Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду

456
0

Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду

Ошто өтүп жаткан Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйыны 18-декабрь күнү аяктады.

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча жыйынтык протоколго жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду.

Документтерге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстан  Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшту.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, жол картасында соода, өнөр жайда биргелешкен кооперация, карантин жана ветеринария тармагында кызматташуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, эл аралык кызматташуу жана башка маселелер кирген конкреттүү кадамдар жана мөөнөттөр камтылган.

Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облус жетекчилер Кеңеши Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2017-жыл, 5-6-сентябрдагы Бишкекке сапарынын алкагында кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн.

Аталган Кеңештин биринчи жыйыны үстүбүздөгү жылдын 29-30-март күндөрү Ферганада болуп өткөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here