АКШ Украина аскерлерине каржылык жардамды көбөйтөт

348
0

АКШ Украина аскерлерине каржылык жардамды көбөйтөт

АКШ Мамлекеттик департаменти Кара деңизде жүз берген окуядан кийин, Украинанын аскер-деңиз күчтөрүнө кошумча 10 миллион доллар берүү боюнча чечим кабыл алды. Бул нерсе, Россия Украинанын үч кемесин жана алардын экипажын кармаганы себептүү жүз берди.

АКШ Мамлекеттик департаменти: “Биз муну Украинадагы коопсуздукка жардамды күчөтүүнү чечкен Литва жана Британия менен биргеликте ишке ашырып жатабыз”, – деп кабарлады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Россияны “кармалган кемелер менен анын экипаждарын тездик менен Украинага кайтарууга” чакырган.

2019-жылы АКШ Украинанын аскерий тармагына 250 миллион доллардык жардам берүүнү пландаштырууда. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here