Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары 2019-жылга карата кызматташтык планын талкуулашты
Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачылары 2018-жылы аткарылган иштерди жана 2019-жылга карата биргелешкен пландарды талкуулашты. Бул тууралуу “Аvesta” кабарлады.
2018-жылдын 27-28-декабрь күндөрү Кыргызстандын Баткен облусундагы чек ара кызматынын өкүлдөрү менен Тажикстандын Согди облусундагы чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга эки өлкөнүн чек ара постторунун башчылары да катышкан.
Эки өлкөнүн чек арачылары 2018-жылы чек араны биргеликте коргоонун жыйынтыгы жана 2019-жылга милдеттерди талкуулашты. Тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы чатактардын саны азайганын белгилешти. Башкача айтканда, 2018-жылы жети жаңжал катталып, бул көрсөткүч 2017-жылдагыдан аз экендигин билдиришти (2017-жылы он жаңжал катталган).
Чек ара өкүлдөрүнүн белгилешинче, чек ара кызматтарынын ортосундагы мамилелер кызматташтыктын жаңы деңгээлине көтөрүлдү, мында чек арада жүз берип жаткан проблемалар чек ара посттору деңгээлинде, жеринде ыкчамдык менен чечилип жатат.