АКШ: Асад режимин кулатуу ниетибиз жок

436
0

АКШ: Асад режимин кулатуу ниетибиз жок

АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри АКШнын Сирияда Асад режимин кулатуу ниети жоктугун билдирди.

“Биз негизи таптакыр башка режимди көрүүнү каалайбыз. Бул – режимдин өзгөрүшү эмес; Биз Асаддан кутулууга аракет кылып жаткан жокпуз”, – деди АКШнын Сирия боюнча атайын өкүлү Вашингтондогу “Atlantik Council” кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө.

Жеймс Жеффринин айтымында, учурда мамлекетте 100 миң куралдуу оппозиция бар. Демек, Башар Асад жети жылдык согушта жеңишке жете албаган киши катары келишүүгө жылуу мамиледе болушу керек.

Асад режими, баскынчы Россия жана АКШ башчылыгындагы коалициялык күчтөр биргеликте талкалаган Сирияны кайра калыбына келтирүү үчүн 300-400 миллиард доллар жумшалары күтүлүүдө. Жеффри Сирияда Асад режими менен оппозициялык күчтөр ортосунда келишүү болмоюнча, Батыш күчтөрү жана эл аралык каржы институттары тарабынан материалдык жардам берилбестигин айтты.

Мурдагы президент Барак Обама доорунда Ак үй Башар Асадды кулатуу керектигин тынымсыз айтып келген. АКШ армиясы да Сирияга ошол үчүн киргизилген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here