Кения өкмөтүнүн аткаминерлери мамлекет ресурстарын талап-тоноодо мелдешүүдө

336
0

Кения президенти Ухуру Кениатанын тактысын силкинткен жана өкмөттүн эң жогору тепкичине чейин жетип барган коррупциялар, айрыкча, өлкөдөгү нефть түтүктөрү компаниясында 11 миллион литр нефтинин жоголгону туурасындагы маалыматтар артынан Хизб-ут-Тахрир–Кения басма сөз билдирүүсүн чыгарды. Билдирүүдө Кения өкмөтүнүн аткаминерлери адамдардын турмуш даражасын жакшыртууга аракет кылуунун ордуна, мамлекет мүлктөрүн уурдоо үстүндө жарышып жатканы баса белгиленген. Билдирүүдө айтылгандай, жогору кызматтагы жетекчилердин камакка алынышы саясий оюн болуп, муну менен катардагы адамдарды алдоо жана капиталисттик системада коррупцияга каршы күрөшүү мүмкүн деген ойду пайда кылуу көздөлгөн. Кениядагы капиталисттик система материалдык пайданы турмуштагы жалгыз өлчөө кылып белгилеген. Бул система коомду, айрыкча, жогору кызматтагы жетекчилерди коррупциячыл келишимдер аркылуу өлкө байлыктарын уурдоо менен нафсилерин кандырууга үндөйт. Билдирүүнүн соңунда мындай делет: «Мамлекет жетекчилеринин коррупция проблемасын Халифалык мамлекетиндеги Исламдан башка негизде чечип болбойт. Ушул мамлекетте халифа шаръий өкүмдөрдү аткарат, мамлекет мыйзамдары ушул өкүмдөр негизинде иштелип чыгып, мамлекеттин ресурстарынан кандай пайдалануу жана сарптоо жолдору белгиленет. Мындан тышкары, Ислам мамлекет жетекчилери ишке дайындалышынан мурда жана иштен кетип жатканда алардын мүлктөрүн эсептөөнү буйруган. Аким же башка аткаминерлердин шектүү көбөйгөн мүлкү конфискацияланып, Байтулмалга тапшырылат. Ошондуктан, Кениядагы жана бүткүл дүйнөдөгү  коррупцияга, мыйзамсыз байлык арттырууга Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекети гана чекит коёт.

Роя гезити, 2018-жыл, 19-декабрь, №213.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here