Бишкекте Кытайга каршы митинг болуп өттү

416
0

Бишкекте Кытайга каршы митинг болуп өттү

“Кырк чоро” бирикмесинин мүчөлөрү бийликтен өлкөдө мыйзамсыз жашап жүргөн чет өлкөлүк жарандарды 30 күндүн ичинде чыгарып жиберүүнү талап кылды. Бул тууралуу, алар Кытайдын Бишкектеги элчилигинин алдында болуп өткөн митингде билдиришти.

 “Азаттык” радиосунун кабарына таянсак, акцияга 100дөн ашуун адам катышкан. Уюштуруучулардын белгилешинче, Кыргыз жеринде мыйзамсыз жашап жүргөн чет өлкөлүк жарандар 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсү жана 10 жыл ичинде чет өлкөдөн келип кыргыз жарандыгын алгандардын жарандыкты мыйзамдуу алгандыгын аныктоо максатында атайын комиссия түзүү талабы коюлуп жатат.

 О.э. бирикменин төрагасы Замирбек Көчөрбаев бир айдын ичинде бийликтен реакция болбосо, өздөрү рейд өткөрүп, мыйзамсыз жүргөндөрдү аныктай турганын билдирди.

Кечээ күнү митиндин уюштуруучулары билдирүү берип, акцияда Кытайдагы улуттук азчылыктарга карата зордук-зомбулукту токтотууну, “саясий тарбия берүүчү” лагериндеги этникалык кыргыздардын камакка алыныш себептери, алардын мыйзамсыз иштери боюнча коомчулукка ачык жарыялоону талап кыларын айтышкан.

Акыркы кездерде, Шинжаңда улуттук азчылыктар куугунтукталып жана кайра тарбиялоочу лагерлерде кармалып жатканы туурасындагы кабарлар себептүү Кытай мамлекети дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда болуп калды. Ал лагерлерди расмий Пекин “кесипке үйрөтүүчү борборлор” деп, ал эми укук коргоочулар болсо “саясий тарбия берүүчү лагерлер” деп аташат. Кабарларда келишинче, ал лагерлерде бир миллионго жакын адам кармалууда.

Кытайдагы “кайра тарбиялоо лагерлеринде” этникалык кыргыз, казак жана уйгурлардын кармалышына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу максатында Бишкекте бир нече жолу пикеттер болуп өттү.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында Кытайдагы этникалык кыргыздардын абалы туурасындагы суроого жооп берип, бул маселени чечүүдө Кыргызстан этияттык менен жандашуусу керектигин белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here