Путин заманбап курал-жарактары менен мактанды
Россия президенти Владимир Путин Россиянын жаңы куралдары өлкөнүн армиясы жана деңиз күчтөрүнүн потенциалын күчөтүп, күчтөр тең салмактуулугуна жана глобалдык туруктуулукка салым кошорун билдирди. Путиндин бул сөздөрү Россия Коргоо министрлигинин жыйынында айтылды. Путиндин айтымында, бул абал милитаристтерди (ар бир маселени аскерий жол менен чечүү тарапкерлери) ойлондуруп коёт.
“Армиянын жаңы куралдары алдыдагы 10 жыл үчүн Россиянын коопсуздугун катасыз жана анык көрүнүштө камсыздайт. Күчтөр таразасын, башкача айтканда дүйнөдө туруктуулукту бекемдейт. Жаңы системаларыбыз, милитаристер жана агрессивдүү сөздөргө көнүп алгандарды ойлонууга мажбур кылат деп үмүттөнөм”, – деди Путин.
Путин Россиянын коргонуу мүмкүнчүлүктөрү жана коопсуздугун күчөтүү о.э. аны тышкы коркунучтардан коргоо негизги милдеттерден экендигин айтып, мунун маанисин саясатчылар, чиновниктер, коомчулук жана бардык жарандар жакшы түшүнө тургандыгын белгиледи.
Путин: “Глобалдык теңдикти камсыздоодо маанилүү рол ойногон биздин ядролук системабыз сезиле турган деңгээлде бекемделди”, – деди.
Дүйнөдө окшошу көрүнбөгөн куралдардын өнүктүрүлүшүндө олуттуу жана маанилүү кадамдарды таштагандарын айткан Путин, «Авангард» ракеталык системасынын сериалуу чыгарылышы башталганын, «Сармат» континенттер аралык баллистикалык ракетанын сыноосу ийгиликтүү өткөнүн, «Кинжал» гиперсоник ракеталык системасынын милдетин орундатканын, «Пересвет» согуштук лазер системасынын колдонулушу кеңейтилгенин айтты.