“Талибан” Афганистанда жеңишке жетүү мүмкүн эместигин моюнга алды
РИА “Новости” агенттиги АКШ мамлекеттик катчысынын Афганистандагы атайын өкүлү Залмай Халилзаддын билдирүүсүнө таянып: “Талибан” кыймылы Афганистандагы кырдаалдын аскерий чечими жоктугун жана жеңишке жетүү мүмкүн эместигин моюнга алды, – деп кабарлады.
Халилзад талиптердин: “Биз проблеманы чечүү үчүн алгач АКШ менен, андан кийин Афганистан өкмөтү менен жолугушуу өткөрүшүбүз керек”, – деген сөзүн журналисттерге жеткирген.
Абу-Дабидеги талиптер менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөргө АКШ, Бириккен Араб Эмираттары, Саудия жана Пакистандын өкүлдөрү катышкан. О.э. Афганистан өкмөтүнүн делегациясы келген, ал “жабык сүйлөшүүлөргө” даярдык көргөн эле, бирок талиптер бул сунушту четке кагышкан. Аталган жолугушууда тараптар Афганистанда үч айлык тынчтык орнотуу маселесин талкуулашкан.
Белгилүү болгондой, Афганистанда тынчтык орнотуу маселеси Өзбекстандын тышкы саясатынын активдүү багыттарынын бирине айланган. Мындай болушуна бир катар социалдык, саясий жана экономикалык себептер бар. Ташкентте үстүбүздөгү жылы Афганистанда тынчтык орнотууга арналган бир нече эл аралык конференциялар болуп өттү. Алардын эң маанилүүлөрүнүн бири – ноябрь айында Афганистанда тынчтык орнотуу боюнча Афганистан, Пакистан жана Өзбекстандын катышуусунда үч тараптуу комиссиянын түзүлүшү болду. Эл аралык эксперттердин билдиришинче, аталган комиссия Афганистанда тынчтык орнотууда маанилүү рол ойношу керек.