Ушул жылдын 17-декабрында Иордания коопсуздук кызматы Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бири шейх Яхя Хабасты камакка алды. Анын үйүндө тинтүү өткөрүлүп, Яхя Хабас Заркидеги разведка бөлүмүнө алынып кетти. Ал жерде сот Яхя Хабаска Хизб-ут-Тахрирге мүчө деп айып койду. Судья шейхти азат кылуу туурасында токтом чыгарган болсо да, бирок, коопсуздук кызматы ал боюнча Зарки губернаторуна кайрылышты. Өз кезегинде, губернатор шейхтин жашына, кадыр-баркына, камакка алынышына Ислам даъватын жеткиргенден башка себеп болбогонуна этибар бербестен, шейхти Марка түрмөсүнө таштады. Губернатор даъватты жеткирүүнү, Ислам өкүмдарлыгын орнотууга аракет кылууну кылмыш деп эсептейт!
Шейх Яхя мечит имамы, Куръани Каримдин тилават жана тажвид өкүмдөрүнөн таалим берген жана жакшы адам катары белгилүү. Ушундай инсан бүгүн кылмышкер катары мыйзамдын туткуну болууда!
Бул сөздөр Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаятынын басма сөз билдирүүсүндө келген. Билдирүүнүн соңунда мындай делет: Иордания коопсуздук кызматынын бул сыяктуу кылмышы Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн кайратын сындыра албайт. Алар Пайгамбарыбыз Aдын минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо аракетин улантат.
وَسَيَعْلَمُ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَيَّ مُنقَلَبٍ يَنقَلِبُونَ
«Залим кимселер кандай акыбетке карап бара жатышканын жакында билип алышат» [26:227]
Роя гезити, 2018-жыл, 26-декабрь, №214.