БУУ Украинанын Крым боюнча резолюциясын кабыл алды

348
0

БУУ Украинанын Крым боюнча резолюциясын кабыл алды

“17-декабрь күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясында Украинанын Крым, Севастополь, Азов деңизи жана Кара деңиздин бир бөлүгү баскынчылыкка дуушар болуп жатканы тууралуу резолюциясы кабыл алынды. Аталган резолюцияга жооп иретинде Россиянын өкүлү “Крымдын маселеси толугу менен жабылганын” билдирди”, – деп кабарлады БУУнун жаңылыктар борбору.

Крымды милитаризациялоо (аскерлештирүү) о.э. Азов деңизи жана Кара деңиз аймактары туурасындагы резолюция Украина делегациясы тарабынан сунушталган. Украинанын тышкы иштер министринин орунбасары Сергей Кислица резолюцияны сунуштап жатып, бардык мамлекеттерди резолюцияны колдоого, Россияны болсо Кара деңизде кармалган үч кемени жана анан 24 экипажын бошотууга чакырды.

Резолюцияда Россия кошуундарынын Крымда турушу Украинанын улуттук суверенитетине, саясий көзкарандысыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнө тескери экендиги о.э. кошуна мамлекеттердин жана Европа аймагынын коопсуздугуна коркунуч туудурушу белгиленген. Анда “Россия Федерациясы баскынчы мамлекет катары Крымды милитаризациялоону күчөтүп жаткандыгына байланыштуу” олуттуу тынчсыздануу билдирилген.

БУУнун Башкы ассамблеясы Россияны кармалган кемелерди, алардын экипаждарын жана жабдыктарын эч кандай шарттарсыз, тездик менен бошотууга о.э. Украинанын Азов жана Кара деңиздериндеги, Керч кысыгындагы навигациялык укук жана эркиндиктерине тоскоолдук кылбастыкка чакырды. Документте Россиянын Керч кысыгы аркылуу “Россия Федерациясы менен убактылуу басып алынган Крымдын ортосунда” көпүрө куруп жаткандыгы караланган.

Резолюцияны 66 мамлекет колдоп, 19 мамлекет каршы, 72 мамлекет калыс добуш берген. Каршы добуш бергендердин арасында Армения, Белорусия  жана Өзбекстан бар. Ал эми, Казакстан менен Кыргызстан калыс добуш берген болсо, Азербайжан, Тажикстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрү катышкан эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here