Кафир Батыш бардык нерседе бири-бири менен келише албайт, бирок Ислам жана мусулмандарга каршы душмандыкта тили бир

366
0

Хижрий 1440-жылы 6-робиус-саний, миладий 2018-жылы 13-декабрь күнү RT сайты ушул кабарды жарыялады:

«АКШ тышкы иштер министри маалымдашынча, Вашингтон Россия «туруктуулукту бузуп жатканына» тынчсызданып жатканына карабастан, Кошмо Штаттар Россия менен «терроризмге» каршы күрөшүү үчүн маалымат алмашууга кызыкдар.

Бейшемби күнү Венада Россия тышкы иштер министринин орун басары Олег Сыромолотов менен анын америкалык кесиптеши Жон Салливан ортосунда болуп өткөн жолугушуу артынан билдирүү жарыяланды. Билдирүүдө: «Россиянын туруктуулукка зыян жеткирген аракеттеринен тынчсыздануулар болуп жатканына карабастан, Кошмо Штаттар Россия менен маалымат алмашууга аракет кылууда, себеби, бул Кошмо Штаттарды, анын калкын жана кызыкчылыктарын террористтик чабуулдардан коргоого байланыштуу», – деп айтылат.

О.э. билдирүүдө россиялык жана америкалык эксперттер чогулуп, терроризмге каршы күрөш боюнча кызматташтыкты улантууну талкуулоосу баса белгиленген».

Роя гезити:

Россия менен АКШ ортосунда тарыхий душмандык бар. Эки мамлекеттин кызыкылыктары да бири-биринен айырмаланат. Бирок, ага карабастан, аларды да, башка колонизатор ири кафир мамлекеттерди да бир нерсе бириктирип турат, ал – Ислам жана мусулмандарга карата душмандык, Исламга «терроризм» тамгасын жабыштыруу. Түпкүлүгүндө, чыныгы террористтер мына ушул мамлекеттер өзүлөрү. Кантип аларды террорист деп атабайлы, акыры, көптөгөн мусулман өлкөлөрүндөгү коркууга, кабатырга, кыргын жана ойрондулуктарга ушул мамлекеттер себепкер эмеспи?! Мусулмандарга каршы мусулман өлкөлөрүндө согушуп жаткандар да, Сирияда америкачыл жуундукор Башар Асадды сактап калуу үчүн мусулмандарды бомбалап, кыргын кылып жаткандар да ушул мамлекеттер, өзгөчө, Америка жана Россия эмеспи?! Эмне үчүн Американы террорист дебейли, акыры, ал Ямандагы согуштун башында туруп, ушул согуш аркылуу миңдеген эркектерди, аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды кырып, качкынга айлантпадыбы?! Ливиядагы мусулмандарды кыргын кылып жаткандар Британия менен Европа эмеспи?! Чыныгы террористтер ушулар эмеспи?! Аллах Таала айтат:

كَيْفَ وَإِن يَظْهَرُوا عَلَيْكُمْ لاَ يَرْقُبُواْ فِيكُمْ إِلاًّ وَلاَ ذِمَّةً

«(Аларда) кандай (убада-шерт) болсун? Акыйкатта, алар эгер үстүңөрдөн жеңишке жетишсе, силер туураңарда убадаларында турушпайт» [9:8]

Роя гезити, 2018-жыл, 19-декабрь, №213.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here