурбайт, ал эч кандай жоопкерчиликти албайт.
б) Россия да Кытайдын кирип келүүсүнө тымызын каршы, бирок, ал да каршылыгын кыйыр түрдө кылат. Буга 2016-жылкы Казакстан окуясы жаркын далил боло алат. Ошол кезде казак бийлигинин кытайларга жер бериши Казакстан калкынын кыжырын кайнаткан эле. Россия мындан пайдаланып, өз кишилери аркылуу адамдарды көтөрө алды. Казак бийлиги көтөрүлүштү аёосуз бастырып, анын аягын “террористтерге” буруп жиберди. Муну менен көтөрүлгөн элди коркутуп, калгандарын алаксытып койду. Ал эми Россиянын көздөгөнү болсо жүзөгө чыкты, казак бийлиги кытайларга жер берүүгө мораторий киргизип, артка чегинди. Кытайдын кирип келүүсү убактылуу болсо да аркага сүрүлгөндөй болду. Бирок, ал жең ичинен уланып жатат. Натыйжаны карасак, запкы тарткандар казак жарандары эле болуп калды.
Ушулардан улам, күч же курал колдонууга чакыруучу тараптардан, баш-аламандыкка алып аракеттерден алыс болуу керек. Ошондуктан, Кытайга каршы үгүттөгөн кайсы тарап болбосун, алардан келечекти анык көрсөтө ала турган долбоор талап кылуу зарыл. Алар долбоор көрсөтүшсүн же алгылыктуу долбоорго келип кошулушсун.
в) Провокациялар Кытайга малайлык кылып жаткан бийлик өкүлдөрү тарабынан болуусу да мүмкүн. (Албетте, алар муну жашыруун түрдө бирөөлөрдүн колу менен кылышат). Жана мунун шылтоосу менен элди бастырышат. Буга Кытай кызыкдар.
г) Күрөш жалаң гана саясий иштер аркылуу болуусу керек (билдирүүлөр, кайрылуулар, конференциялар, тынч митингдер, комитет, комиссиялар түзүү, жолугушуулар уюштуруу ж.б.у.с.). Бийлик – бизден өкүл. Кытайга каршы саясатты эл түздөн-түз жүргүзө албайт. Аны бийлик аркылуу гана алып бара алат. Ошондуктан, саясий иштердин багыты бийликке каратылат. Ушул эле учурда, саясий иштер бийлик менен элдин арасын ажырата турган эмес, балким, эл менен бийликти бириктире турган, аларды биргеликте Кытайга каршы багыттай турган иш-амалдар болуусу зарыл. Талкуулар хикматтуу (далилге таянган) жана акаараттарсыз алып барылышы лазым. Эгерде бийлик элге карата күч колдонуп баштаса, анда бул балекет болот. Анткени, бардык колонизаторлордун күткөнү ушул. Алар элди бийлигине кайраштырып коюп, алсыраган өлкөдө өз билгендерин кылууга өтүшөт. Ошондуктан, бийликтин элге карата күч колдонуусуна саясий иштер аркылуу тоскоолдуктар коюлушу керек. Мисалы, азыр айрым бийлик өкүлдөрү – келишимдерде алган милдеттенмелерине ылайык – Кытай кызыкчылыктарын коргоого кызмат кыла башташты. Президент баш болгон чиновниктер Кытайдын колонизатор эместигин далилдеп берүүнүн ордуна (негизи, эч качан далилдей албайт), ишенимсиз жүйөлөр аркылуу Кытай колонизаторлугун актоочу аракеттерге өтүштү.
Эми мындайда сабырдуулук менен, алардын өз калкына кыянат кылып жатышканын саясий иштер аркылуу жеткирүү керек.
Демек, бийлик өз элине каршы иштерди алып барбасын жана колонизаторлордун айла-амалдарынан коргоп берсин. Эл муну катуу туруп талап кылсын.
Ⅳ Саясий аң-сезим
1. Саясий аң-сезим – бул бүткүл дүйнөгө белгилүү бир нуктадан туруп кароо. Мусулмандар дүйнөгө, андагы окуяларга карата Ислам акыйдасынан гана туруп карашы керек. Ислам боюнча, колонизаторлуктун ар кандай көрүнүшүнө каршы күрөшүү важиб эсептелет. Колонизаторлуктан коргой турган Исламий мамлекетибиз жок чакта, колонизаторлор саясий-экономикалык жолдор менен кирип келе жатса, аларга каршы саясий күрөш алып барышыбыз фарз. Ошондуктан, мусулмандар исламий саясий аң-сезимге ээ болуулары үчүн, нукура Исламды тездик менен тунук үйрөнүүгө аракет кылуулары керек. Негизи, мусулман жарандарыбыздын өз Исламын үйрөнүүгө талпынуулары күч. Бирок, колонизатор кафирлер жана алардын малайлары ага каршы каршы ар кандай тоскоолдуктар коюп келишет. Мына ошондуктан, элибиз алардан аттап өтүүлөрү шарт.
Демек, бийлик Исламды үйрөнүп-үйрөтүү иштерин жолго койсун о.э. дааватчылар менен элдин ортосундагы тосмолорду алып таштасын. Мындай кылбаса, калк талап кылып алсын.
2. Мусулмандар үчүн бул күрөш улутчулдук же мекенчилдик ураандарына негизделиши жайиз эмес. Ооба, мындай туйгулар жана алардан келип чыккан пикирлер адамдар арасында бар болсо да, бирок, күрөш аларга негизделбеши керек. Анткени, Ислам аларды арам кылат. О.э. мындай нерселер негиз болууга жарабашы турмуш чындыгынан да көрүнүп турат. Мисалы, кыргыз улутчулдук ураанынын каршысында кыргыз улутундагы кыздар кытайларга тийүүдө жарышып жатышат. Мекенчилдик каршысында, жарандарыбыз кытайдын арзыбаган акчасына жерлерин сунуштап жатышат. Булардан сырткары, мындай ураандар Кытай баскынчылыгынан кутулууда зарыл болгон иш-чараларды толук белгилеп бере албайт.
Демек, бийлик элди чалгытуучу пикирлер менен адаштырбасын жана күрөш үчүн Ислам көз карашын негиз кылып алсын. Буга каршы же кайдыгер болсо, эл талап кылып алышы керек.
3. О.э. күрөш демократия маскасын кийген капитализмге негизделбеши керек.
Биринчиден, бүгүнкү баскынчылык көрүнүштөрүнүн бардыгы ушул капитализмдин “мөмөлөрү”. Капитализмди дүйнөгө өкүмдар кылуунун жолу – колонизаторлук. Мына ушул колонизаторлук себептүү биз державалар ортосунда талашка түшүп олтурабыз.
Демек, бийлик капитализм жүзүн жашырбасын жана күрөшкө аны негиз кылып албасын.
Ⅴ Зарыл чаралар – учур чечимдери
1. Мамлекет ичиндеги мамилелерге тиешелүү чаралар
1) “Эгемендүүлүк” доорунан бери Кыргызстандын күндөлүк турмушу Кытайга кыйла байланып калганы анык. Буга жетекчилерибиздин сокур саясаты себеп болуп калды. Эми, Кытайга каршы алып барган саясатыбыз Кытай менен мамиле курчушуна алып барат. Бул албетте элдин жашоосуна кандайдыр бир деңгээлде кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн. Мына ошондо эл мындай абалдарга карата даяр болуулары керек. Кыйынчылыктарга сабыр кылуулары даркер. Анткени, мунун акысына кулчулуктан кутулууну “сатып алышат”. Мисалы, азыр жетекчилерибиз элге кошулса жана Кытайга каршы саясатты колдоп чыгышса, албетте турмушубузда кыйынчылыктар жаралат. Ошондо калк бул үчүн кайра бийликтегилерди айыптап чыгуулары мүмкүн. Балким, ушул үчүн да айрым жетекчилер бул саясатты өздөрү жетектеп кетпей жаткандыр. Ыхтымал, алар элге ишене албай жаткандыр. Ошондуктан, бийлик эл менен биргеликте ар кандай кыйынчылыктарга даяр болуулары керек.
2) Кытай менен мамиленин курчушунан пайда боло турган кыйынчылыктардын бири соода тармагында болот. Анткени, импорт товарларыбыздын эң көп бөлүгү Кытайдан келет (38%). О.э. Кытай инвестициясынын тыйылышы себептүү да кыйынчылыктар келип чыгат. Мисалы, жумушсуздук көбөйүүсү сыяктуу. Бирок, бул кыйынчылыктардан коркуп, Кытай баскынчылыгына каршы чыкпай коюуга болбойт. О.э. күрөштөгү ар кандай кыйынчылыктарды өзүбүздөгү жакшылыктар менен жеңип өтүшүбүз керек. Ошондуктан, биз пайдапарас капитализмдеги ата балага каралашпаган өзүмчүлдүктү таштап, Ислам буйруган кайрымдуулукту калыптандыруубуз зарыл. Эң оболу байлар зекетти толук өтөшү фарз. Андан кийин, өздөрүнүн негизги мухтаждыктары кандырылышына ыраазы болуп, калган байлыктарын башка садакаларга жумшоолору зарыл. Муну менен бул дүйнөдө да, ахиретте да азиздикке жетишишет. Эгер андай кылышпаса, Кытай басып алгандан кийин байлыктарын кытайлар тартып алышат. Бул жеке адамдарга тиешелүү.
Мамлекет болсо байлык капиталисттердин гана колунда топтолуп кала турган абалдарды жоюп, бардык жарандардын негизги мухтаждыктары кандырыла турган саясат алып барышы керек.
3) Мамлекеттеги бай адамдар эң оболу байлыктарын өндүрүшкө салуулары керек. Негизи, Кыргызстан калкы көсөмдүк жетишсиздигинин азабын тартып келүүдө. Эң эле жөнөкөй мисал, ушул убакка Кытайдан эт азыктары импорттолуп келди. Мисалы, 2017-жылы Кытайдан эң көп акчага эт азыктары импорттолгон (&7 000 000). Бирок, 2018-жылы тыюу салынып, таптакыр киргизилбей койду эле, мына өзүбүздө эт өндүрүү өсүп кетти (бир жылда 140 миң тоннага көбөйдү).
4) Кытайдан алган карыздарыбыздын ири бөлүгү коррупционерлер капчыгына кирип кеткен. О.э. айрым чиновниктер кыянатчыл келишимдерге кол койгону акысына кытайлардан пара алуу менен байышкан. Алар бул каражаттарды ыхтыярдуу түрдө тапшырышы керек. Болбосо эл аларды мажбурий алып коюуга кудуреттүү. Кайтарылган каражаттар Кытай карыздарлыгынан кутулууга жумшалат (о.э. белгилей кетсек, карыз эсептешүү учурунда, кытай кредиттерин иштетүүдө кытай компаниялары кайра өздөрү алып койгон суммалар да эске алынышы шарт).
5) Кээ бир байларыбыздын байлык башаты Союздан калган байлыкты менчиктештирип алганына барып такалат. Негизи, ал байлыктар элдики болчу, бирок, алар капитализм себептүү бир ууч адамдар колуна өтүп кеткен. Муну ошол байлардын өздөрү сезишсин жана элге өткөрүп беришсин. Болбосо эл мажбурлап “сездирип” коюшу мүмкүн.
6) Булардан сырткары, өз мээнети менен байлык арттырган адамдарыбыз бар. Алардын кээ бирлери чет өлкөлөрдө инвестор болуп жүрүшөт. Аларды өлкөгө кайтып келүүгө, өнөржайлар ачууга шыктандыруу керек.
2. Тышкы мамилелерге тиешелүү чаралар
1) Коңшулаш мусулман өлкөлөрүндөгү бир туугандарыбызга Кытай Кыргызстанды эле эмес, балким, бүткүл Орто Азияны басып алууга аттанганын түшүндүрүшүбүз зарыл. Алар муну түшүнүп жетсе, акимдеринен чегараларды ачып коюуну талап кылышат. Мусулмандар ортосуна тартылган чегаралар ачылышы менен турмуштагы көптөгөн мүшкүлдөр чечилип кетет. Эгер мусулман бир туугандарыбыз улутчулдук же мекенчилдик азгырыктарына азгырылышса, анда эртең алар дагы кытайларга кул болушат.
2) Алыскы мусулман бир туугандарга кайрылуу
Түркия, араб өлкөлөрү ж.б. мусулмандар өлкөлөрүнөн карыз алуу керек. Өнөр жай товарлары киришине шарттар жаратылышы зарыл. Негизи, алардын айрымдары азыр деле инвестиция салып, соодаларын жүргүзүп жатышат. Эл аралык саясаттан алганда, Америка алар аркылуу да кирип келмекчи болууда; жекече алганда, алардын бизнесмендери байлыктарын өстүрүү үчүн ишкердик кылып жүрүшөт. Эгер ошондой кыйын кырдаалда алардын бийликтери жардам берүүдөн баш тартышса, анда бүткүл мусулмандарга кайрылуубуз керек, ошондо ал бир туугандарыбыз бийликтеринен жардам берүүнү талап кылышат.
Демек, мамлекеттин бул жаатта прогаммасы болсун. Болбосо, эл талаб кылып, аны түзүүгө жардам берсин.
Булар ошол учурдагы абалдан чыгаруучу чечимдер болду.
Ⅵ Түпкү чечим
1. Кытай колонизаторлугунан кутулуунун түпкү чечимин Эл аралык уюмдардан күтпөө керек. Анткени, эл аралык уюмдар ушул колонизатор державалардын өкүмдарлыгын камсыздап туруу үчүн түзүлгөн. Мисалы, Кытайдын уйгур жана башка улуттагы мусулмандарга карата кылып жаткан зулумдары үчүн БУУ эмне чара көрө алды? Эч кандай чара көрө албайт, анткени, Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү!
2. Америкага таянуу да кутулуубуз үчүн түпкү чечим боло албайт. Анткени, ал да Кытай сыяктуу эле колонизатор. Анын Афганистан, Иракта эмнелер кылганын өз көзүбүз менен көрдүк. Бул нерсе Трамп кабыл алган ураандан да көрүнүп турат: “Баарынан биринчи – Америка!”
3. Россияга сүйөнүү да түпкү чечим эмес. Анткени, анын өзү да Орто Азиянын эски колонизатору. Бирок, ал Кытай алдында алсырап баратат. Кытай менен болгон алакасындагы үлкөн кызыкчылыктар себептүү, ал Кытайга Кыргызстанды ачып койду. ЕАЭБ аркылуу экономикалык жактан, ЖККУ аркылуу аскерий жактан кыйыр түрдө тоскоолдук жаратууга урунганы менен, ДСУ, ШКУ ж.б. жолдор аркылуу Кытай кирип келип калган. Анын үстүнө, Россия Кыргызстанга өзүнүн мүлкү катары карайт. Эгер эртең кандайдыр бир кызыкчылык талап кылып калса, анда Кыргызстанды Кытайга кармата салышы деле талашсыз.
4. Мурун иш эмне менен оңолгон болсо – бузулгандан кийин – кайра ошону менен оңолот. Набий с.а.в. пайгамбар болуп келгенде, арабдар уруу-урууга бөлүнгөн, бытыранды калк эле. Ал кезде Византия биринчи мамлекет болуп, ага Фарс империясы атаандашчу. Арабдар аларга көз каранды болгон. Расул а.с. Мадинада Исламий Мамлекет тикеледи. Андан кийинки халифтери Исламды даъват жана жихад аркылуу жайып, Фарс империясын кулатты, Византия жерлерин арты-артынан фатх кылышты. Максад элдерди кул кылуу эмес, аларды жахилият караңгылыгынан Ийман нуруна, залимдер зулумунан Ислам адилетине алып чыгуу болду. Ар түрдүү улуттагы элдер Исламды кабыл алышты, алар да Исламы менен азиз болушту.
Мусулмандар качан мамлекетте Исламды жакшы колдонушса, азиз болушту. Акыбетте, батыштан Испанияга, чыгыштан Индонезияга чейинки жерлер исламий диярларга айланды. Мусулмандар качан Исламды бузуп колдонгондо болсо, кор болушту (кресттүүлөр жортуулу, монголдор жапырыгында болгону сыяктуу)
Андан кийинки усманийлер Исламды жакшы колдонгондо, Константинополь фатх кылынып, андан ары Австрияга чейин жетип барышты. Исламды бузуп колдонушканда, Батыш державалары тарабынан басып алынды. Мусулмандар майда мамлекетчелерге бөлүп ташталып, колонияларга айланышты.
Демек, мусулмандар иши – аларды коргоочу калкан – Исламий мамлекетти тикелөө менен оңолот. Дүйнөдөгү бир жарым миллиард мусулмандын башын бириктирүүчү бул мамлекет – империалисттик державалардын зулумуна чек коюп – кайрадан ааламга акыйкат жана адилетти жаят.
Хизбут-Тахрир – Кыргызстан